Эң мыкты инсандар: Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху)

мечитте окулган жума кутбасы

2020-жылдын 24-июлунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

 Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Азирети Саъд (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу Бадр согушун жана башка бардык согуштарга катышкан. Ал эң мыкты жаачы болгон.

«ТаалимулКуран ва ВакфэАарзий»[1] жетекчиси урматтуу Мухаммад Акрам Сахибдин жубайы, Пиркоттогу урматтуу Икбал Ахмад Насир Сахиб, Азад Кашмирге караштуу Котли районунун Мулиа Жаттан жергесиндеги урматтуу Ибрахим Сахибдин аялы урматту Фатима Фахмийда айым, Хадарабаддагы урматтуу Мухаммад Ахмад Анвар Сахиб жана Сириядагы урматтуу Салийм Хасан АлЖаби Сахибдин эскерилүүсү жана гайып жаназа намазы.

2020-жылдын 24-июлунда, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 24-Вафаа күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маанимазмуну

2020-жылдын 24-июль күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Азирети Саъд (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу Бадр согушу жана башка бардык согуштарга катышкан. Ал (разияллааху анху) эң мыкты жаачы болгон. 2-хижра жылынын Рабиъул-Аввал айынын башында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) меккелик Курайштын чабуулдарын алдын алуу үчун Мухажирлердин алтымыш төөчөндөрүнөн турган аскер тобун жөнөткөн. Ал топ Санийиатул-Маррах деген жерде Икрама бин Абу Жахлдын башкармалыгында эки жүз куралдуу жаштарга кагылышкан. Эки тайпанын ортосунда жаа атышуулар да болгон. Андан кийин каапырлардын кошуунунан эки киши качып, мусулмандарга кошулуп кетишкен.

2-хижра жылынын Жумадиул-Уулаа айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху)нун жетекчилигинде сегиз Мухажирден турган бир топту кабар алуу максаты менен Харрар деген жерге жөнөткөн.

2-хижра жылынын Жумади-ул-Аахир айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн аталары тууганы Азирети Абдулла бин Жахш (разияллааху анху)нун жетекчилигинде Курайштын кыймыл-аракеттерин аӊдуу үчүн сегиз Мухажирден турган бир топту жөнөткөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абдулла бин Жахш (разияллааху анху)га мөөр басылган бир кат берип, Мединадан эки күндүк жол жүргөнүӊөрдөн кийин, бул катты ачыңыз деп көрсөтмө берген. Ал катта Мекке жана Таиф шаарынын ортосунда жайгашкан Нахла өрөөнүндө Курайштын кыймыл-аракеттерин аӊдуу керек деген көрсөтмө жазылган болчу. Жолдо Азирети Саъд (разияллааху анху) жана Утба бин Газван (разияллааху анхум)дун төөсү жоголуп кеткен. Ал төөнү издеп жатып, ал экөө өз шериктеринен ажырашып кетишкен.

Бул учурда Марголис аттуу окумуштуу ал сахаабалар артта калуу үчүн өз төөсүн атайылап жоготушкан деген сын-пикирди билдирген. Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) мындай деп айтат: жогорудагы баатыр сахаабалардын бирөөсү «Би’р-э-Маъуна» окуясында шейит болгон жана экинчиси көптөгөн коркунучтуу салгылашууларга катышып, акыр-аягында Ирактын жеңүүчүсү наамына татыган. Ал эр жүрөк жана ишенимин көрсөткөн мусулмандарга сын-пикирди айтуу Марголис мырзага окшогондорго эле таандык иш.

Мусулмандардын ушул кичинекей тобу өз иши менен алектенип турганда, алар Курайштын чакан кербени менен кагылышкан. Туш келген өзгөчө кырдаалдан улам мусулмандар аргасыздан кербенге кол салышкан. Кол салуунун натыйжасында каапырлардын бир кишиси өлүп, жана экөөсү туткунга алынган. Бирок, тилекке каршы, бирөөсү качып кетүүгө жетишип калган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мусулмандардын кербенге кол салгандыгын билип, абдан нааразычылыгын билдирип, мен силерге ыйык шаарда салгылашууга уруксат берген эмес болчумун деп айтып, колго түшкөн олжону кабыл кылуудан баш тарткан. Экинчи тарапта Курайш дагы ызы-чуу чыгарган жана туткунга алынган кишилерин кайтарып алуу үчүн Мединага барышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Саъд (разияллааху анху) жана анын шеригинин аман-эсен кайтып келгендеринен кийин эки туткунду бошотуп койгон, алардын бирөөсү өз эрки менен мусулман болуп калган.

