Эң мыкты инсандар: Абдур-Рахман бин Ауф жана Саъд бин Муъааз • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Абдур-Рахман бин Ауф жана Саъд бин Муъааз

мечитте окулган жума кутбасы

2020-жылдын 26-июнунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабалары Азирети АбдурРахман бин Ауф жана Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анхум)дун улуу мүнөздөрүнүн жагымдуу баяны

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Усман жана Азирети АбдурРахман (разияллааху анхум) Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн өз малмүлкүн сарптай турган Алла Тааланын казыналырынын эки казынасы деп айткан.

Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) «Бадр», «Ухуд» жана «Ахзаб» согуштарында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу катышкан.

2020-жылдын 26-июнунда башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 26-Ихсан күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 26-июнь күнү Амирул-Му’минийн Азирети Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Өткөн кутбада дагы Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) тууралуу сөз болуп жаткан эле, анын калып кеткен бөлүгүн бүгүн айтып берем. Ал (разияллааху анху) абдан кең пейил адам болгон. Ал (разияллааху анху) мен калтырган мурастан Бадр согушуна катышкан ар бир кишиге төрт жүз динардан бөлүштүрүлүп берилсин деген осуятты кылган болчу. Ал кезде Бадр согушуна катышкан сахаабалардын саны жүз болчу. Табук согушунун учурунда мал-мүлк жана унаалар менен камсыз кылууга чакырык болгондо, ал (разияллааху анху) жүз Укуя  (болжол менен төрт миң дирхам) берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Усман жана Азирети Абдур-Рахман (разияллааху анхум) Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн өз мал-мүлкүн сарптай турган Алла Тааланын казыналырынын эки казынасы деп айткан. Бир учурда ал (разияллааху анху) кырк миң динарга жер сатып алып, муктаждар жана УммахаатулМуминийн[1]ге бөлүштүрүп берген. Азирети Айша (разияллааху анха) ал (разияллааху анху) үчүн «Эй, Алла! Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)га бейиштеги «Салсабийл» булагынын шербетинен ичиргин», – деп дуба кылган. Сүйүктүү Пайагмбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Менден кийин үй-бүлөмө камкор боло турган адам чынчыл жана такыба адам болот», – деп айткан. Ошондуктан, Абдур-Рахман (разияллааху анху) УммахаатулМуминийнге аябай камкор болгон жана аларды өтө сый-урмат менен ажылыкка алып барчу.

Бир жолу Медина тамак-аш азыктары азайып, ачарчылыкка дуушар болуп калган. Бул арада Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)нун буудай жана тамак-аш азыктары жүктөлгөн жети жүз төөсү Сириядан келген. Азирети Айша (разияллааху анху) аталган кербендин келүүсүн билгенден кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Абдур-Рахман бейишке тизелеген бойдон кирет деп айтчу деген. Ошондо, Азирети Абдур-Рахман келген тамак-аш азыктарынын баарын, ал тургай, төөлөрдүн чомдорун дагы Кудай жолуна берип салган. Бир учурда ал (разияллааху анху) отузга чукул кулду бир эле күндө эркиндикке бошоткон.

Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)га сен бай адам болгондуктан бейишке жөрмөлөп киресиң, ошон үчүн Алла Тааланын жолунда сарпта деп айткан. Ал (разияллааху анху) эмнени сарпташым керек деп сураганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) колуңда бар нерсени сарпта деп жооп берген. Ошондо, Абдур-Рахман (разияллааху анху) ошол сөзүн ишке ашыруу үчүн жөнөп кеткен. Көп өтпөй, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Абдур-Рахман (разияллааху анху)ну чакыртып, Жабрайыл адамдарды конокто, жакыр адамдарды тамактандыр, сурап келген жана тууган-туушкандарга камкор бол деп айтты деген.

Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) бир жолу кырк миң динар, бир жолу кырк миң дирхам, бир жолу беш жүз жылкы жана дагы бир жолу беш жүз төөнү Алла Тааланын жолуна арнап койгон. Ошондой эле, калтырган мурасынан элүү миң динарды Кудай жолунда жана Уммахаатул-Му’минийн үчүн баасы төрт жүз миң дирхам болгон бир бакчаны берүүгө осуят кылган. Ал (разияллааху анху) 31 же 32-хижра жылы 72 же 78 жаш курагында каза тапкан. Азирети Усман (разияллааху анху) же Азирети Зубайр бин ал-Аваам (разияллааху анху) жаназа намазын окуткан жана сөөгү Жаннатул-Бакиъ[2]де коюлган.

