Мухаммад Пайгамбар (САВ)дын төртүнчү Халифасы Азирети Али (РА)
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу Халифасы жана күйөө баласы, Азирети Али (разияллааху анху)нун асыл сапаттарын эскерүү

2020-жылдын 4-декабрында, башкача айтканда 1399-хижра жылынын 4-Фатх күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би–насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасы

Жума кутбасы жана Ал-Фатиха сүрөөсү

Акыркы кутбада Азирети Али (разияллааху анху) тууралуу сөз болуп жаткан болчу. Бүгүн дагы ал тууралуу айтып берем. Азирети Али (разияллааху анху)нун диний тууганчылыгы тууралуу кезиккен рабаятка ылайык, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эки жолу Азирети Али (разияллааху анху)ну өзүнүн тууганы экенин айткан: бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Меккеде Мухаажирлердин ортосунда диний тууганчылыкты курган. Анан Мединага көчүп баргандан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Мухаажирлер менен Ансаарлардын ортосунда диний тууганчылыкты орноткон. Ал эки учурда тең Азирети Али (разияллааху анху)га мындай деп айткан: اَنْتَ اَخِیْ فِی الدُّنْیَا وَالْآخِرَۃСиз дүйнөдө жана акыретте мага бир тууган болосуз».

(Асад-ул-Габа ли-маърифатис-сахаабах ли Ибн Асийр 4-том, 88-бет, зикру Али Ибн Аби Таалиб, «Даарул-кутуб ал-илмиййах», Бейрут, 2016)

Бир рабаятка ылайык, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али ибн Абу Таалиб (разияллааху анху) менен Азирети Сахл ибн Хунайф (разияллааху анху)нун ортосунда диний бир тууганчылык мамилесин түзгөн.

(Ат-Табкаат ал-Кубраа ли Ибн Саъд 3-бөлүк, 16-бет, Зикру Али Ибн Аби Таалиб, «Даарул-кутуб ал-илмиййах», Бейрут, Ливан, 2017)

Бул диний бир тууганчылык качан болгон? Тарыхта эки жолу диний бир тууганчылык болгону айтылат. Ошентип, «Сахих Бухарий» аттуу хадис китепти чечмелегендердин бири Аллама Кисталаний мындай деп айтат: «Бир тууганчылык эки жолу болгон: биринчи жолу хижраттан мурун, Меккеде мухаажирлердин ортосунда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) менен Азирети Умар (разияллааху анху)нун, Азирети Усман (разияллааху анху) менен Азирети Абдур Рахман бин Авф (разияллааху анху)нун, Азирети Зубайр (разияллааху анху) менен Азирети Абдуллах бин Масъуд (разияллааху анху)нун жана Азирети Али (разияллааху анху) менен өзүнүн ортосунда бир тууганчылыкты түзгөн. Андан кийин, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединага көчүп келгенде, мухажирлер менен Ансаарлардын ортосундагы Азирети Анас ибн Маалик (разияллааху анху)нун үйүндө бир тууганчылыкты орноткон. Ибн Саъд ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жүз сахаабанын ортосунда, башкача айтканда, элүү мухаажир менен элүү Ансаардын ортосунда тууганчылык мамилесин түзгөн деп баяндайт».

(Иршаадус-Сарий шарх Сахих Бухарий, 8-бөлүк, 410-411-бет, 3937-хадис, «Даарул-кутуб ал-илмиййах», Бейрут, 1996)

Азирети Али (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу «Бадр» согушуна жана «Табук» согушунан башка бардык согуштарга катышкан. Табуктагы согушта Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) аны үй-бүлөсүн кароого дайындаган эле.

(Асад-ул-Габа ли-маърифатис-сахаабах ли Ибн Асийр 4-том, 92-бет, зикру Али Ибн Аби Таалиб, «Даарул-фикр лит-табаъти ван-нашр ат-Таузийъ», Бейрут, 2003)

Азирети Саълаба ибн Абу Маалик (разияллааху анху) Азирети Саъд ибн Убада (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) тарабынан ар дайым желек көтөрүп келгенин, бирок согушуу убагы келгенде, Азирети Али ибн Абу Таалиб (разияллааху анху) желекти көтөрүп жүргөнүн баяндайт.

(Асад-ул-Габа ли-маърифатис-сахаабах ли Ибн Асийр 4-том, 93-бет, зикру Али Ибн Аби Таалиб, «Даарул-фикр лит-табаъти ван-нашр ат-Таузийъ», Бейрут, 2003)

«Ушайра» казаты 2-хижра жылдын Жамади-ул-Аввал айында болгон. Тарых жана өмүр баян китептеринде бул салгылашуу «Газва-э-Ушайра» аталышынан тышкары, «Зул-Ушайра» жана «Заатул-Ушайра» жана «Усайра» деп да аталат. Ушайра – Хижаздагы «Янбу» менен «Зул-Марванын» ортосунда жайгашкан бир чептин аты. Бул тууралуу кеңири түшүндүрүп, Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) мындай деп жазат: «2-хижра жылынын Жамади-ул-Аввал айында Меккедеги Курайш уруусу тарабынан кандайдыр бир кабар алгандан кийин, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир топ мухажирлер менен Мадинадан чыгып, өзүнүн артында эмчектеш бир тууганы Абу Салма бин Абдул Асадды Амир кылып дайындаган. Бул казатта Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) бир нече жолу айланып өтүп, акыры деңиз жээгине жакын Янбуга жакын жайгашкан «Ушайра жергесине жетип барган. Ал жерде Курайштар менен согуш болбосо дагы, бирок Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Бану Мудлиж уруусу менен келишим түзүп, андан кийин кайтып келген».

(Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб М.А. (разияллааху анху): «Сийрат Хаатам-ун-Набиййин(САВ)», 329-бет)

(Лугаатул-хадис, 3-том, 110-111-бет, «Ушайра» сөзүнө каралсын)

(Ас-Сийрат-ул-Халабия, 2-том, 175-бет, Баабу Зикру Магазия, «Газватул-Ушайра», «Даарул-кутуб ал-илмиййах», Бейрут, 2002 жыл)

(«Ад-Далайлун-Нубуввах, лил-Байхакий, 5-том, 460-бет, «Даарул-кутуб ал-илмиййах» басылмасы, Бейрут, 1988)

Азирети Али (разияллааху анху) бул согушка катышкан болчу. Буга байланыштуу Муснад Ахмад ибн Ханбалдын риваяты төмөнкүчө: «Азирети Аммар ибн Яссир (разияллааху анху) мен «Заатул-Ушайра» согушунда Азирети Али (разияллааху анху) менен бирге сапарда элем, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) бул жерге келип, ошол жерде отурукташканда, биз Бану Мудлиж адамдарынын курма бактарындагы булактарынын биринде иштеп жаткандыгын көрдүк. Азирети Али (разияллааху анху) мага: «Эй, Абу Яктан! Сиздин оюңуз кандай? Ушул адамдарга барып, алардын эмне кылып жаткандыгын көрүшүбүз керекпи?» – деп сураган. Ошентип, биз алардын жанына барып, алардын ишин бир аз көргөндөн кийин бизге уйку келе баштаган, ошондо Азирети Али экөөбүз курма пальмаларынын арасына жерге жатып, уктап калдык. Аллахка ант болсун! Бизди Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дан башка эч ким ойготкон жок. Биз жерде жаткандыгыбыз үчүн чаӊ болуп жатканбыз, ошондо ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бизди буту менен ойготкон. Ошол күнү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)нун денесиндеги чаңды көрүп: «Эй, Абу Турааб!» – деп айткан. Андан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Мен сизге эң бактысыз эки адам жөнүндө айтайынбы?» – деген. Өткөн (жума) кутбасында (Али (разияллааху анху)нун) мечитте уктап жатып, анда дагы анын кийимдери топурак болуп калгандыктан: «Эй, Абу Тураб!» – деп айтылгандыгы тууралуу сөз болгон болчу. Ошондон кийин анын ылакап-аты Абу Тураб болуп калган. Ошол мезгилден баштап, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул атты койгон болушу керек же кийинчерээк болушу мүмкүн же экөө тең колдонулса керек. (Менин оюмча) бул окуя ушул окуядан мурунураак болсо керек. Эмне болгон болсо да, «мен силерге эң бактысыз эки адам жөнүндө айтып бербейинби?» – деп айткан. Биз: «Ооба, эй, Аллахтын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)!» – деп айттык. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Биринчи адам Салих (алайхиссалам)дын төөсүнүн буттарын кесип салган Самуд элинен болгон Ухаймир болчу, экинчиси: «Эй, Али! Сакалыӊ канга чыланганча, башыңа ура турган адам», – деп айткан».

