МЫКТЫ ИНСАНДАР • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

2018-жылдын 30-мартында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

Ташаххуд, Таъвуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы мындай деген: Азирети Жаабир бин Абдулла Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабасы болгон. Ал Абдулла бин Амар бин Хараамдын уулу болгон. Бир нече жума мурун, мен Абдулла бин Амар бин Хараамдын шейит болуу окуясын жума кутбасында айтып берген элем. Азирети Жаабир бин Абдуллах ушул улуу сахаабанын уулу болгон. Ал бала кезинде «Ал-Акаба» деп аталган Экинчи Байъаттын учурунда байъат берген эле.

♦ Шейит болгон кезинде Абдулла бин Амар бин Хараам өзүнүн уулуна мындай деп айткан: «Мен шейит болгондон кийин бир жүйүттөн алган карызымды (насыямды) баланча бактын мөмө-жемиштерин сатып, төлөп койгун».

♦ Рибаятта айтылышынча, ал ошол карызды төлөп салган. Кийинчерээк өзүнүн багына каршы Азирети Жаабир бин Абдуллах (разияллааху анху) жүйүттөн бир аз акчаны карызга алган. Тилекке каршы, ал жылы мөмө-жемиштердин кирешелүүлүгү өтө төмөн болгон жана Азирети Жаабир бин Абдуллах (разияллааху анху) насыяны төлөй алган эмес. Жүйүт Азирети Жаабир бин Абдуллах (разияллааху анху)га насыяны төлөө үчүн дагы убакыт берүүдөн баш тарткан жана ал яхудий аталган бакты өз мүлкүнө өткөзүүнү ниет кылган болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га бул окуядан кабар берилгенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жеке өзү барып, бул насыяны кайтаруу үчүн бир аз убакыт беришин талап кылган. Ошондой болсо да, ал жүйүт: «Эй, Абу-Касым! Мен ага эч кандай мөөнөт бербейм», – деп жооп берген. (Ал бул ыкма менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кайрылган). Ал жүйүттүн бул мүнөзүн көрүп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) курма бак-дарактарын бир айланып келип, дагы бир жолу жүйүт менен сүйлөштү. Ошентсе да, ал кайрадан жок деп койду». Ал мындай дейт: «Бул убакыт аралыгында мен бактан бир нече курмаларды алып келип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га сунуш кылдым, ал аларды жеди. Андан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Жаабир! Ушул бакта чатыр же эс ала турган жер кайда?» – деп сураган. Мен ага көрсөтүп бергенимде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтты: «Мен үчүн ал жерде төшөк салып коюӊуз, мен бир нече көз ирмемге ас алмакчымын». Ал: «Мен анын айтканын аткардым», -дейт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол жерде уктап калды. Ал уйкусунан ойгонгондо, мен дагы бир жолу ага бир ууч курмаларды алып келдим. Ал алардын айрымдарын жеп, ордунан туруп, дагы бир жолу жүйүт менен сүйлөштү. Бирок, ал дагы бир жолу баш тартты. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дагы бир жолу багынын айланасында жүрүп, анан мага: «Жаабир! курмаларды терип алып, жүйүттөн алынган насыяӊды төлөгүн», – деп айтты. Мен түшүмдү жыйнай баштадым, бул убакыт аралыгында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) курма бак-дарактарынын арасында туруп турду. Ал мындай дейт: «Мен, мөмө-жемиштерди жыйнап, жүйүттөн алынган насыясын толугу менен төлөп салдым жана бир аз курмалар калып калды. Мен бул кушкабарды Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га айтып бергенимде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Мен Алланын Элчиси экениме күбөлүк берем. Бул муъжиза-кереметтин жүз бергендигинин себеби, Алла Таала менин дубаларымды кабыл кылат жана менин иштериме береке берет».

