Эң мыкты инсандар: Азирети Сухайыб бин Санаан, Саъд бин Рабийъ • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Сухайыб бин Санаан, Саъд бин Рабийъ

мечитте окулган жума кутбасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Бадр согушунда катышкан улуу мартабалуу сахаабалары Азирети Сухайыб бин Санаан жана Азирети Саъд бин Рабийъ (разияллааху анхума)нын улуу мүнөздөрүнүн жагымдуу баяны

Коронавирус, дүйнөнүн бүгүнкү күндөгү кырдаалы, айрыкча Америкада өкүм сүрүп жаткан башаламандык жана тынчсыздык үчүн дубага үгүттөө

Бардык жарандардын укуктарын адилеттүүлүк менен аткарып бийликтер жүргүзүлөт.

 2020-жылдын 5-июнунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 5-июнь күнү Амийрул-Муминийн, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдийдин V Халифасы (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айтты:

Бүгүн дагы Бадр согушунда катышкан сахаабалар тууралуу сөз кылам. Биринчи сахаабанын аты Азирети Сухайыб бин Санаан (разияллааху анху). Ал (разияллааху анху)нун өңү кызыл, бою орточо жана чачы калың  болчу. Кисра падышачылыгынын мезгилинде анын атасы же агасы Убулла шаарынын акими болчу. Дажланын жээгинде жайгашкан ушул шаар кийинчерээк Басра деп аталып калган. Римдиктер ушул аймакка чабуул жасашканда, Сухайыб (разияллааху анху) жаш курагында эле туткундукка алынган. Ошентип, ал римдиктердин арасында чоңоюп өскөн. Бир рабаят боюнча Сухайыб (разияллааху анху) акыл-парасат курагына толгондо, Римден качып Меккеге келген.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Курани Каримди башка адамдар же кулдардын жардамы менен жаратып алган деген сын-пикирге жооп берип, Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) Азирети Сухайыб (разияллааху анху)ну дагы мисал катары келтирип, мындай деп айткан: Азирети Сухайыб (разияллааху анху) Абдулла бин Жадъандын кулу болчу. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га ыйман келтирген. Алла жана Анын Пайгамбарына келтирген ыйманы эле аны туруктуулук бойдон кармаган. Жогорудагы сын-пикир такыр эле негизсиз. Ал кулдар балээ-кырсыктарга кабылуу үчүн ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га жардам беришкен беле?

Азирети Сухайыб (разияллпаху анху) отуздан ашуун адамдан кийин Ислам динин кабыл кылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: төрт киши Ислам динин эң алдыңкылардан болуп кабыл кылган; арабтардан мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өзү), римдиктерден Сухайыб (разияллааху анху), Перстерден Салман (разияллааху анху) жана абиссиниялыктардан (эфиопиялыктардан) Билал (разияллааху анху). Азирети Сухайыб (разияллааху анху) дүйнөлүк мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан эң көп азап чектирилген момундардын бири болчу. Азирети Аммар бин Ясир (разияллааху анху), Абу Фаид, Амир бин Фухайра жана башка сахаабалардын ахвалы дагы ошондой болчу. Азирети Али (разияллааху анху) жана Азирети Сухайыб (разияллааху анху) Мединага эң аягында көчүп барышкан. Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Азирети Сухайыб (разияллааху анху) өтө бай адам болуп, меккеликтердин арасында таасирлүү адамдардын бири болуп саналчу. Ал (разияллааху анху) кулдуктан азаттыкка чыккандыгына карабай, Курайиш уруусундагылар аны абдан сабашчу, натыйжада ал эс-учун жоготуп салчу. Ал Мединага көчүп барууга ниеттенгенде, каапырлар Меккеден тапкан кирешең жана мал-мүлкүңдү Меккеден тышка алып чыгууңа жол бербейбиз деп айтышкан. Ошондо, ал (разияллааху анху) мал-мүлкүн толугу менен меккеликтерге тапшырып, эч нерсеси жок бойдон Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га келген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Сухайыб! Сенин ушул соодаң башка бардык соодаларыңдан дагы пайдалуу болду», – деп айткан. Ал (разияллааху анху) Бадр согушу жана башка бардык согуштарга дагы катышкан. Ал (разияллааху анху) карыганда адамдарды топтоп алып, өзүнүн согуштагы эрдиктерин абдан кызыгуу менен айтып берчү.

Бир рабаят боюнча Азирети Салман, Азирети Сухайыб жана Азирети Билал (разияллааху анхум) бир жерде отурушканда, Абу Суфян бин Хараб алардын жанынан өтүп бараткан эле. Адамдар Алла Тааланын кылычтары Анын душмандарынын моюндарын алдыра элек дей башташкан. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) адамдар билдиришкен ошол пикирин жактырбай, аларды тыйган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жогорудагы окуя жөнүндө кабар болгондон кийин, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Абу Бакр (разияллааху анху)га мындай деп айтты: «Сен алардын ачуусун келтирүүгө түрткү болгон окшойсуң, эгер алардын ачуусун келтирген болсоң, анда сен өз Кудайыңдын ачуусун келтирген болосуң».

