Эң мыкты инсандар: Азирети Саъд бин Муъааз (разияллаху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Саъд бин Муъааз (разияллаху анху)

мечитте окулган жума кутбасы

2020-жылдын 10-июлунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Бану Курайза уруусунун чыккынчылыгы жана Кудайдын тагдырынан улам аларга жазалоо окуясы тууралуу кеңири маалымат

Каза тапкан төрт муркумГанадагы Лажна Имааиллах уюмунун президенти урматтуу Хажия Рукаййа Халид айым, Жамаатыбыздын миссионери урматтуу Шейх Мубарак Ахмад мырзанын аялы урматтуу Сафия Бегам айым, Жамаатыбыздын «ВакфэЖадид» системасынын кол астында иштеп жүргөн Муъаллими (пенсионер) урматтуу Али Ахмад мырза жана Пакистандын Наровал шаарындагы урматтуу Рафийка Бүбү айымдын эскерилүүсү. Булар менен чогуу айрым башка маркумдардын гайып жаназа намазы окулду.   

 2020-жылдын 10-июлунда, башкача айтканда 1399-хижра жылынын 10-Вафаа күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 10-июль күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.  Британия өкмөтү тарабынан карантин чаралары бир аз жеӊилдетилгенден кийин Жамаат мүчөлөрү Мубарак мечитинде Амирул-Му’минийн Азирети Убада кылынган Масийхтин V  Халифасы (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) аркасында коомдук аралыктын принциптерин сактаган бойдон жума намазын окушту.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Өткөн жума кутбасында мен айтып бергендей, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Ахзаб согушунан кийин Бану Курайза уруусунун чыккынчылыгына жаза берүүгө Алла Таала тарабынан буйрук келген. Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) Ахзаб согушунун аякталуусу тууралуу айтып жатып, мындай деген: мусулмандар жыйырма күндөн кийин бир аз жеӊил абалга келишкен. Бирок, азыр Бану Курайза уруусунун маселесин чечүү керек болчу. Алар көрсөткөн чыккынчылыгын жазасыз калтыруу мүмкүн эмес болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алйхи ва саллам) кайтып келери менен сахаабаларга үйлөрүӊөрдө эс албай, шаам маалынан мурунураак Бану Курайза уруусунун сепилдерине жетип баргыла деп айткан. Ошол эле учурда алардын келишимди бузгандыгынын себебин билүү үчүн Азирети Али (разияллааху анху)ну Бану Курайза уруусуна жөнөткөн.  Жөөттөр уялуу жана кечирим суроонун ордуна Азирети Али (разияллааху анху) жана анын шериктерине оройлук кылышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана ыйык аялдары тууралуу одоно сөздөрдү айтып, ар түрдүү келишимдерди аткаруудан баш тартышкан. Азирети Али (разияллааху анху) кайтып келип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га жүрөгүн калтырбоо максатында, эй, Алланын Элчиси! Сиз кыйналбай эле койуңуз, бул согушууга биз эле жетиштүүбүз деп айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менин оюмча алар сөгүп жатышса керек. Алардын сөгүнгөнүн менин кулагым укпасын деп каалайсыңар. Муса пайгамбар алардын өздөрүнүкү болчу. Бирок алар аны мындан дагы көп кыйнашкан деп айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз сахаабалары менен чогуу жөөттөрдүн сепилдерине жеткенде, алар сепилдеринин эшиктерин жаап алып, мусулмандар менен салгылаша башташкан. Бир нече күндөн кийин жөөттөр өздөрүнүн салгылашууну узак мөөнөткө созо алышпаганын байкап, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан Аус уруусунун лидери жана алардын досу Абу Лубабаны кеңешүү үчүн аларга жөнөтүлүшүн суранышкан.