(«Муснад Ахмад бин Ханбал», 6-том, 261-бет, Муснад Аммар ибн Ясир, 18511-хадис, «Ааламул-кутуб лит-табаъти ван-нашр ат-Таузийъ», Бейрут, 1998)

«Сафван», «Бадрул-Уулаа» согушу 2-хижра жылынын Жумади ул-Ахир айында болгон. Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб ал жөнүндө мындай деп жазган: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) «Ушайра» согушунан Мединага кайтып келгенине он күн боло элек болчу, Мекке аксакалдарынын бири Курз ибн Жабир Фехрий Курайштан турган бир аскердик топ менен өтө куулук менен шаардан үч эле чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Медина жайлоосуна капыстан кол салып, мусулмандардын төөлөрү ж.б.ны талап-тоноп кеткен. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га бул жөнүндө кабар берилгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) дароо Зайд ибн Хариса (разияллааху анху)ну өз артында Амир кылып дайындап, бир топ мухажирлер менен алардын аркасынан «Бадр» майданына жакын жайгашкан Сафван жергесине чейин кууп барган, бирок ал качып кеткен. Бул жүрүш «Бадрул-Уулаа» жүрүшү деп да аталат».

(Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб М.А. (разияллааху анху): «Сийрат Хаатам-ун-Набиййин(САВ)», 330-беттен кыскартылып алынды)

Ушул согуштун учурунда Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)га ак туу тартуулаган.

(Ат-Табкаат ал-Кубраа ли Ибн Саъд 2-бөлүк, 253-бет, Зикру Адади Магаазий Расулуллаах ва сарайааху, «Даару Ихйааит-Тараас», Бейрут, Ливан, 1996)

«Бадр» согушу 2-хижра, башкача айтканда 623-жылдын март айында болгон. Ал жөнүндө жана анда Азирети Али (разияллааху анху) тууралуу мындай деп кезигет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али, Азирети Зубайр, Азирети Саъд бин Аби Ваккас жана Азирети Басбас бин Амар (разияллааху анхум)ду мушриктер жөнүндө кабар алуу үчүн «Бадр» булагына жөнөткөн. Алар Курайштын өз малдарын сугарып жаткандыгын көрүп, мушриктердин ушул тобун кармап, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына алып келишкен».

(Ат-Табкаат ал-Кубраа ли Ибн Саъд 2-бөлүк, 256-бет, «Бадр» казаты, «Даару Ихйааит-Тараас ал-Арабий», Бейрут, Ливан, 1996)

(Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб М.А. (разияллааху анху): «Сийрат Хаатам-ун-Набиййин(САВ)», 349-бет)

«Бадр» согушунда, эки аскер бири-бирине каршы турганда, а дегенде, Рабиъанын эки уулу Шайба, Утба жана Валийд ибн Утбах чыгып, согушка чакырышкан, ошондо Бану Хаарис уруусунан болгон үч Ансаар, башкача айтканда Афраанын уулдары – Муъааз, Муъавваз жана Ауф аларга каршы согушуу үчүн чыгышкан, бирок Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) мусулмандар менен мушриктердин ортосундагы биринчи согушка Ансаардын катышуусун жактырган эмес. Жок, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн агалаш балдары жана өз коомунун улуулугу ачыкка чыгышын каалаган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Ансаарларга өздөрүнүн катарына кайтууну буюрган жана аларга мактоо сөздөрүн айткан. Андан кийин мушриктер: «Эй, Мухаммад! Биздин өзүбүздүн коомубуздан биз менен теңтайлаша ала тургандарды жибериӊиз» – деп суранышкан. Ошондо Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Бану Хашим! Тургула жана Аллахтын нурун өчүрүү үчүн жалган сөздөрү менен келишкендерге каршы Аллах Таала Пайгамбарыңарды жиберген акыйкат үчүн күрөшкүлө», – деп айткан.

Ошентип, Азирети Хамза бин Абдул Мутталиб, Азирети Али бин Абу Таалиб жана Азирети Убайда бин Хаарис (разияллааху анхум) ордунан туруп, аларга жакындаганда, Утба: «Силерди таанышыбыз үчүн бир нерсени сүйлөӊүздөр», – деп айткан. Анткени, алардын башында туулга болгондуктан, жүздөрү көрүнгөн эмес. Азирети Хамза: «Мен Хамза бин Абдул Мутталиб Аллах жана Анын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын арстанымын», – деп айткан. Ошондо Утба: «Жакшы атаандаш бар экен жана мен атаандаштарыӊардын арстанымын. Ал бул экөө ким?» – деп сураган. Азирети Хамза: «Али ибн Абу Таалиб жана Убайда ибн Хаарис (разияллааху анхум)», – деп жооп берген. Утба: «Ооба, жакшы атаандаштар», – деп айткан. Андан кийин ал (Утба) уулуна: «Эй, Валийд! Тур», – деп айткан. Ошентип, Азирети Али (разияллааху анху) ага каршы чыгып, алар кылычтар менен чабыша башташкан жана Азирети Али (разияллааху анху) аны өлтүргөн. Ошондо Утба ордунан туруп, Азирети Хамза (разияллааху анху) ага каршы чыккан. Анан алар дагы кылычтар менен чабышкан. Азирети Хамза (разияллааху анху) аны өлтүргөн. Андан кийин Шайба туруп, Азирети Убайда ибн Хаарис (разияллааху анху) ага каршы чыккан, ал (Азирети Убайда (разияллааху анху)) ошол күнү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын эң улуусу болгон. Шайба Азирети Убайда (разияллааху анху)нун бутуна кылычтын мизин уруп, аны этине кирип, аны айрып жиберген. Ошондо, Азирети Хамза менен Азирети Али (разияллааху анхумаа) Шайбага кол салып, аны өлтүрүшкөн».