Бадр согушуна кетип бара жатып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жолдо каапырлардын кыймыл-аракетин аӊдуу үчүн Азирети Али, Азирети Зубайр бин ал-Аваам жана Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анхум)ду жөнөткөн. Ал сахаабалар эфиопиялык бир кулду кармап алып келишкен. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) абдан мээримдүүлүк менен (каапырлардын) кошуунунун кайда тургандыгын сурамжылаган. Ал маӊдайыңарда жайгашкан дөбөнүн аркасында турат деп жооп берген. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) кошуунда канча киши бар экенин сураган, ал муну билбейт эле. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алар үчүн күнүнө канча төө союларын сурганда, ал он төө союлат деп айткан. Ал (саллаллпаху алайхи ва саллам) анда алар бир миңдей киши болушу керек деп айткан. Чындыгында, алардын саны ушундай болгон.

Бадр согушунун учурунда Азирети Саъд (разияллааху анху) жөө басканына карабай, атчандар сыяктуу абдан баатырлык менен салгылашкан, ошол эле себептен, ага ФаарисулИслам (Исламдын мыкты чабаны) деген наам ыйгарылган. Ухуд согушунда Азирети Саъд (разияллааху анху) катуу баш аламандыкка карабай, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллалааху алайхи ва саллам)дын жанында туруктуулук көрсөткөн саналуу сахаабалардын бири болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү Азирети Саъд (разияллааху анху)га ок-найзаларды карматчу жана Саъд (разияллааху анху) душмандарга аябай көп окторду аткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага менин ата-энем сага курман болсун, тынбай ок аткын деп айткан. Саъд (разияллааху анху) өмүрүнүн аягына чейин жогорудагы сөздөрдү аябай сыймыктанып айтып берчү. Ошол эле учурда, Азирети Саъд (разияллааху анху)нун бактысыз каапыр бир тууганы Утба кол салып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эки тиштерин шейит кылган. Азирети Саъд (разияллааху анху) Утбанын ушул бактысыздыгын билгенден кийин анын жүрөгү өч алуу үчүн кайнай баштаган. Ал (разияллааху анху) инисин жок кылуу үчүн тынбай Курайштын кошуунуна кирип издеп чыккан. А түгүл Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын бир тууганына ырайым кылып, Саъд (разияллааху анху)ну токтоткон.

Ухуд согушунда туш келген ошол эле оор кырдаалда Хаббан аттуу каапыр жарадар болгондорго суу ичирип жаткан Азирети Умми Эманды көздөй ок аткан. Ал ок Умми Эмандын этегине тийгенде, Хаббан күлө баштаган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Саъд (разияллааху анху)га берген бир ок так Хаббандын алкымына барып тийген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааланын ушул берешендиги үчүн күлгөн. Бир рабаят боюнча Азирети Саъд (разияллааху анху) Ухуд согушу болгон күнү миң окту аткан.

Худайбия Келишими[2] учурунда элдешүүчүлүк үчүн түзүлгөн келишимге күбө катары кол койгон сахаабалардын арасында Азирети Саъд бин Вакаас (разияллааху анху) дагы бар болчу. Ошондой эле, Мекке Жеңишинин учурунда Мухажирлердин үч желегинин бири Азирети Саъд (разияллааху анху)нун колунда болчу.

Бир жолу Азирети Саъд (разияллааху анху) катуу ооруп калган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху)нун ал-ахвалын сурап келген жана осуят тууралуу сураган. Саъд (разияллааху анху) мал-мүлкүмдүн баарын Алланын жолуна берүүгө даярмын деп жооп берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мал-мүлктүн баарын садага катары берүүдөн кайтарган жана мүлктүн үчтөн бир бөлүгүнө чейин садага кылууга уруксат берген.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү мергенчиликти кылчу эмес, ал эми башкаларды мергенчиликке чакырчу. Ошентип, бир согушта Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху)га аңчылык кылдырган. Саъд жаа тарта баштаганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мээримдүүлүк менен Саъддын ийнине ээгин коюп: «Эй, Аллах! Саъддын жаасы бутасына тийбесин», – деп дуба кылган.

Арабдардын тегерегинде Кайсар жана Кисра деген эки чоң күчтөр бар барчу. Ирактын чоң бөлүгү Кисрага көз каранды болчу. Мадайин, Кадсия, Нахааванд жана Жалуладагы таанымал салгылашуулар Азирети Саъд (разияллааху анху)нун жетекчилигинде болгон.

Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун халифалык доорунда Ирактагы жүрүш бир аз күчтөндүрүлгөндөн кийин муздап калган болчу. Азирети Умар (разияллааху анху) Халифа болуп шайлангандан кийин ал (разияллааху анху) Ирактын жүрүшүнө кайрадан көңүл бурган. Ошол эле мезгилде Хусру Парвиз падышанын небереси Йазд Жард такка отурган, ал Иран падышалыгынын бардык күчтөрүн бириктирген. Жогорудагы кырдаалга байланыштуу, Азирети Умар (разияллааху анху) бүткүл араб дүйнөсүндө жихадга чакыруу салган жана ал жүрүшкө өзү жетекчилик кылууну ойлогон. Азирети Али (разияллааху анху) жана башка улуу сахаабалардын сунушу тескери болуп, Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху)нун атын сунуштаган. Азирети Умар (разияллаху анху) Азирети Саъд (разияллаху анху) тууралуу ал бир баатыр, коркпос жана мыкты жаачы деп айткан. Азирети Саъд (разияллаху анху) Иракка барып, башкаруу милдетин колуна алгандан кийин өзүнүн аскерлерин санап чыкканда, алардын саны отуз миңдин тегерегинде болчу.

16-хижра жылы болгон Кадсия согушунда каапырлардын саны эки жүз сексен миң тегерегинде болчу жана Иран аскерлерине жетекчилик милдети Рустамдын колунда болчу. Азирети Саъд (разияллааху анху) каршылаш аскерлерге Ислам дининин кабарын жеткирүү үчүн Азирети Мугийра бин Шуъбаны жөнөткөн, ага Рустам өтө шылдыңдаган мамиле жасаган.

Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) мындай деп айтат: Азирети Умар (разияллааху анху) Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху)га Ирандын падышасына Ислам дининин кабарын жеткирүү үчүн бир делегатты жөнөтүүгө көрсөтмө берген. Саъд (разияллааху анху) бир делегатты Йазд Жардга жөнөткөндө, ал өтө текеберленип, Ислам дининин кабарын четке каккан жана бир мүшөк топуракты Ислам делегатынын жетекчисине берип, мындан башка эч нерсе берилбейт деп айткан. Ал сахааба бир мүшөк топуракты көтөрүп алып, сарайдан чыгып жатканда, өз шериктерине бүгүн Ирандын падышасы өз колу менен өзүнүн мамлекетинин жерин бизге тапшырып койду деп айткан. Падыша жогорудагы ураанды угуп, аны «жаманчылык белгиси» деп, делегациянын аркасына өз аскерлерин жөнөткөн, бирок ага чейин мусулмандар аттарын минип өтө алыстап кетишкен болчу.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллаху таъаала бинасрихил азиз) кутбанын аягында төмөнкүдөй маркумдарды эскерип, алардын гайып жаназа намазы окулат деп жарыя кылган:

  1. «Таалимул-Куран ва Вакф-э-Аарзий» бөлүмүнүн жетекчиси урматтуу Мухаммад Акрам Сахибдин аялы урматтуу Бушраа Акрам айым 25-март күнү 66 жаш курагында каза тапкан. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.
  2. Пиркоти деген жердеги Икбал Ахмад Насир Сахиб. Ал 14-июль күнү 82 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркумдун бир уулу урматтуу Акбар Ахмад Тахир Сахиб Буркина Фасодо Жамаатыбыздын миссионери болуп кызмат кылып жатат.

  1. Азаад Кашмирге караштуу Котли районунун Мулиан Жаттан деген жердин тургуну урматтуу Мухаммад Ибрахим Сахибдин аялы урматтуу Фатима Фахмийда айым. Ал 18-июль күнү 72 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум айымдын үч уулу жашоосун динге арнап иштешүүдө. Мухаммад Жавид Сахиб Зембияда миссионер катары кызмат кылуу бактысына ээ болууда.

Хадарабаддагы урматтуу Мухаммад Ахмад Анвар Сахиб. Ал 22-май күнү 94 жаш курагында көз жумган. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Сириядагы урматтуу Салийм Хасан Ал-Жаби Сахиб. Ал 30-июнь күнү 92 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Хузур-э-Анвар бардык маркумдардын кечирилүүсү жана даражаларынын жогорулоосу үчүн дуба кылды.

٭…٭…٭

[1] Ыйык Куранды окутуп-үйрөтүү жана өз жашоосун убактылуу динге арноо бөлүмү.

[2] Мусулмандар менен меккелик каапырлардын ортосунда түзүлгөн элдешүүчүлүк келишими.

Share via