Бану Курайзанын адамдары Абу Лубабадан «жөөттөр өз чечимин Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)га калтырышсынбы же жокпу?» деген кеңешин сурашкан. Абу Лубаба өз тили менен «ооба» деп, бирок колун моюнуна тийгизип, өлүмгө ишарат кылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алйхи ва саллам) ага чейин өзүнүн чечимин билдире элек болчу. Бирок, Абу Лубаба жөөттөр жасап келген оор кылмыштардын жазасы өлүмдөн башка да болушу мүмкүнбү? дегенди ойлогон. Эгерде алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чечимин кабыл кыла турган болушканда, алар дагы башка уруулар сыяктуу Мединадан куугунтукталуу деген жазаны алышмак. Бирок, тилекке каршы жөөттөр чечим чыгаруу милдетин өзүнүн шериктеш уруусу Аустун лидери Саъд бин Муъаазга тапшырышкан. Бул чечимден кийин Бану Курайза уруусунда карама-каршылык чыгып, саналуу кишилери келишимдин бузгандыгы үчүн Жизя төлөөнү же мусулман болууну талап кылышкан, бирок жөөттөр эл катары өз пикирине бекем тура беришкен. Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) дагы алар койгон талапты кабыл алып, Саъд бин Муъааз (разияллааху анху)ну чечим чыгаруу үчүн чакырткан. Саъд (разияллааху анху) Бану Курайзанын сепилдеринин жанына келип, биринчиден, ал өз элинен Сааддын чечимин кабыл аларына убада алган. Андан кийин жөөттөрдөн убада алган, анан көздөрүн ылдыйлатып Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) отурган жакка ишаарат кылып, бул жакта отургандар дагы убада беришеби деп сураган Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ооба!» – деп жооп берген.

Үч тараптан тең убада алгандан кийин Азирети Саъд (разияллааху анху) жеңилип калган улуттар тууралуу Библиянын буйругунун негизинде, Бану Курайзанын согушчандары өлтүрүлүшсүн, алардын аялдары менен балдары туткунга алынышсын жана алардын мал-мүлктөрү болсо, мусулмандарга бөлүштүрүлсүн деген чечимди чыгарган.

Жогорудагы чечимден белгилүү болгондой, эгерде жөөттөр жеңишке жетишкенде, мусулмандардын баары өлтүрүлүшмөк же аларга кичине жеңилдик берилишкенде дагы, Библиядагы «Мыйзам» китебинин чечимине ылайык, алардын бардык эркектери өлтүрүлүшүп, аялдары, эркек балдары жана буюмдары талап-тонолуп алынмак.

Жогорудагы чечимге Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) жана мусулмандар жооптуу эмес, тескерисинче, миңдеген жылдардан бери башка улуттар менен кудум ошондой мамиле кылып келишкен Муса (алайхиссалам), Тоорат жана жөөттөрдүн өздөрү гана жоопкер. Бүгүн христиан дүйнөсү Мухаммад (саллаллаахй алайхи ва саллам) адилетсиздик кылган деп жар салат. Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) христиан жазуучулары Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын башка бир дагы зулумдук кылганын көрүштүбү? Көп жолу душмандар өздөрүн-өздөрү Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га тапшырышкан, бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ар дайым аларды кечирип койгон. Ушул бир эле учурда душмандар биз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чечимин кабыл кылбайбыз деп туруп алган болчу. Андан тышкары, чечим чыгарылуудан мурун ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дан чыгарыла турган чечимди кабыл кыларына убада алынган болчу. Мына ошондой жагдайда өз жандарына өздөрү зулум кылган тарап – бул жөөттөрдүн өздөрү гана.

Хузур-э-Анвар жогорудагы окуя тууралуу Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) кеңири баяндаган маалыматты дагы айтып берди. Ал (разияллааху анху) мындай дейт: Бану Курайзанын келишимди бузуусу, чыккынчылыгы, козголоңу, фитна-чагымчылыгы жана кан төгүүсүнүн айынан Кудайдын сотунда ошондой согушчандардын дүйнөдөн жок кылынуу чечими мурда эле чыгып калса керек. Бирок, Алла Таала ошол чечимдин Өзүнүн Пайгамбарынын колунан чыгарын каалаган эмес, ошол үчүн Ал абдан татаалдай көрүнгөн кайып кудуреттери аркылуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ушул маселеден оолак кармаган жана Саъд бин Муъааз аркылуу ушул чечимди жарыялаткан.

Чечимди уккандан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Бану Курайзанын эркектери жана аялдарын өз-алдынча ажыратууга буйрук берген. Ошентип, эки тайпа эки башка үйлөрдө кармалышкан жана алар аябай көп мөмө-жемиштер менен камсыз кылынган. Эртеси күнү эртең менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир нече жигердүү адамдарды Саъда бин Муъааз (разияллааху анху) чыгарган чечимди ишке ашыруу үчүн дайындаган жана өзү дагы жакын бир жерде отурган.