♦ Ошентип, бул окуяда бир жактан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын боорукерлиги жана дубаларынын кабыл болуусунун натыйжасында мөмө-жемиштерге береке кошулуу окуясын байкайбыз, экинчи жактан биз сахаабалардын өздөрүнүн карыздарын төлөөгө карата болгон тынчсыздануусуна күбө болобуз. Демек, бул рух чыныгы момундардын өзгөчөлүгү болушу керек. Бир сахааба эки динарга карыз болуп дүйнө салган жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жеке анын жаназа намазын окуудан баш тарткан. Ошондо дагы бир сахааба анын карызын төлөө жоопкерчилигин өз моюнуна алган соӊ Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын жаназа намазына имамчылык кылган. Кийинки күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол жоопкерчиликти алган сахаабадан: «Сен эки динарды төлөө жоопкерчилигин алгансыз, аны төлөп койдуӊбу?» – деп сураган. Демек, бул алынган карыздарды төлөөнүн маанилүүлүгү жана бул маселеде адам тынчтыздануусу керек.

♦ Азирети Жаабир (разияллааху анху)дан дагы бир рабаят баян этилет: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эгер кайсы бир момун-мусулман кандайдыр бир мал-мүлкүн таштап кетсе, ал (мал-мүлк) анын үй-бүлөсү жана туугандары тарабынан кабыл алынат деп айткан. Эгер ал кандайдыр бир карызды калтырып кетсе жана анын мал-мүлкү да бар болсо, ошондо калтырылган мал-мүлкү жана байлыгы анын карызын толугу менен төлөөгө жетишээрлик кылбаса, же ал эч кандай каражаты жок эле балдарын таштап кетсе, анда анын жетим балдарын багууга жана анын карызын төлөп берүүгө кам көрүлсүн. Башка сөз менен айтканда, өкмөт менен бийлик бул үчүн жоопкерчиликти алсын. Жетим балдарды багуу жана алардын чыгымдарын көтөрүүгө Ислам дини аябай басым жасайт. Ушул себептен улам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул өкмөттүн милдети экенин айткан.

♦ Алла Таала бул сахаабалардын даража-мартабасын жогорулатсын. Мен ушул сыяктуу ар кандай окуяларды айтып турам. Ал алардын жакшылыктарын мындан ары улантууга да жана өз жашообузда аларды колдонууга күч-кубат берсин.

♦ Бул кыска кутбадан кийин мен азыр эки жүрөгү таза адам жөнүндө айтып берем. Биринчиси, Сириянын тургуну Билал Адалбий мырза, ал киши бир нече күн мурда болгон бир жол кырсыгында катуу жаракат алып, анан 2018-жылдын 17-мартында эртеӊ мененки саат 1:30да жүрөгү кармап каза болду.

«Албетте, биз Аллага таандыкпыз жана Ага гана кайтабыз». Билал мырза 1978-жылы төрөлгөн. Ал 17 жашка чыкканда, анын Ахмадий бир тууган агасы Доктор Муслим Мутраби мырзанын компаниясынан жумуш таап берген. Ал жерден Жамаат жана Ахмадийлер менен таанышып, кыска убакыттын ичинде Байъат берген. Доктор Сахиб мындай дейт: «Быйыл биз Кадияндан кайтып келгенден кийин мен намаз үчүн Билал Сахибдин үйүнө бара турган тобу менен намаз окуй баштадым. Билал Сахиб зор шыктануу менен мени тосуп алды, себеби ал мен аркылуу Ахмадияны кабыл кылган эле».

♦ Жергиликтүү Жамаатыбыздын төрагасы ал киши тууралуу мындай деп жазат: «Билал Сахибдин спорттук кийим дүкөнү бар болчу жана ал киши кийимге муктаж болгон бир туугандарга жардам берчү. А түгүл анын дүкөнүндө ошол кийимдер болбосо, ал киши башкаларга жеткирүү үчүн аны башка жерден сатып алып келчү. Ал абдан намыскөй адам болчу. Ал өз балдарына жакшы кам көрчү. Аларды мыкты мектептерге киргизген».

♦ Ал мындай деп кошумчалайт: «Биз анын кайтышынан эки күн мурда анын үйүндө намаз окуп жатканыбызда, финансы катчысы Билал Сахиб өзүнүн Васият, Техрик-э-Жадид жана Вакф-э-Жадид өӊдүү бардык тиешелүү Чандаларын (төлөмдөрдү) төлөп койгон деп айтты. Ал киши бир жаӊы жер бөлүгүн сатып алган эле, аны да Васият Чандасына киргизген эле. Ал башкаларга кызмат кылуучу, өз намазын жана ибадатын аткарууга өзгөчө көӊүл буруучу жана Халифат менен тыгыз байланышкан инсан болчу. Ал кутбаларды калтырбай укчу».