(Ат-Табкаат ал-Кубраа ли Ибн Саъд 2-бөлүк, 257-бет, «Бадр» казаты, «Даару Ихйааит-Тараас ал-Арабий», Бейрут, Ливан, 1996)

Кийинки рабаят эки жыл мурун да айтылган. Мен бир бөлүгүн эскертем. Азирети Али (разияллааху анху) баян кылган дагы бир риваяты бар. Ал жерде мындай деп кезигет: «Утба ибн Рабиъа, анын уулу жана бир тууганы чыгып: «Биз менен согушууга ким чыгат?» – деп кыйкырышкан, ошондо Ансаарлардын көптөгөн жигиттери ага жооп беришкен. Утба: «Силер кимсиңер?» – деп сураган. Алар: «Биз Ансаарлардын катарындабыз» – деп жооп кайтарышкан. Утба: «Биздин силер менен эч кандай ишибиз жок. Биз бөлөлөрүбүз менен гана согушууну көздөп жатабыз», – деп айткан. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Хамза! Туруӊуз. Эй, Али! Туруӊуз! Эй, Убайда бин Хаарис! Алдыга чыккыла», – деп айткан. Андан кийин Хамза (разияллааху анху) Утбаны көздөй чыккан. Азирети Али (разияллааху анху): «Мен Шайбаны көздөй чыккам, Убайда (разияллааху анху) менен Валийддин ортосунда кагылышуу болуп, экөө бири-бирин катуу жарадар кылышкан, андан кийин биз Валийдге барып, аны өлтүрдүк жана жана Убайда (разияллааху анху)ну согуш талаасынан көтөрүп алып келдик», – деп айтат».

(Сунан Абу Дауд, Китаабул-Жихад, Баабул-Мубаараза, 2665-хадис)

Азирети Али (разияллааху анху) «Бадр» согушу жөнүндө мындай деп баяндайт: «Ал (согушта) мусулмандарга караганда, каапырлар көп болушкан. Түн бою Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) кичипейилдик менен Аллахка жалынып-жалбаруу жана дуба кылуу менен алектенип турган. Каапырлардын аскерлери бизге жакын келип, биз алардын алдына тизилгенибизде, күтүлбөгөн жерден кызыл төө минип, адамдардын арасын аралап бара жаткан бир кишини көрдүк. Анан Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Али, эй, Хамза! Каапырлардын жанында тургандарды чакырып, кызыл төө минген адам ким жана ал эмне айтып жатканын сурагыла?» – деп айткан. Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ал адамдардын арасында аларга жакшылык жөнүндө насаат айта алган адам бар болсо, анда ал кызыл төө минген адам», – деген. Бул аралыкта Азирети Хамза (разияллааху анху) дагы келип калат. Ал келип, каапырларды согушуудан кайтарып жаткан киши Утба ибн Рабиа экендигин айткан. Ага Абу Жахл: «Сен коркоксуң жана согушуудан коркуп жатасың», – деп жооп берген. Утба толкунданып (ага): «Бүгүн коркок ким экенин көрөбүз», – деп айткан».

(«Муснад Ахмад ибн Ханбал», 1-том, 338-339-беттер, Муснад Али ибн Аби Таалиб, 948-хадис, «Ааламул-кутуб» басылмасы, Бейрут, 1998)

Ошентсе да, ал баары бир согушка катышкан.

Азирети Али (разияллааху анху)дан төмөнкүдөй риваят кылынат: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) «Бадр» согушунда мен жана Абу Бакр (разияллааху анху) жөнүндө: «Бириңердин оң жагыңарда Жабраийл, экинчиӊердин оң жагында Микаийл турат жана Азирети Исрафийл согуш учурунда келип, катарда тура турган улуу периште», – деп айткан».

(«Ал-Мустадрик Алас-Сахихайин, 3-бөлүк, 345-бет, Китаабу маърифатис-Сахааба, 4711-хадис, «Даарул-Фикр» басылмасы, Ливан, 2002-жыл)

Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) «Бадр» казаты тууралуу сөз кылып, мындай деп жазат: «Азирети Али (разияллааху анху) согушуп жатканымда, мен Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) жөнүндө ойлончумун жана анын чатырына карай чуркачумун, бирок качан гана барбасам, аны саждага жыгылып, жалбарып-жалынганын көрдүм. Мен ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тилинен төмөнкүдөй сөздөр чыкканын уккам:یَا حَیُّ یَاقَیُّوْمُ۔ یَاحَیُّ یَاقَیُّوْمُЭй, менин тирүү Кудайым, эй, Кудайым, мага өмүр берүүчү Кожоюнум! Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) анын ушул абалын көргөндө, тынчы кетчү жана кээде чыдабай кетип: «Эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Ата-энем сиз үчүн курман болушсун. Сар-санаа болбоӊуз, Алла Таала Өз убадаларын сөзсүз аткарат», – деп койчу. Бирок буга карабай, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) үзгүлтүксүз дуба кыла берген жана дуба менен алектенип, Аллахтын убадалары кээде шарттуу болот», – деп корккон».

(Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб М.А. (разияллааху анху): «Сийрат ХаатамунНабиййин(САВ)», 361-бет)

Хижранын 2-жылы Азирети Фатима (разияллааху анхаа)га үйлөнгөн. Азирети Али (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына барып, Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын колун сураган, аны Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) кубаныч менен кабыл алган. Азирети Анас (разияллааху анху) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху), андан кийин Азирети Умар (разияллааху анху)нун экөө тең Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, андан Азирети Фатима (разияллааху анхаа)га үйлөнүүсүн өтүнүшкөн, бирок Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) унчуккан эмес жана аларга эч жооп берген да эмес. Азирети Али (разияллааху анху): «Мен Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына барып: «Азирети Фатима (разияллааху анхаа)ны мага үйлөнтөсүзбү?» – деп сураганмын», – деп баяндайт. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Сизде Махр[2] үчүн бир нерсе барбы?» – деп сураган. Мен: «Менде ат жана соотум бар», – деп жооп бергем. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ат сизге керек, бирок соотуңузду сатыӊыз», – деп айткан. Ошентип, мен соотумду төрт жүз сексен дирхамга сатып, Махр даярдаганмын».

Кээ бир адамдар каалагандай Махрды белгилей бергиле, (анан аны беребизби же бербейбизби), көрөбүз дешет. Бирок бир рабаятта мындай деп кезигет: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алгач Махрды камдагыла», – деп айткан. Бул дароо төлөнүлө турган акы-укук деген маани бар. Кээ бир адамдар мага: «Биздин аялдарыбыз бизден Махрды сураганга чейин жыргап-куунап, жакшы эле жашап жатканбыз, бирок качан аялдарыбыз Махрды талап кылышканда, биздин ортобузда чыр чыгып, ажырашканга чейин бардык», – деп жазышат. Эгер алар талап кылышса, анда бул алардын укугу. Ошол эле учурда бериш керек, эгер берилбесе, анда уруш башталат. Бул дурус эмес. Анан талак жана ажырашуу учурунда төлөнүшү керек. Чындыгында, Махрдын талак же ажырашууга эч кандай тиешеси жок.

Кыскасы, рабаятта мындай деп кезигет: Азирети Али (разияллааху анху) бул соотту Азирети Усман (разияллааху анху)га саткан. Азирети Усман (разияллааху анху) сооттун баасын төлөп, соотту дагы кайтарып берген. Азирети Али (разияллааху анху): «Мен ал акчаны алып келип, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын этегине салып койдум», – дейт. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) анын бир уучун Билал (разияллааху анху)га берип: «Буга атыр сатып алып келиңиз», – деп айткан жана кээ бир адамдарга Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын себин даярдоону буюрган. Ошентип, Азирети Фатима (разияллааху анхаа) үчүн төшөк, курма кабыгына толгон булгаары жаздык жасалган». Мына ошолордун баары даярдалды. Дагы бир рабаятка ылайык, Азирети Али (разияллааху анху) менен мындай мамилени түзүп жатып, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Раббим мага ушундай кылууну буюрган», – деп айткан.