Азирети Умар (разияллааху анху) Азирети Сухайыб (разияллааху анху)ну аябай жакшы көрчү. А түгүл, Азирети Умар (разияллааху анху) катуу жаракат алган учурунда, менин жаназа намазымды Азирети Сухайыб (разияллааху анху) окуйт жана (мен кайтыш болгондон кийин) кеңеш мүчөлөрү (кийинки) Халифаны шайлаганынча үч күн бою намаздарда мусулмандарга имамчылык кылат деп осуят кылган. Бир учурда Азирети Умар (разияллааху анху) мындай деп айткан: эй, Сухайыб! Мен үч айыптан башка сенде эч кандай айыпты көрбөйм. Эгерде, ал үч айып сенде болбогондо, башка эч бирөөнү сенден артыгыраак санабайт элем: сен араб эмес экениңе карабастан өзүңдү арабдардан эсептейсиң; сен бир пайгамбардын атынан менин Куниятым «Абу Яхя» деп айтасың; сен өз мал-мүлкүңдү керексиз сарптайсың. Азирети Сухайыб (разияллааху анху) буга мындай деп жооп кайтарган: мен ылайыктуу жерде эле мал-мүлкүмдү сарптайм. Абу Яхя деген Куниятты Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү мага ыйгарган. Ошондуктан, мен аны колдонуудан баш тарта албайм. Римдиктер жаш курагымда мени туткундукка алып алышкан болчу. Ошентип, мен алардын тилин үйрөнүп алгам. Чындыгында, мен Намар бин Каасит уруусунан болом.

Азирети Сухайыб (разияллааху анху) 38 же 39-хижра жылынын Шаввал айында каза болгон. Ал (разияллааху анху) Мединада көмүлгөн. Ал (разияллааху анху) каза болгон учурунда 73 же айрым рабаяттар боюнча 70 жашта болчу.

Мындан кийинки сахааба Азирети Саъд бин Рабийъ (разияллааху анху) тууралу сөз болот. Ал (разияллааху анху) Ансардын Хазраж уруусунун Бану Хаарис үй-бүлөсүнөн болчу. Ал караңгылык доорунда дагы кат-сабаты бар адам болгон. Азирети Саъд (разияллааху анху) Акабадагы Биринчи жана Экинчи Байъат аземине катышкан. Хижраттан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Саъд (разияллааху анху) жана Азирети Абдур-Рахмаан бин Ауф (разияллааху анху)нун ортосунда диний тууганчылыкты түзгөндөн кийин ал (разияллааху анху) Азирети Абдур-Рахмаан бин Ауф (разияллааху анху)га мындай деп айткан: мен Ансаарлардын арасында эң бай адамдарданмын. Мен мал-мүлкүмдү экиге бөлүп, жарымын сизге берип коём; ошондой эле эки аялымдын кайсы бирин жакшы көрсөңүз, мен аны менен ажырашам. Идда мөөнөтү өткөндөн кийин сиз аны менен үйлөнүп аласаңыз болот. Азирети Абдур-Рахмаан бин Ауф (разияллааху анху) Саъд (разияллааху анху)га мен ага муктаж эмесмин, сиз жакын жерде соода боло турган бир базарды мага көрсөтүп коюңуз деп айткан.

