Эң мыкты инсандар: Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху)

мечитте окулган жума кутбасы

2020-жылдын 3-июлунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

 Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Ифк[1] окуясынын учурунда дагы Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) эң жогорку деңгээлдеги ыкыластуулуктун үлгүсүн көрсөткөн. Ошондой эле, Бану Курайза уруусунун башчысы Каъб бин Асад менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөн сөзү өтө турган сахаабалардын арасында ал (разияллааху анху) дагы бар болчу. Ахзаб согушунан кийин Бану Курайза уруусунун чыккынчылыгына байланыштуу жаза берүүдө дагы Саъд (разияллааху анху)нун ролу бар.

2020-жылдын 3-июль күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Өткөн кутбалардан бери Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) тууралуу сөз болуп жаткан. Бадр согушунун учурунда орун алган ишенимди көрсөтүүчү окуяны Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху) өзүнүн өзгөчө ыкмасы менен мындай деп айтып берген: адамдын сүйүү-махабаты бар жерде ал өзүнүн сүйүктүүсүнүн зыянга кабылышын же согушка катышуусун эч каалабайт. Албетте, бул табигый нерсе. Кудум ошондой, сахаабалар дагы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын согушка катышуусун каалашкан эмес.

Бадр майданына жакындап калганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабаларына Алла Таала силер кербендегилер менен эмес, тескерисинче, аскерлер менен беттешесиңер деген кабарды мага берген деп айткан. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабалардан кеңеш сураганда, улуу сахаабалар абдан эр жүрөктүк менен кайрылууларды жасашкан. Бирок, алар жасашкан ар бир кайрылуусунан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мага кеңешиңерди бергиле деп кайталап турган. Ошондо, Азирети Аус уруусунун жетекчиси Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын максат-мүдөөсүн баамдап, Ансарлар тарабынан ыкыластуулук жана берилгендикке толгон сезимдер менен сүйлөп, сиз (саллаллааху алайхи ва саллам) каалаган жерге биз сиз менен чогуу барабыз. Кудайга касам! Эгерде сиз деңизге секиргиле деп буюрсаңыз, анда арабыздан бирөөбүз дагы кечикпей секирип кетебиз. Биз сиздин алдыңызда дагы, артыңызда дагы, оң тарабыңызда дагы жана сол тарабыңызда дагы салгылашабыз жана душман сөөктөрүбүздү тебелеп өтмөйүнчө сизге чейин жете албайт деп айткан. Он үч согушта Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу катышкан бир сахааба согуштарга катышуумдан көрө Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) сүйлөгөн ошол сөздөр менин тилимен чыкса, абдан бактылуу болот элем деп айтат.لَہٗ مُعَقِّبٰتٌ مِّنۡۢ بَیۡنِ یَدَیۡہِ وَ مِنۡ خَلۡفِہٖ«Ал үчүн анын алдында жана аркасында жүргөн коргоочулар дайындалган» (13:12) деген аятты чечмелеп, Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) мындай деп айтат: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын пайгамбарчылык доорунун бүт баары ошол коргонуучулук ага насип этилгенине далил болуп саналат. Мисалы, Ыйык Меккеде ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды периштелер эле коргошкон. Болбосо, ушунчалык көп каршылаштардын арасында камалып туруп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жаны сактануусу мүмкүн беле эле? Ооба, Мединада асмандык периштелер менен бирге дүйнөлүк периштелер, башкача айтканда, сахаабалардын коргоосу дагы ага насип этилген. Анан Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) Бадр согушунда орун алган ыкыластуулук жана берилгендикти билдирүүчү ошол өзгөчө окуяны баяндагандан кийин ушул берилген адамдар дагы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды коргоо үчүн дайындалган Муъаккибат тактап айтканда, коргоочулардын сабына киришет деп айткан.

Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) өзүнүн «Сийрат Хаатамун-Набиййин» аттуу китебинде Бадр согушунун учурунда Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) көрсөткөн ыкыластуулугунан сөз кылып, мындай деп жазат: Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) Бадр майданынын бир бөлүгүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үчүн бир чаатырды тигип, анын жанында бир асыл зат төөнү байлап койгон. Анан Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)га кайрылып, эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Сиз бул чаатырда отуруп туруңуз. Биз болсо, Алланын аты менен душман менен салгылашабыз. Эгерде Кудай Таала жеңишти бизге насип этсе, анда Ал-Хамдулиллах[2]. Бирок, Кудай сактасын, эгерде ахвал башкача болсо, анда сиз өз унааңызды минип, кандай болсо да, Мединага жетип барыңыз. Ал жерде сүйүү жана ыкыласттуулук боюнча бизден артта калбаган туугандарыбыз бар. Алар сизди коргоп жатып, өз жандарын аяшпайт деп айткан.