Кыз узатуудан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)га: «Фатима сага келгенде, мен келмейинче, аны менен эч сүйлөшпөӊүз», – деп айткан. Ошентип, Азирети Фатима (разияллааху анхаа) Азирети Умми Айман (разияллааху анхаа) менен келип, үйдүн бир бөлүгүндө отурган. Мен анын карама-каршы жагында отурганмын. Анан Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) келип: «Менин иним ушул жердеби?» – деп сураган. Умми Айман: «Сиздин иниңизби? А сиз ага кызыңызды үйлөндүрдүңүзбү?» – деп сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ооба!» – деп жооп берген. Анткени, мындай мамиледе нике болушу мүмкүн. Али (разияллааху анху) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир тууганы эмес болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ичкери кирип, Азирети Фатима (разияллааху анхаа):га: «Мага суу алып келиӊиз», – деген. Ал (разияллааху анхаа) туруп, үйүндө турган идишке суу алып келет. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аны бир аз ууртап, андан кийин Азирети Фатима (разияллааху анхаа)га: «Жакын кел», – деген. Ал алга келип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ага жана анын башына бир аз суу чачып, мындай деп дуба кылган:

اَللّٰهُمَّ اِنِّي اُعِيْذُهَا بِكَ وَذُرِّيَّتَهَا مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيْمِ

Эй, Аллах! Аны жана анын балдарын каргышка калган шайтандан Сенин паанаӊа тапшырам. Андан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Мага экинчи тарабыӊ менен бурул», – деген. Ал бурулганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) анын далысынын ортосуна суу чачкан. Андан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)га дагы ушундай кылган. Азирети Али (разияллааху анху)га: «Үй-бүлөңө Аллахтын аты жана берекеси менен бар», – деп айткан.

Ушул сыяктуу эле, Азирети Али (разияллааху анху)дан төмөндөгүдөй рабаят кылынат: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) бир идиштен даарат алган. Анан бул сууну Азирети Али (разияллааху анху)га жана Азирети Фатима (разияллааху анхаа)га чачып, мындай деп дуба кылган:اَللّٰہُمَّ بَارِکْ فِیْھِمَا وَبَارِکْ لَھُمَا فِیْ شَمْلِھِمَاЭй, Аллах! Экөөсүнө береке бергин жана экөөнүн кошулушуна береке бергин.

Азирети Айша (разияллааху анхаа) жана Азирети Умми Салма (разияллааху анхаа) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Фатиманы даярдап, Азирети Али (разияллааху анху)га жеткирүүнү бизге буюрган дешет. Ошентип, үйгө көӊүл бурганбыз. Биз аны Батхаанын айланасындагы жумшак топурак менен жаап койдук. Андан кийин эки жаздыкты курма буласы менен толтуруп, аны өз колдорубуз менен тытып даярдадык. Андан кийин жегенге курма менен мейизди, ичкенге таза сууну жана бир жыгач алып, ага кийим жана суу куржунун илип коюу үчүн аны бөлмөдө бир жагына койдук. Башкача айтканда, кийимдер жана куржундарды илип коюу үчүн жыгач орнотушкан. Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын нике-тоюнан өткөн көргөн эмеспиз. Нике-той тамагы курма, арпа, сыр жана хайс болгон. Хайс – бул курма, сары май менен сыр ж.б. аралашып жасала турган тамак. Азирети Асма бинт Умайс (разияллааху анхаа): «Ал доордо мындай нике-той тамагынан -өткөн нике-той тамагы болгон эмес», – деп айтат».

(Шарх-ул-Аллама аз-Зарканий Али ал-Маваахибул-Лудния 2-том, 357-367-беттер, зикру тазвийж Али би-Фатимати «Даарул-кутуб-ал-илмиййа», Бейрут, 1996)

(Сунан Ибн Маажа, Китаабун-Никах, Баабул-Валиймати, 1911-хадис;

(Тарих-ул-Хамийс, 2-бөлүк, 77-бет, фил-вакааи мин аввали хижратихий (саллаллааху алайхи ва саллам) илаа вафаатихий «Даарул-кутуб-ал-илмиййа», Бейрут, 2009);

(Ат-Табкаат ал-Кубраа ли Ибн Саъд 8-бөлүк, 19-бет, «Даарул-кутуб-ал-илмиййа», Бейрут, 1990); Лугаатул-Хадис, 1-том, 172-бет, Китаабул-Хаа)

Азирети Фатима (разияллааху анхаа) менен Азирети Али (разияллааху анху)нун үйлөнгөндүгү жөнүндө кененирээк эскерип, «Сийрат Хаатам-ун-Набиййин» китебинде мындай деп жазылган: «Азирети Фатима (разияллааху анхаа) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Азирети Хадижа (разияллааху анхаа)дан төрөлгөн балдарынын эң кенжеси жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз балдарынын арасынан Азирети Фатима (разияллааху анхаа)ны баарынан баалачу. Жана өзүнүн жеке сапаттарынан улам, ал ушул өзгөчө сүйүүгө татыктуу болчу. Ал ошондо он беш жашта болчу жана никеге туруу үчүн жуучулар келе баштаган. Баарынан мурун Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын колун сураган, бирок Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) андан кечирим сурап, ага макулдугун берген эмес. Андан кийин Азирети Умар (разияллааху анхаа) сураган, бирок анын өтүнүчү дагы кабыл алынган эмес. Андан кийин, бул эки аксакал Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ой-ниети Азирети Али (разияллааху анху) тууралуу экендигин түшүнүшүп, Азирети Али (разияллааху анху)ну Фатима (разияллааху анхаа)нын колун суроого үндөшкөн. Буга чейин каалап, бирок уялганынан унчукпай жүргөн. Азирети Али (разияллааху анху) дароо Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, Фатима (разияллааху анхаа)нын колун сураган.

Экинчи жагынан, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нун Азирети Али (разияллааху анху)га турмушка чыгуу керек экендиги тууралуу Кудайдан вахий-аян аркылуу ишаарат берилген болчу. Ошентип, Азирети Али (разияллааху анху) өзүнүн өтүнүчүн айтканда, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам): «Мен бул тууралуу Кудайдан ишаарат алгам», – деп айткан. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Фатима (разияллааху анхаа)дан сураганда, ал уялганынан унчуккан эмес. Бул деле макулдуктун бир түрү болгон. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Мухаажирлер менен Ансаарлардын бир тобун чогултуп, Азирети Али (разияллааху анху) жана Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын никелерин кыйган. Бул хижранын 2-жылынын башында же ортосунда болгон окуя. Анан «Бадр» согушу аяктагандан кийин, кыязы, 2-хижра жылынын Зуль-Хижжа айында үйлөнүү тоюн өткөрүүнү сунушташкан жана Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)ну чакырып: «Сенде Махр төлөө үчүн бир нерсе барбы?» – деп сураган.