Хузур-э-Анвар сөз кылган экинчи сахааба Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) болчу. Ал (разияллааху анху) Ансардын Аус уруусунун Бану Абдул-Ашхал тармагынан болгон. Ал (разияллааху анху) Аус уруусунун башчысы болгон. Азирети Саъд (разияллааху анху) Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху) аркылуу Ислам динин кабыл кылган. Ал (разияллааху анху) аркылуу Бану Абдул-Ашхал Ислам динин кабыл кылган Ансардын эң биринчи үй-бүлөсү болуп чыккан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху) жана Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху) же Абу Убайда бин ал-Жаррах (разияллааху анху)нун ортосунда диний бир тууганчылыкты түзгөн.

Хузур-э-Анвар Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху)нун Ислам динин кабыл кылуусу тууралуу Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) жазган ой-пикирлерин кененирээк айтып берген. Ислам динин кабыл кылуудан мурун Азирети Саъд (разияллааху анху) ушул жаңы диндин жайылышын жактырган эмес. Бирок, ал Мединада эң биринчи мусулман болуп калган өзүнүн бөлөсү Асъад бин Зурара (разияллааху анху)нун айынан унчукпай жүргөн. Ал (разияллааху анху) өз уруусунун дагы бир сөзү өтө турган адам Усайд бин Хузайрды Ислам дининин даават иштеринен кайтаруу үчүн Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху) жана Асъад бин Зурара (разияллааху анху)га жөнөткөн. Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху) Усайд бин Хузайрга Курани Каримден окуп берип, ага аябай мээримдүүлүк менен Исламдын окуулары менен тааныштарган. Ошондо, Усайд бин Хузайр ошол заматта Ислам динин кабыл кылган. Азирети Усайд (разияллааху анху) Саъдды ал экөөсүнүн алдына жиберген, ал аябай ачууланган бойдон Асъад бин Зурара (разияллааху анху)га кайрылып, сиз тууганчылыктан аша-чаап пайдаланып жатасыз деп айткан. Азирети Мусъаб (разияллааху анху) ага дагы абдан жагымдуу ыкмада даават кылып, Исламдын окууларын түшүндүрүп берген. Натыйжада, Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) дагы Ислам динин кабыл кылат.

Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) жана Азирети Усайд бин Хузайр (разияллааху анху) улуу мартабалуу сахаабалардан болуп саналышчу. Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) тууралуу Мухаажирлердин арасында Абу Бакр (разияллааху анху) кандай даражада болсо, ал (разияллааху анху) Ансарлардын арасында дал ошондой даражада болгон деп жазат.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Мединага көчүп келгенден кийин Меккенин Курайш уруусу тарабынан эки жүздүүлөрдүн лидери Абдулла бин Убай бин Салуулга силер Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га берген башкалкаӊардан баш тарткыла, болбосо силерге жаман болот деген эскертүүдөн турган кат келген. Бул эки жүздүү адамдардын жүрктөрүндө мурдадан эле Ислам динине каршы кастыктар кайнап турган болчу. Ошондуктан, алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы согушууга даярдана башташкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) муну билгенден кийин аларга мени менен салгылашууга чыксаңар, анда өз уулдарыңар, бир туугандарыңар жана аталарыңарга эле каршы согушасыңар, ошол үчүн согуштан кайткыла деп түшүндүргөн. Меккедеги Курайштар өзүнүн ушул максатында ийгиликсиз калышкандан кийин алар Мединадагы яхудийлерди мусулмандарга каршы тукурушкан. Негизинен, Меккедеги каапырлар кандай гана болбосун, Исламдын атын дүйнөдөн жок кылуу ниетинде болушчу. Алар мусулмандарды тынч койбоого бекем ниет кылышкан болчу.

Меккелик каапырлардын кандуу ой-ниеттери тууралуу Бухарий китебинде жазылган бир тарыхий окуядан маалым болот. «Сийрат Хаатамун-Набийин» аттуу китепте кенен жазылган маалыматка ылайык Мединага болгон хижраттан кийин, көп өтпөй Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) Умра[3]га ниет кылып, Меккеге барып Умаййа бин Халфдыкында жашаган жана ага фитна-чагымчылыктан абайлоо үчүн Тавааф[4] учурунда сен дагы жанымда бол деп айткан. Ал (разияллааху анху) түштөн кийин Тавааф кылып жатканда, Абу Жахл да ал жерден чыга калган. Ал Саъд (разияллааху анху)ну көрүп, катуу кыжырланып, ал муртад[5] (Кудай кечирсин) Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га башкалка бергенден кийин коопсуздук менен Каабаны Тавааф кыла алам деп ойлойсуңбу деп айткан.