Ухуд согушунун кечкисинде Азирети Саъд бин Муъааз, Азирети Усайд бин Хузайр жана Азирети Саъд бин Убада (разияллааху анхум) курал-жарак алып, «Набавий» мечитинде Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үйүнүн эшигин кайтарышкан. Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) ат минип, ийинине жаа көтөрүп, жана колуна найза алып, Мединадан жөнөгөндө, Саъд бин Муъааз жана Саъд бин Убада (разияллааху анхум) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын унаасынын алдында жай чуркап барган.

Азирети Убада кылынган Реформатор[3] (разияллааху анху) Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху)нун энесинин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата болгон катуу сүйүүсүнөн сөз кылып, мындай деп айтат: Ухуд согушунан кайтып келе жатканда, Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын унаасынын жүгөнүн кармап, аябай сыймыктанып басып баратты. Ал (разияллааху анху)нун бир тууганы согушта шейит болгон эле. Мединада Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шейит болуусу тууралуу кабар тарап кеткен болчу. Бул кабарды угуп, Саъд (разияллааху анх)нун улгайган жана көрүүсү начарланган энеси араӊ басып, Мединадан чыгып келе жаткан эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) ал кемпирге жакындаганда, кемпир өзүнүн уулдарынын ахвалын сураган эмес, жок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аманчылыгы жана анын каякта экендигин сураган. Саъд мына сиздин мындайыңызда эле турат деп айткан. Ал кемпирдин начарланган көздөрү ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүзүн караган бойдон калган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага эй, аял! Сиздин уулуңуздун согушта шейит болгонуна абдан кайгырам деп айткан. Ал кемир сүйүү сезимдерине толгон кандай сонун жооп берген: эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Сиз эмне деп жатасыз? Мен сиздин коопсуздугуңузга кабатыр болуп жаттым эле.

Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху) аялдарды даават милдетине чакырып, мындай деп айтат: Ислам динин жайылтуу жана даават иштерин жүргүзүүдө эркектер менен чогуу жүрүшкөн аялдар мына ушулар болгон. Силер дагы Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)га ыйман келтиргенңерди билдиресиӊер. Убада кылынган Масийх жана Махдий Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көлөкөсү болгондон кийин силер аял сахаабалардын көлөкөсүңөр деп айтсак болот. Бирок, силер чын жүрөктөн айткылачы, ал аял сахаабаларда кезиккен динге кызмат кылуу шыктуулугу силерде дагы барбы? Эгерде бул жаатта жакшылап көңүл бурсаңар, анда өзүңөрдү ал аял сахаабалардан кыйла артта экениңерди табасыңар.

Хузур-э-Анвар Азирети Убада кылынган Реформатор бул жерде аялдарга кайрылып жаткандыгы үчүн бул жерде аялдар тууралуу айтылууда. Болбосо, көптөгөн учурларда мурунку Халифалар айтып келишкен, мен дагы көп жолу биздин эркектерибиз дагы сахаабалардын үлгүсүн көрсөтүүлөрү керек, ошондо гана Ислам динин дүйнө жүзүнө жайылтуу деген билдирүүнү жасап, жана аны ишке ашыруучулардан болобуз деп айткам деди.

Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху) аял сахаабалар кылган курмандыктар тууралуу сөз кылып, мындай деп айтат: Христиан дүйнөсү Мария Магдалинин жана анын шериктеринин душмандан жашынып алып, Масийхтин мүрзөсүнө жетип барган эрдигине өтө кубанышат. Мен аларга: «Келгиле, менин Сүйүктүүмдүн ыкыластуу жана берилген сахаабаларынын эмне деген оор абалда ага жардамчы болуп, Кудайдын жалгыздыгы туусун көтөрүшкөнүнө көңүл буруп көргүлө», – деп айтам.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединага көчүп келгенде, жөөттөрдүн башка башчылары менен бирге Каъб бин Ашраф дагы коопсуздук жана биргелешип коргонуу келишимине катышкан. Бирок, ал жашыруун түрдө эң алдыңкылардан болуп Ислам динине каршы ишмердүүлүктөр менен алектенип жүргөн. Каъб жөөт уламаларына аябай көп кайрымдуулук жардам да берчү. Мусулмандардын Бадр согушундагы өзгөчө жеңишинен Каъб аябай кыжырланган. Ал эми бул жаңы дин өзүнөн-өзү жоголбойт окшойт деп, Ислам динин жок кылууга бекем ниет кылган. Ошентип, ал Меккеге барып, өзүнүн тили өткүрлүгү жана акындык чеберчилиги менен Курайш уруусунун жүрөктөрүндө күйүп жаткан отун дагы жалындатып, Курайш башчыларына Каабанын пардасын карматып туруп, алардан Ислам динин жана анын Негиздөөчүсүн дүйнө жүзүнөн жок кылууга ант алган. Ал буга гана чектелбей, араптардын башка урууларын дагы Ислам динине каршы тукуруп жүргөн. Ал Мединада Ислам динине каршы, а түгүл мусулман аялдарга карата ыпылас ырларды ырдаган. А гана эмес, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды өлтүрүү үчүн бир кутумду уюштурган. Маселе ченине жеткенде, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединанын демократиялык падышачылыгынын президенти жана улуу акими катары Каъбды келишимди бузгандыгы, чыккынчылыгы, согушка тукургандыгы, фитна-чагымчылыкты уюштургандыгы, бузуку сөздөрдү сүйлөгөндүгү жана Пайгамбарды өлтүрүүгө кутум уюштургандыгы үчүн ылайыктуу ыкма менен өлтүрүүгө буйрук берген. Бул ишти ишке ашыруу үчүн ал Мухаммад бин Маслама (разияллааху анху)ну тандаган жана ага Каъбды өлтүрүү үчүн кандай гана ыкманы тандасаӊыз да, Аус уруусунун башчысы Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) менен сөзсүз кеңешип алыӊыз деп баса белгилеп айткан. Ошентип, кеңешке ылайык Мухаммад бин Маслама Абу Наила жана эки-үч башка сахаабалар менен барып, Каъб бин Ашрафка чыгарылган өлтүрүү өкүмүн ишке ашырган.

Бану Назир уруусунан колго түшкөн олжо тууралуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ансарлардын алдында төмөнкүдөй эки сунушун койгон: олжо мал-мүлктөрү Ансарлар жана Мухажирлердин арасында бирдей бөлүштүрүлсүн же олжолордун баары Мухажирлердин арасында бөлүштүрүлүп, натыйжада алар өз бутуна туруп, Ансарлардын үйүлөрүнөн чыгып кетишет. Ошондо, Саъд бин Убада жана Саъд бин Муъааз өз ара кеңешип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Сиз ушул олжолорду Мухажирлерге бөлүштүрүп бериңиз жана алар мурункудай эле үйлөрүбүздө жашай беришсин. Алар үйлөрүбүздөн чыгып кетишсин деп айтпайбыз дешкен. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) муну угуп, абдан сүйүнгөн жана эй, Алла! Ансарлар жана алардын уулдарына ырайым кылгын деп дуба сураган.

Ифк (жалган) окуясынын учурунда дагы Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) эң жогорку деңгээлдеги берилгендик үлгүсүн көрсөткөн. Ошондой эле, Бану Курайза уруусунун башчысы Каъб бин Асад менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөн таасирлүү сахаабалардын арасында ал (разияллааху анху) дагы бар болчу. Ахзаб согушунан кийин Бану Курайзанын чыккынчылыгы үчүн аларды жазалоодо дагы Саъд (разияллааху анху)нун ролу бар.

Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар Ахзаб согушу  тууралуу кезиккен маалымат өтө көлөмдүү болгонуна байланыштуу эмкиде айтып берем. ИншаАллах

٭…٭…٭

[1] «Жалган» жана «калп» дегенди билдирет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жубайы Азирети Айша (разияллааху анхаа)га эки жүздүүлөр тарабынан коюлган доомат «Ифк» деп аталат.

[2] Баардык мактоо-алкоо Аллага таандык.

[3] Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху).

Share via