Бул бакча окуясы өткөн (кутба)да айтылган, ал ушул нике-той окуясынан мурун болгон. Мен туура айткан элем. Азирети Али (разияллааху анху)ну чакырып: «Махр төлөө үчүн бир нерсе барбы?» – деп сураган. Азирети Али (разияллааху анху): «Эй, Алланын Элчиси! Менде эч нерсе жок», – деп жооп берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ошол күнү, башкача айтканда «Бадр» олжолорунан мен берген соот эмне болду?» – деп сураган. Азирети Али (разияллааху анху): «Ал бар», – деп жооп берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Макул, ошону эле алып кел», – деген. Ошентип, бул соот төрт жүз сексен дирхамга сатылган жана Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) тойдун чыгымдарын ошол суммадан камсыз кылган. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Фатима (разияллааху анхаа)га берген себи – бул саймалуу шейшеп, кургак курма жалбырактары менен толтурулган булгаары төшөк жана суу куржуну болгон. Дагы бир рабаят боюнча, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сеп катары Азирети Фатима (разияллааху анхаа)га жаргылчак да берген. Ал буюмдар камсыздалып бүткөндөн кийин турак жайын камдоо тынчсыздандырган. Азирети Али (разияллааху анху) ушул убакытка чейин Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) менен мечиттин кайсы бир бөлмөсүндө жашаган окшойт, бирок үйлөнгөндөн кийин, күйөөсү менен аялы жашай турган өзүнчө үй болушу керек болчу. Ошентип, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)га экөөңөр жашай турган үй табууну буюрган. Азирети Али (разияллааху анху) убактылуу бир үй тапкан жана ага келип, Азирети Фатима (разияллааху анхаа) жашаган. Ошол эле күнү, кыз узатылгандан кийин, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) алардын үйүнө барып, суу сурап, ага дуба кылган, анан төмөндөгүдөй сөздөрдү окуп, ошол сууну Азирети Фатима (разияллааху анхаа) жана Али (разияллааху анху)га чачкан:اَللّٰھُمَّ بَارِکْ فِیْھِمَا وَبَارِکْ عَلَیْھِمَا وَبَارِکَ لَھُمَا نَسْلَھُمَاЭй, Алла! Экөөсүнүн ортосундагы мамилени берекелүү кылгын жана башка адамдар менен түзүлө турган мамилесине да береке бергин, алардын урпактарына да батасын бергин. Андан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул жаңы түгөйлөрдү жалгыз калтырып кеткен. Кийин бир күнү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын үйүнө барганда, Азирети Фатима (разияллааху анхаа) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дан Хариса бин Нуъман Ансаарий (разияллааху анху)нун бир нече үйү бар экендигин айтып, андан бир үй бошотуп берүүсүн сурап берүүнү суранган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) буга чейин ушунча көп үйдү биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бошотуп берген, эми андан дагы суроодон уялып жатам деген. Хариса (разияллааху анху) кандайдыр бир жол менен бул жөнүндө билип калганда, ал шашылып Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га барып: «Эй, Аллахтын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Менин колумдагы нерселердин баардыгы Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дыкы. Алланы күбө кылып айтам: сиз менден кабыл алганыӊыз нерсе менде бар нерсеге караганда, мени көбүрөөк кубандырат», – деп айткан. Андан кийин ушул чын ыкластуу сахааба үйлөрүнүн бирин бошотуп сунуштаган жана ал жерге Азирети Али (разияллааху анху) менен Азирети Фатима (разияллааху анхаа) көчүшкөн».

(Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб М.А. (разияллааху анху): «Сийрат Хаатам-ун-Набиййин(САВ)», 455-456-беттер)

Азирети Али (разияллааху анху) менен Азирети Фатима (разияллааху анхаа) оорчулугу жана жакырчылыгына карабастан, алар карапайымдык жана шүгүрчүлүктүн үлгүсүн көрсөтүшчү. Мисалы, хадистерде Азирети Али (разияллааху анху)нун мындай деп айткандыгы кезигет: «Азирети Фатима (разияллааху анхаа) жаргылчакты иштетип жатып, колунда чоор пайда болгондугу тууралуу арызданып, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га кээ бир туткундар келгенде, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га барып, бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды үйүндө жок экенин билгенден кийин, Азирети Фатима (разияллааху анхаа) Азирети Айша (разияллааху анхаа) менен жолугуп, ага эмне максаты менен келгенин айтып берген. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) келгенде, Азирети Айша (разияллааху анхаа) Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын ага келгенин айткан». Азирети Али (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) биз жатып алганыбызда келген. Биз ордубуздан тура баштаганыбызда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Турбай эле койгула», – деп айткан. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) экөөбүздүн ортобузда отурган, а түгүл мен анын буттарынын муздактыгын өз көкүрөгүм менен сезгем. Ал: «Экөөӊөргө силер менден сураганыӊардан да жакшы нерсе айтайынбы?» – деген. Биз болсо: «Ооба, сөзсүз айтып бериӊиз», – дегенбиз. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Силер жатаарыӊарда, отуз төрт жолу «Аллааху Акбар», отуз үч жолу «СубхаанАллах» жана отуз үч жолу «Ал-хамдулиллаах» деп айткыла, бул нерсе кызматчыга караганда, экөөңөргө тең жакшыраак», – деп айткан».

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху)дан төмөнкүдөй рабаят кылынат: «Азирети Фатима (разияллааху анхаа) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кызматчы сурап, жумуш оор экенине нааразы болуп барганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Менден мындай кызматчы ала албайсыңар», – деп айткан. Бирок, Азирети Али (разияллааху анху) дагы олжого ээ болууга укуктуу болгонуна карабай, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) берген эмес. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Мен силерге кызматчыдан да артык нерсени айтпаймынбы? Жатарда 33 жолу «СубханАллах, 33 жолу «Ал-хамдулиллах» жана 34 жолу «АллаахуАкбар» деп айткыла», – деген». Бул «Сахих Муслим» китебинен алынган хадис.

(Сахих Муслим, Китаабуз-Зикр вад-Дуъаа ват-Тавба… Баабут-Тасбийх, Аввалун-Нахаари ван-Наум, 6915, 6918-хадис)

Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) «Бухарий» китебинин негизинде, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өмүр баянын баяндап, мындай деп жазат: «Хадисте кезиккендей, Азирети Фатима (разияллааху анхаа) жаргылчакты иштеткенде, анын колу ооруп аткандыгы тууралуу арызданган. Ошол убакта Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га бир нече кулдар келишкен. Ал (разияллааху анхаа) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га барып, аны үйүнөн таппай калгандыктан, Азирети Айша (разияллааху анхаа)га кайсы максаты менен келгенин билдирип, үйүнө кайтып келген. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) үйгө келгенде, Азирети Айша (разияллааху анхаа) Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын келгенин Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га билдирген. Муну билип Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) биз жатып алганыбызда келген. Мен ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды көрүп турмакчы болдум, бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Турбай эле койгула», – деп айткан. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) экөөбүздүн ортобузда отурган, а түгүл мен анын буттарынын муздактыгын көкүрөгүм менен сездим. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) отургандан кийин: «Экөөӊөргө силер менден сураганыӊардан да жакшыраак нерсе айтпайынбы? Ал мындай: экөөңөр тең жатканыӊарда, отуз төрт жолу «Аллааху Акбар», отуз үч жолу «СубхаанАллах» жана отуз үч жолу «Ал-хамдулиллаах» деп айткыла, бул силер үчүн кызматчыдан көрө жакшыраак», – деп айткан».

Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) мындай дейт: «Бул окуя Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мал-мүлктөрдү бөлүштүрүүдө ушунчалык кылдаттык мамиле кылгандыгын көрсөтөт, Азирети Фатима (разияллааху анхаа)га бир кызматчы керек болгонуна жана жаргылчакты иштетүү анын колуна зыян келтирээрине карабастан, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) аларга кызматчы берген эмес, тескерисинче, аларды зикир чалууга үндөп, Алла Таалага кайрылуу керектигин айткан. Эгер ал (саллаллааху алайхи ва саллам) кааласа, Азирети Фатима (разияллааху анхаа)га бир кул берип койсо болот эле, анткени Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га бөлүштүрүү үчүн келген мал-мүлктөр сахаабалардын арасында бөлүштүрүлүшү керек эле жана Азирети Али (разияллааху анху) менен Азирети Фатима (разияллааху анхаа) да ага акылуу болушкан, бирок Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) этияттык менен мамиле кылган жана ошол мал-мүлктөрдөн жакындарына жана туугандарына бергиси келген эмес, анткени кийинки муундар андан кандайдыр бир натыйжа чыгарып алуулары жана падышалар элдин мал-мүлктөрүн өзү үчүн адал (мыйзамдуу) деп эсептеп алуулары мүмкүн эле. Ошентип, этияттык кылып, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол учурда бөлүштүрүлүү үчүн өзүнө келген кулдар менен күңдөрдүн бирин да берген эмес. Бул жерде айта кетчү дагы бир нерсе, Аллах Таала ошол мал-мүлктөрдөн ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жакындарына үлүшүн белгилеп койгон жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алардан сарптап, жакындарына да берчү. Ооба, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га бир нерсе бөлүнүп келбесе, аны такыр коротпойт эле жана эң жакын туугандарына да бербейт эле. Дүйнө Байтул-Маалды (казынаны) мындай коргогон бир падышаны мисал келтире алабы? Эгерде кандайдыр бир мисал табылса, ушул ыйык инсан (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жолдоочуларынан гана, антпесе башка диндер анын мисалын көрсөтө алышпайт».