Саъд (разияллааху анху) чыгарган чечиминен кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өзүнүн бийлик системасынын негизинде ушул чечимди эң жакшы жол менен ишке ашыруусунан башка эч тиешеси жок болчу. Ошентип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ырайымдуулук жана мээримдүүлүктүн эң жакшы үлгүсүн көрсөткөн бойдон чичимди ишке ашыруудан мурун Бану Курайзанын жаткан жерин колдон келишинче жакшы шарттар менен камсыздаган. Анан Саъд (разияллааху анху)нун чечимин ишке ашырып жатканда, күнөөкөрлөрдү мүмкүн болушунча кыйнабаганга аракет кылган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир күнөөкөр өлтүрүлүп жатканда, башка эч бир күнөөкөр жанында болбошу керек деп буюрган. Мисалы, тарыхта мындай деп жазылган: күнөөкөрлөрдүн бирөөсү өлтүрүлө турган жерге алып келингенде, өлтүрүлө турган жайга жеткиче, ал күнөөкөр каякка бара жатканын билчү эмес. Андан тышкары, бирөө мени кечиргиле деп кайрылганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) анын суранычын кабыл алган. Андай адамдарды кечирип жиберүү менен чогуу алардын мал-мүлкү жана туугандары дагы аларга кайтарылып берилген.

Мусулман эмес изилдөөчүлөр ушул окуяда өлтүрүлгөн адамдардын саны жүздөн бир миңге чейин айтышкан. Ал эми, биздин бир изилдөөчүбүздүн изилдөөсүнө ылайык, бул сан он алты же он жети болгон. Хузур-э-Анвар такталган сан айтылган эмес, ошол үчүн бул нерсе дагы эле изилденүүгө муктаж деди.

Бул окуяга тиешелүү кеӊири маалыматтарды айтып бергенден кийин Хузур-э-Анвар Азирети Саъд бин Муъааз (разияллааху анху)нун өмүр-баянынан бир аз калды, аны эмкиде айтып берем, ИншаАлла, деди.

Кутбанын экинчи бөлүгүндө Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) төрт маркумду эскерип, жана гайып жаназа намазын окутаарын жарыялады.

А дегенде, Ганадагы Лажна Имааиллахтын президенти урматтуу Хажия Рукаййа Халид айым эскерилди. Ал 30-июнда 65 жаш курагында көз жумган. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум айым беш маал намазды калтырбай окуган, Халифат менен тыгыз байланышта болгон, Тахажжуд намазын аткарган жана Мусий айым болчу. Артында эки уул, бир кыз жана төрт небереси калды.

Экинчиден, урматтуу Сафия Бегам айым эскерилди. Ал Африка, Англия жана Америкада иштеген Жамааттын мурдагы миссионери Шейх Мубарак Ахмад мырза маркумдун аялы болчу. Ал 27-июнда 93 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум айым эбегейсиз көп касиеттерге ээ, дуба кылучуу жана Халифатты абдан сүйүүчү айым болчу. Артында урматтуу Шейх Мубарак мырза маркумдун биринчи аялынан бир кыздан тышкары, өзүнүн эки кызы жана үч уулу калды.

Үчүнчүдөн, «Вакф-э-Жадид» системасында иштеп, пенсияга чыккан муъаллим урматтуу Али Ахмад мырза эскерилди. Ал 18-июнь күнү 86 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум осуят системасынын мүчөсү болчу. Артында аялынан тышкары эки кызы жана үч уулун калтырды.

Төртүнчүдөн, Пакистандын Наровал районуна караштуу Эдипур жергесиндеги урматтуу Рафика Бүбү айым эскерилди. Ал Башир Ахмад Догар мырзанын аялы болчу. Ал 22-май күнү каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум артында алты уул, бир кыз жана неберелерин калтырган.

Хутбанын аягында Хузур-э-Анвар мындай деди: бүгүн гайып жаназа намазына өткөн жума кутбаларында эскерилген маркумдарды дагы кошом. Ага Насир Саъийд мырза, Гулам Мустафа мырза, Пакистанга караштуу Исламабад шаарынан болгон Доктор Накийуддин мырза, Жамааттын индонезиялык миссионери Зулфикар мырза кирет. Алла Таала булардын баарын кечирип, ырайымдуу мамиле кылсын. Амийн

٭…٭…٭

Share via