Азирети Саъд бин Рабийъ (разияллааху анху) Бадр жана Ухуд согуштарына катышкан жана ал (разияллааху анху) Ухуд согушунда эле шейит болгон. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Саъд (разияллааху анху)нун курман болгондугу тууралуу айрым рабаяттарды окуу менен бирге Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) жана Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) айтып беришкен ой-пикирлерин дагы айтып берген. Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад сахиб (разияллааху анху) Ухуд согушундагы кайгылуу окуяны сүрөттөп жатып мындай деп жазат: согуш аяктап калгандан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) жарадар болгонуна карабастан согуш аянтчасына чыгып келген. Шейит болгон мусулмандардын өлүктөрү кам көрүлүп жаткан учуру мусулмандардын катуу ыйлоосуна себеп болгон. Кан жана топуракка чыланган жетимиш мусулмандын сөөктөрү, Араб элдеринин Муслах деген жапайычылык салтынын абдан коркунучтуу көрүнүшүн көрсөтүп жатты. Ал кезде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ав саллам)дын айткандыгы менен бир Ансаар сахааба Азирети Убай бин Каъб (разияллааху анху) Азирети Саъд бин Рабийъ (разияллааху анху)нун ахвалын билүү үчүн согуш аянтчасына барды. Ар тараптан издеп жана чакыргандан кийин Азирети Убай бин Каъб (разияллааху анху) бийик үн менен Саъд бин Рабийъ каякта? Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) мени кабар алуу үчүн сизге жөнөткөн деп чакырып издөө салган. Бул чакырык Саъд (разияллааху анху)нун жарым өлүк денесин жандандырган. Ал (разияллааху анху) үйүлгөн өлүктөрдүн астында акыркы демдерин алып жаткан болчу. Ал кичине жана басыңдуу үн менен мен бул жердемин – деп жооп кайтарган. Убай бин Каъб (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) мени ал-ахвалыңызды билүү үчүн жөнөткөн деп айтканда, ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салам, тактап айтканда, Ассаламу Алайкум ва Рахматуллаахи ва Баракатуху деп айтып, Алла Таала сообун берсин деп дуба кылган. Андан кийин мусулмандарга салам жеткиргенден кийин мындай деп айткан: менин элиме барып, эгерде силердин тирүү болгонуңарда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кандайдыр бир зыян жетсе, анда Алла Тааланын алдында силердин кечирип сураганыңар угулбайт деп коюңуз деген. Муну айтып бүткөндөн кийин Азирети Саъд (разияллааху анху)нун жаны үзүлгөн. Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) Азирети Саъд бин Рабийъ (разияллааху анху)нун окуясын айтып бергенден кийин мындай деп айткан: карагыла, ушундай абалда адамга «менин бала-чакам эмне болушат» деген сыяктуу ар кандай ойлор келет. Бирок ал сахааба бул тууралуу эч бир тилегин айткан эмес. Ал биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды коргогон бойдон ушул дүйнөдөн кайтуудабыз, силер дагы ушул эле жолду тандап аркабыздан келгиле деген билдирүүнү гана жасаган.

Бир жолу Азирети Саъд (разияллааху анху)нун кызы Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)га келгенде, Абу Бакр (разияллааху анху) ага өзүнүн колдонуп жүргөн жамынычын жайып берген. Бул арада Азирети Умар (разияллааху анху) келип, ал аял жөнүндө сураганда, Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) мындай деп айткан: бул аял мен жана сиз экөөбүздөн дагы жакшыраак болгон жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүү кезинде каза болгон адамдын кызы болот. Ал бейиштен орун тапкан. Биз, сиз экөөбүз болсо, артта калдык.

Азирети Саъд (разияллааху анху) бир бай адам болчу. Шейит болгон учурда аялы менен эки кызы артта калышкан. Ал мезгилге чейин мурас боюнча шарият буйруктары түшө электигине байланыштуу Саъд (разияллааху анху)нун бир тууган байкеси мүлкүн толугу менен көзөмөлүнө алып алган. Саъд (разияллааху анху)нун жесири жогорудагы маселени Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алйхи ва саллам)га келип айтып берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ага сабыр кылууга насаат кылган. Андан кийин көп өтпөй эле мурас боюнча өкүмдөр түшүп калган, натыйжада Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алйхи ва саллам) Азирети Саъд (разияллааху анху)нун байкесин чакыртып, мурас боюнча түшкөн жаңы көрсөтмөлөрдүн негизинде мурасты бөлүштүргөн.

Хузур-э-Анвар аялдардын укуктары тууралуу Ислам дининин окуулары жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өрнөктүү жашоосунан турган Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху)нун бир үзүндүсүн дагы окуп берген.

Кутбасынын аягында Хузур-э-Анвар дагы бир жолу дүйнөдө жайылган коронавирус, дүйнөнүн азыркы кырдаалы, айрыкча Америкада жайылып кеткен башаламандык жана тынчсыздык үчүн дуба кылууга чакырып, мындай деп айтты: Алла Таала жарандарга мыйзым ченемде өздөрүнүн талаптарын билдирүүгө жана ошол эле учурда өкмөттөргө адилеттүүлүк менен бардык жарандарынын укуктарын аткарууга күч-кубат тартууласын. Пакистанда Ахмадийлерге карата күчөп бара жаткан зулумдук жана куугунтук тууралуу мындай деп айтты: Пакистан өкмөтү өзүнүн тарыхынан сабак алып, адилеттүүлүк менен бийликти жүргүзүүсү керек. Ахмадияттын маселесин көтөрүп, зулумдук кылып, мурда дагы эч бир бийлик күчүндө калган эмес жана келечекте дагы калбайт. Ооба, жасалып жаткан ушул зулумдардын натыйжасында дүйнө жүзүндө мурдагыдан көп Ахмадият өсүп-өнүгүп кеткен. Кудай кааласа, бул өнүгүш кийин дагы улана берет. Алла Таала адамдарга акыл-парасат тартууласын, себеби алардын жашоосу жана сактануусу Жалгыз Кудайдын алдына жыгылуу жана бири-биринин укуктарын аткарууда гана. Аамийн

٭…٭…٭

Share via