(«Сийратун-Набий(САВ)», «Анваарул-Улуум», 1-том, 544-545-беттерден кыскартылып алынды)

Азирети Али ибн Абу Таалиб (разияллааху анху)дан төмөнкүдөй рабаят кылат: «Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) бир күнү кечинде кызы Азирети Фатима (разияллааху анхаа) менен менин жаныма келип: «Экөөңөр намаз окубайсыңарбы?» – деп сураган. Мен: «Эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Биздин жандарыбыз Кудайдын колунда. Ал бизди ойготкусу келгенде бизди ойготот», – деп жооп бердим. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мага эч жооп бербей, кайра кайтып кеткен». Бул жерде Тахажжуд намазы тууралуу сөз болуп жатат, б.а. Тахажжуд намазын окубасак, Тахажжуд убагында көзүбүз ачылбаса, анда бул Алланын каалоосу. Эгерде Алла бизди ойготкусу келсе, ойготот жана бизди ойготкондо, биз окуп алабыз. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) эч нерсе айтпай, кайра кайтып кеткен. «Анан мен ал (саллаллааху алайхи ва саллам) кайтып бара жатканда, өзүнүн сандарына чаап, төмөндөгүдөй сөздөр айтып жатканын уккам:وَ کَانَ الۡاِنۡسَانُ اَکۡثَرَ شَیۡءٍ جَدَلًاЧынында, баардык нерселерден көрө адам эӊ урушчаак».  (18:55)

(Сахих АлБухарий, КитаабулТахажжуд, Баабу тахрийзинНабий (саллаллааху алайхи ва саллам) алаа киямиллайли ванНаваафил… 1127-хадис)

Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) бул окуяны баяндап, мындай дейт: «Бир жолу ал (саллаллааху алайхи ва саллам) күйөө баласы Азирети Али (разияллааху анху) жана кызы Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын үйүнө барып: «Тахажжуд намазын окуйсуңарбы?» – деп сураган. (Башкача айтканда, түн ортосунда окулган намаз). Азирети Али (разияллааху анху): «Эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Биз окуганга аракет кылабыз, бирок кандайдыр бир убакта Аллах Тааланын каалоосу астында көзүбүз ачылбаганда, Тахажжуд намазын окубай калабыз», – деп жооп берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Тахажжуд намазын окугула деп туруп, үйүн көздөй басып кеткен жана жолдо кайра-кайра мындай деп кете берген:وَ کَانَ الۡاِنۡسَانُ اَکۡثَرَ شَیۡءٍ جَدَلًاБул Ыйык Курандын аяты, ал адам көп учурда өз катасын мойнуна алгысы келбейт жана күнөөсүн ар кандай жүйөөлөр менен жашырат деген маанини билдирет. Мунун мааниси, Азирети Али (разияллааху анху) менен Азирети Фатима (разияллааху анхаа) кээде биз да ката кетиребиз дегендин ордуна, эмне үчүн алар Аллах Таала биздин ойгонбошубузду каалаганда, биз уктай беребиз дешти жана эмнеге өздөрүнүн катасын Аллах Таалага таандык кылышты?»

(«Тафсир-ул-Куранга Кириш», «Анваар-ул-Улуум», 20-том, 389-390-беттер)

Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) бул окуяны кененирээк баяндайт: «Азирети Али (разияллааху анху) баяндаган окуясынан далилденгендей, бир жолу Азирети Али (разияллааху анху) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га кандайдыр бир талашып-тартышуу чыгарчудай ыкмада жооп кайтарганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ачуулануу же таарынууну билдирүүнүн ордуна, ушунчалык кылдат бир стилди тандаган, Азирети Али (разияллааху анху) өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин анын таттуусунан ырахат алып жаткан болушу керек жана алган рахаты анын акы-укугу болчу. Азыр деле Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын (ал жоопту) жактырбагандыгын билдиргенин билген ар бир кылдат адам (ал окуяга) айран-таң калат. Азирети Али (разияллааху анху) мындай деп айтат, бул «Бухарий» китебинин хадиси: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) бир жолу кечинде мага жана Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызы болгон Фатиматуз-Захраа (разияллааху анхаа)га келип: «Силер Тахажжуд намазын окуйсуӊарбы?» – деп сураган. Мен: «Эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! «Биздин жандарыбыз Аллах Тааланын колунда жана Ал каалаган учурда, бизди ойготот», – деп жооп бердим. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) муну уккандан кийин, кайра кетип калган жана мага эч нерсе деп айткан эмес. Ошондо мен ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аркасына бурулуп туруп, өз сандарын чаап: «Адам көп учурда талашып-тартыша берет», – деп айтып жатканын уккам». Аллах! Аллах! Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)га мындай жооп бербешиң керек болчу деген нерсени кандай кылдаттык менен түшүндүргөн. Эгерде башка бирөө болгондо, ал: «Менин позициямды жана статусумду карачы, анан өз жообуӊду карачы, менин сөзүмдү ушундай жол менен четке кагууга укугуң бар беле?» – деп дароо талашып-тартыша баштамак. Же болбосо, жок дегенде: «Адам аргасыз жана анын бардык иш-аракеттери Аллах Тааланын колунда, Ал каалагандай кылдырат, кааласа, намаз аткарууга мүмкүнчүлүк берет, кааласа, бербейт», – деп айтканың туура эмес деген талкууну баштамак, ошондой эле зордук-зомбулук маселеси Ыйык Куранга каршы келет демек. Бирок, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бул эки ыкманын бирин да колдонгон жок, ал (разияллааху анху)га ачууланган да эмес, талашып-тартышып жатып, Азирети Али (разияллааху анху) айткан сөзүнүн ката экенин да көрсөтүп берген эмес. Жок, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир жакка барып: «Адам баласы өтө кызык, ар кандай маселеде тигил же бул жагынан өзүнүн пайдасына чыгып, талаш-тартышты баштайт», – деп анын жообуна айран-таң калгандыгын билдирген. Чындыгында, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткандары өз ичинде ушунчалык көп пайдаларды камтыган, анын ондон бирине дагы жүздөгөн башка талкуулар менен жетүүгө мүмкүн эмес болчу.