Азирети Саъд (разияллааху анху) фитна-чагымчылыктан абайлоону каалаган. Ошентсе да, анын тамырларында дагы мамлекеттин каны жана жүрөгүндө ыйманга болгон намысы жалындап турган. Ал кыйкырып, Аллага касам! Эгер бизди Каабадан тыюу сала турган болсоңор, анда эсиӊерден чыкпасын, силер дагы Сирияга кетип бара жаткан жолдон коопсуздук менен өтө албай каласыӊар деп айткан. Умаййа Саъддын сөзүн угуп, ага Абу Жахлдын алдында үндү басыӊдатууга айткан. Саъд (разияллааху анху) мындай деп айткан: сен бул нерсени кой. Аллага касам! Мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «бир күнү сен мусулмандардын колдорунан өлтүрүлөсүң» деген алдын-ала кабарын эч качан унута албайм. Муну угуп, Умаййа аябай корккон бойдон үйүнө келип, өз аялына мен мусулмандарга каршы Меккеден такыр чыкпайм деп айткан. Бирок, тагдырдын жазуулары орундалбай койгон эмес жана Бадр согушунун учурунда Уаййа мусулмандарга каршы чыгууга аргасыз болуп, акыр аягында мусулмандардын колдорунан өлтүрүлгөн. Дагы бир рабаят боюнча меккелик каапырлар чыгып жатышкан маалда, Умаййа кандайдыр бир шылтоого таянууга аракет кылган. Абу-Жахл ага сен өрөөндүн башчыларынан болосуң, жок дегенде бир-эки күнгө эле биз менен чогуу чык деп айткан. Ошондо, ал эки күнгө алар менен чогуу чыгып кеткен жана Алла Таала аны өлтүрүп жиберген.

Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) Бадр, Ухуд жана Ахзаб согуштарында Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу катышкан. Бадр согушу күнү Аус уруусунун желеги ал (разияллааху анху)нун колунда болчу.

Бадр согушунун учурунда Азирети Саъд (разияллааху анху)нун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата сүйүүсүн төмөнкүдөй окуядан байкоого болот: Бадр майданынан бир чарчы метр аралыкта, «соода кербенин коргоо үчүн Курайштын бир аябай чоӊ кошууну Мекке тараптан келатат» деген кабар келгенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бардык сахаабаларды кеңешүү үчүн топтогон. Кээ бирлери кербендегилер менен беттешкенибиз жакшыраак дешкен. Бирок, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул кеӊешти жактырган эмес. Улуу сахаабалар жогорудагы кеңешти четке кагып, жанын да аябагандай маанидеги кайрылууларды жасап, ыкыластуулугун көрсөтүшкөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал кайрылууларды угуп, жүзү кубанычка толгон. Бирок, ал кезде ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Ансарлардын жообун күтүп, Ансарлардын башчыларынын бирөөсүнүн дагы ошондой ыкыластуулукту көрсөтөөрүн каалаган. Ошондуктан, жогорудагы бардык зор кайрылууларга карабай, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) улам-улам макул, анда мага эмне кеңеш берет элеңер дей берген. Аус уруусунун башчысы Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын каалоосун баамдап, Ансарлар тарабынан мындай деген: «Эй Алланын Элчиси! Сиз биздин оюбузду сурап жатасыз окшойт. Кудайга касам! Биз сиздин чынчыл экениңизге ыйман келтиргенибизден кийин сиз каалаган жакка сиз менен чогуу барабыз. Эгерде бизди деңизге секир десеңиз, биз секирип кетебиз. Согушта баарыбызды сабырдуу экенибизди табасыз. ИншаАлла. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Саъд (разияллааху анху)нун ыкыластуулук жана сүйүүгө толгон кайрылуусун угуп, абдан ыраазы болгон.

Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар калган өмүр баянын эмки кутбада айтып берем деди. ИншаАллах.

[1] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жубайлары «Уммахаатул-Му’минийн» (момун-мусулмандардын энелери) деп аталышат.

[2] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалары жана жакындары коюлган Мединадгы бир көрүстөн.

[3] Кичүү ажылык.

[4] Каабанын айлана-тегерегинде айлануу.

[5] Өз дининен чыккан адам.

Share via