Бул хадистен биз Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын адеп-ахлактарынын ар кандай жактарын чагылдырган көп нерселерди билебиз жана аларды ушул эле жерде эскерүү туура болот. Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) мындай дейт: «Биринчиден, жакындарына түн ичинде кам көргөндүгү – бул такыбалыкка канчалык маани бергендигин көрсөтөт. Өздөрү да жакшы болуп, адамдарга жакшылыкты үйрөтө турган адамдар көп, бирок алардын үйү начар абалда болот жана аларда үй-бүлө мүчөлөрүн реформалап-оңдой ала турган зат жок болот. «Чырактын астында караңгы» деген белгилүү ылакап-мисал ошолорго эле таандык. Башкача айтканда, чырак айланасындагы бардык нерселерди жарык кылып тургандай, бирок анын астында караңгылык болгондой эле. Бул адамдар да башкаларга насаат айтып жүрүшөт, бирок: «Биздин үй-бүлөбүз ушул жарыгыбыздан кандай пайда алышат?» – деп өз үйлөрүнө кам көрүшпөйт. Бирок Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) дүйнөнү жарык кылгысы келген нуру менен өзүнүн жакындары дагы жарык болушу керек деп ойлогон жана аны күрөөгө коюп, аларды тарбиялап турган. Жакын туугандарды тарбиялоо ушунчалык жогорку деңгээлдеги касиет, эгерде ошол ал (саллаллааху алайхи ва саллам)да болбогондо, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын адеп-ахлактарында кандайдыр бир баалуу нерсе жетишпей калмак. Экинчиден, белгилүү болгондой, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) дүйнөгө сунуш кылган таалимдерге өзү да бекем ишенген жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир көз ирмемче да ага күмөн санаган эмес. Мисалы, кээ бир адамдар Кудай сактасын, ал дүйнөнү акмак деп, өз өкмөтүн орнотуу үчүн ушул иштердин баарын жаратып алган, ага эч кандай вахий-аян келген эмес деген сын-пикирди билдиришет. Андай эмес, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн Элчи жана Алланын Пайгамбары экенине ушунчалык бекем ишенген, дүйнөдө анын мисалын табуу кыйын, себеби адамдарга ойдон чыгарылган нерселерди колдонуу менен өз чындыгын далилдеп көрсөтүшү мүмкүн, бирок түнкүсүн бир адам кызы менен күйөө баласына барып, алардан (Алла Таала) парыз кылбаган, жок момун-мусулмандардын жеке абалына калтырып койгон жана түн жарымында ойгонуп, кылына турган ибадатты жасап жатасыңарбы деп сурашын элестетүү кыйын. Ушул учурда анын барышы жана кызы менен күйөө баласын Тахажжуд намазын окууга үндөгөндүгү ал (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдарга үйрөтүүнү каалаган окууга болгон бекем ишенимин билдирет. Болбосо, таалимге баш ийүү бирдей экендигин билген жалганчы адам балдарына мындай жашыруун мезгилде ушул таалимди карманууга насаат кыла албайт. Башкача айтканда, таалимди аткаруу бирөө экенине шек-күмөн жок, бирок ал жашыруун убакытта насаат бере албайт. Бул адам чын жүрөктөн ушул таалимди аткарбай, кемчиликсиздикке жетпейт деген ишеним болгондо гана болот. Башкача айтканда, таалимди ээрчүү же ээрчибөө бирдей, бирок насаат берүү, кечинде, жашыруун убакытта насаат кылуу, адам ушул таалимди аткарбай, өз дининин же ошол таалимдин эӊ улуу мартабаларына жете албайт деген ишеним болгондо гана болот. Үчүнчү нерсе – аны далилдөө үчүн мен бул окуяны айтып бергенмин: Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) ар бир нерсени түшүндүрүүдө сабырдуулук менен мамиле кылып, урушуунун ордуна, сүйүү жана мээримдүүлүк менен бирөөнүн катасын көрсөтүп берчү. Демек, ушул учурда Азирети Али  (разияллааху анху) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын суроосун «биз уктап жатканыбызда, уктап жаткан адам өзүн-өзү башкара албагандыктан, ойгонууга кандай ыктыярыбыз бар? Ал уктап жатканда, менин бир нерсе жасаар убактым келгенин кайдан билет? Эгерде Аллах Таала көзүбүздү ачса, анда намаз окуй алабыз, антпесе биз аргасыз болобуз» деп жокко чыгаргысы келгенде, (анткени, ошол маалда эч кандай коңгуроо сааттары жок болчу), Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) муну угуп, таң калышы керек болчу, анткени Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) жүрөгүндөгү ыйман эч качан Тахажжуд убактысы өтүп кетип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) билбей калчудай даражада ушунчалык кайдыгер мамиле жасоого жол бербейт эле. Ошондуктан, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) башка тарапка бурулуп, адам сөзгө кулак салбай, талашып кетет деп гана айткан. Башкача айтканда, келечекте мындай шылтоолорду айтпай, убакытты текке кетирбөөгө аракет кылууӊар керек. Демек, Азирети Али (разияллааху анху): «Мен ошол окуядан кийин Тахажжуд намазын эч калтырган жокмун», – деп айтат».

(«Сийратун-Набий(САВ)», «Анваарул-Улуум», 1-том, 588-590-беттерден кыскартылып алынды)

Бул тууралуу сөз дагы бүтө элек. Кудай буюрса, келечекте дагы (бул жөнүндө сөз) болот.

Бүгүнкү күндө Пакистанда кырдаал курчуп баратат. Айрым мамлекеттик кызматкерлер молдолорду ээрчип, аны менен тил табышып, мүмкүн болушунча бизге зыян келтирүүгө аракет кылышууда. Ошондуктан, өзгөчө дуба кылгыла жана Рабвахтагы Ахмадийлерди дагы, Пакистандын башка шаарларында жашаган Ахмадийлерди дагы, Аллах Таала аларды бардык жерде коргоп, алардын жамандыктарынан сактасын, ошондой эле өтө коркунучтуу пландарынан жана кутумдарынан да сактасын жана эми аларды катуу жазаласын.

Мен жума намазынан кийин кээ бир кайып жаназаларды да окутам. Алар жөнүндө кыскача айтып өтөйүн. Биринчи сөз Канаданын тургуну урматтуу Командир Чаудхрий Мухаммад Аслам жөнүндө. Ал 2020-жылдын 2-ноябрында каза болгон.اِنَّا لِلّٰہِ وَاِنَّا اِلَیْہِ رَاجِعُوْنَКомандир мырза 1929-жылы Гуджранвала шаарында туулган. Ал Гуджранваладан орто мектепти бүтүрүп, биринчи орунду ээлеген. Андан кийин «Таалимул-Ислам» колледжинен жана «FC» колледжинен экинчи курсун бүткөн. Ал Лахордогу «Мамлекеттик» колледжинен B.Sc дипломун алган. Ал Пенджаб Университетинде доктор Абдус-Салам мырзанын көзөмөлдөгү астында Физика боюнча магистратурансын бүтүргөн. Ал 1948-жылы «Фуркан күчүнө» кошулуп, Азад Кашмирге жөнөтүлгөн, ага Мужахид-э-Кашмир сертификаты жана Кашмирдин Эгемендүүлүк медалы тапшырылган. Ал 1955-жылы Пакистандын Аскер-Деңиз Флотуна кызматка кирип, ал жерде Пакистандын Аскер-Деңиз Академиясында окуу иштери боюнча директор, Кохат шаарында Кызмат аралык Тандоо Кеңешинин Президентинин орун басары, Исламабаддагы Деңиз штаб-квартирасында Деңиз билим берүү кызматтарынын орун басары ж.б. кызматтарда иштеген. Маркум билим берүү тармагында деңиз флотунун жаңы мектептерин жана колледждерин ачууну пландаштырууда, ошондой эле «Деңиз Университетин» түзүүдө негизги роль ойногон.

Пакистан деңиз флотунан пенсияга кеткенден кийин, ал Канадага барып, Торонтодогу Миссиянын үйүндө бир жыл өз жашоосун убактылуу дин иштерине арнаган. Андан кийин 1993-жылы пенсияга чыккандан кийинки «Вакф» үчүн арыз берген, аны Азирети Халифатул Масих IV кабыл алган. Ал Жамаатка кылган кызматтары жыйырма сегиз жылды камтыйт. Бул убакыттын ичинде маркум кыймылсыз мүлк катчысы, Ришта-Ната (байланыштар) катчысы, миссия үйүнүн кошумча катчысы жана гомеопатия клиникасынын жардамчысы сыяктуу кызматтарды аркалай алган. Маркум абдан момун жана жумшак сүйлөгөн адам эле. Ал баарына боорукерлик менен мамиле кылган. Намазды калтырбай аткарчу. Халифат менен өзгөчө мамиледе жана сүйүүдө болгон. Өмүрүн динге арнагандан кийин, ал ар бир көз ирмемди Жамаатка кызмат кылууга жумшоого бүт күчүн жумшаган. Ал бир топ убакыттан бери катуу ооруп келген, бирок айыккан сайын миссия үйүнө келип, дин кызматына акырына чейин жигердүү катышкан. Анын артында анын аялы жана үч уулу калды. Алла Таала маркумга ыраазы болсун жана аны кечирсин, ошондой эле ал кылган жакшы иштерин балдарында да улантсын. Анын келини Нусрат Жахан айым анын абдан боорукер, мээримдүү жана такыба инсан болгонун айтат. Вакфты абдан ишенимдүүлүк менен аткарган. Ал идеалдуу күйөө жана ата болгон. Өлгөнгө чейин, ал балдарына Жамаат жана Кудай менен тыгыз байланышта болуу жана намазды калтырбай, үзгүлтүксүз аткаруу абдан маанилүү деп насаат айтып жүрдү жана өзү да өмүр бою Тахажжуд намазын жана башка намаздарды такай окуп турду.

Экинчи жаназа «Назарат Улия» кеӊсесинде айдоочу болгон Камар Ахмад Шафийк мырзанын жубайы Шахийна Камар айымдыкы. Бул Шахийна Камар айым жана анын уулу кымбаттуу Самар Ахмад Камар 2020-жылдын 12-ноябрында күндүзгү саат бирден он беш мүнөт өткөндө жол кырсыгынан каза болушкан.اِنَّا لِلّٰہِ وَاِنَّا اِلَیْہِ رَاجِعُوْنَАл 38 жашта, кымбаттуу Самар Ахмад Камар 17 жашта болгон. Шахийна Камар айымдын артында жолдошу, эки кызы жана бир уулу, ошондой эле үч бир тууганы калды. Анын кызы Шахийна Камар апам абдан жакшы аял болгон деп айтат. Мени ар дайым жакшылык кылууга үндөп жүрчү, өзү да ар дайым жакшы иштерди биринчилерден болуп аткарчу. Мени менен ар бир кепти бөлүшчү. Ал менин абдан жакшы досум болчу, ал мага болгон нерселеринин бардыгын айтып берчү. Экинчиден, МашаАллах ал Жамааттын иштерине абдан берилген жана ар дайым кызмат кылууга даяр болгон деп дагы бир өзгөчөлүгүн айтат. Анын күйөөсү дагы билиминин төмөндүгүнө карабастан, үйдү мыкты башкарганын, ошондой эле балдарга жогорку деӊгээлде таалим-тарбия бергенин жазат.

Андан кийин анын уулу кымбаттуу Самар Ахмад Камар ибн Камар Ахмад Шафийк мырза эскерилет, ал апасы менен кырсыкка учурап каза болгон. Ал «Таалим-ул-Ислам» колледжинин биринчи курсунун студенти болгон жана Алланын берешендиги менен жакшы окуган. Ошондой эле, ал Худдаамдар менен чогуу өз милдеттерин өтө ынактуулук жана берилүү менен аткарчу. Ал Жамаат иштеринде абдан активдүү болгон. «Заийм» мырза аны чакырганда, ал дароо бардык иштерин таштап кетип калчу. Анын атасы кээде мен үч-төрт күн жол жүргөнүмдө, мага: «Ата, сар-санаа болбоӊуз, мен үйдүн камын көрөм, сиз милдетиңизди жеңилдик менен аткара бериӊиз», – деп койчу. Чындыгында, ошондой болгон», – деп жазат. Ал абдан жоопкерчиликтүү бала болчу. Самар Ахмад Камардын эжеси менин иним МашаАллах абдан жакшы инсан болгон. Ал ачууланбайт эле. Мен аны урушсам дагы, ал таптакыр ачууланбайт эле жана таарынбайт эле, ал балдар жана бир туугандары менен аябай жакшы мамиледе болчу деп айтат. Калган кичүү бир туугандары дагы ошондой жазышкан. Аллах Таала маркумду кечирип, ага мээримин төгүп, бүт үй-бүлөсүнө, жаш балдарга да, ушул балдардын атасына да сабырдуулук жана кайрат берсин. Анын бир уулу каза болуп, аялы да каза болду.

Кийинки жаназа Мухаммад Афзал Хохар мырза шейиттин аялы урматтуу Саида Афзал Хохар айымдыкы, ал Ашраф Махмуд Хохар мырза шейиттин энеси болгон. Анын күйөөсү дагы шейит болгон, уулу да шейит болгон. 2020-жылдын 12-сентябрында Канадада каза болгон.اِنَّا لِلّٰہِ وَاِنَّا اِلَیْہِ رَاجِعُوْنَАнын күйөөсү жана уулу шейит болгондон кийин, ал өтө оор кырдаалдарга туш болгон, бирок ар кандай кыйынчылыктарга чыдамдуулук жана кайраттуулук көрсөткөн. Улуу кадыр-барк менен жашаган. Эч качан арызданбайт эле. Үч кызды турмушка берүү милдетин аткарган. Бир нече жыл мурун, ал дагы бир жаш уулу Асиф Махмуд Хохардын күтүлбөгөн жерден каза болгондо аябай сабырдуулук көрсөткөн. Бул учурда дагы ал өтө чыдамдуулук жана сабырдуулук үлгүсүн көрсөткөн. Ал бардык жакындарына сүйүү менен мамиле кылуучу инсан болгон. Ал меймандос болчу. Ал жакырларга камкор болчу. Халифат менен берилгендик, урматтоо жана сүйүү байланышында болгон. Жамаат тарабынан жарыяланган кыймылдарга катышкандардын алдыӊкысы болчу. Ал өмүр бою ата-энесинин, шейит кеткен жолдошу жана уулунун, ошондой эле үй-бүлөсүнөн болгон башка аксакалдардын атынан кайрымдуулук иштерин жасап келген. Анын ата-энеси урматтуу Мырза Фазал Карим Сахиб жана Сугра Бегам айым Ислам жана Ахмадиятка берилгендерден болушкан. Ал Чыгыш Лондондо жашаган Мырза Мужийб Ахмад менен Мырза Фазлур Рехмандын улуу эжеси болгон. Лахордун тургуну Мубарак Хохар мырзанын улуу жеӊеси болгон. Мубарак Сиддикий мырзанын чоң таежеси болгон. Маркум айым Аллах Тааланын берешендиги менен Мусия болгон. Анын артында уулу урматтуу Билал Ахмад Хохар мырза жана үч кызы Таййиба Курайший, Тахира Маажид жана Самийна Хохар калды. Алла Таала маркумдун даражаларын көтөрсүн. Кечиримдүүлүк жана ырайымдуулук менен мамиле кылсын, ошондой эле ушул балдарга да энесинин жакшы иштерин улантуусуна күч-кубат берсин.

(«Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 25-декабрь, 2020-жыл, 5-беттен 10-бетке чейин)

٭…٭…٭

[1]Пакистандагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын штаб квартирасынын башкы кеңсеси.

[2] Күйөө баланын келинине берет урчу белек.

Share via