♦ Ал он бир жашар баласын жана он эки жашар кызын өз артында калтырган. Анын бир тууган агасы Ахмадий жана Германияда жашайт, бирок анын эки бир тууган иниси жана бир тууган эже-карындашы Ахмадий эмес, ошондуктан алар тарабынан көп-көп каршылыкка дуушар болгон. Ошентсе да, Алла Тааланын кудурети менен жаназа намазынын учурунда анын бир тууганы иниси мындай деди: «Силер – Ахмадийлер жаназа намазын окуп алгыла жана биздин мечитибиздин ичинде окуп алгыла. Эч кандай чектөө жок». Ал (жергиликтүү президент) мындай деп айтат: «Ошентип, Алла Тааланын ырайымы менен көптөгөн адамдар биздин артыбызда туруп, жаназа намазын окушкан».

♦ Мен сөз кылмакчы болгон экинчи адам Карачи шаарына караштуу Лажна Имааиллахтын экс-президенти Салима Мир айымдыкы. Ал Абдул Кадыр Даар мырзанын аялы болгон. Ал да 2018-жылдын 17-мартында 90 жаш курагында көз жумган. Гужраат районуна караштуу Шейхпурдун тургуну, анын атасы Мир Илахи Бахш Сахиб (Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабасы болчу. Салима Мир айымы 1946-жылы турмушка чыккан жана суб-континент бөлүнгөндөн кийин ал Карачиге көчүп барган. 1961-жылы алар Иранга көчүп кетишкен, ал жерде үч-төрт Ахмадий үй-бүлө бар эле, алар үчүн жума намазын жана башка чогулуштарды уюштурган. Анын күйөөсү 1964-жылы өтүп, ал Карачиге кайтып келип, өзүнүн бир тууганы Мир Амануллах мырзаныкында калган. Сегиз балдарын тарбиялап-өстүргөн, бирок ал өзүнүн окуусун уланткан жана бакалавр даражасына чейин өзүнүн окуусун бүткөн. Ушуну менен бирге ал Лажна кеӊсесинде кызмат кыла баштаган. 1981-жылы Мунтазима Комитети түзүлгөн, (Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын III Халифасы (рахимахулла) аны аталган комитеттин президенти кылып дайындаган.

♦ Ал 1961-жылы Иран жана Пакистанда Лажна үчүн өз ишин баштаган. 1986-жылы Карачидеги Лажна борбордук Лажнага кайрадан кошулганда, (Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы (рахимахулла) аны Карачидеги Лажнанын президенти кылып дайындаган. Ал 1986-жылдан 1997-жылга чейин Карачидеги Лажнанын президенти катары кызмат кылган. Анын доорунда китептерди бастырууга байланыштуу бир топ иштер аткарылган, 60 китеп жана эки журнал басылып чыгарылган. «Дааъий илаллах» (даават) сабактары башталган. Бул үчүн (Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы (рахимахулла) өзүнүн чоӊ кубанычын билдирип, мындай деди: «Алла Тааланын ырайымы менен сиз сонун иштерди аткарып жатасыз, сиз үчүн чын жүрөктөн дуба чыгат. Алла Таала сизге узун-өмүр, ден соолук жана бактылуулук тартууласын. Сизге көмөк көрсөткөндөргө Ал бул дүйнөдө жана акыретте сыйлык берсин».

♦ Анын иши тууралуу көптөгөн окуялары бар. (Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы (рахимахулла) жана (Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын III Халифасы (рахимахулла) анын кызматтарына зор баа берген. (Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы (рахимахулла) бир катында мындай деп жазган: «Мен Карачидеги Лажнанын отчеттун жана ыкласка толгон берилүү сезимдериӊизди кабыл алдым. Мен силердин берилүү сезимдериӊерди жана ыкластуулугуӊарды чын жүрөктөн сыйлайм. Мен ар дайым сиз үчүн Алла тааладан жакшылыкты тилейм жана эскерүүлөрү мага абдан кымбат болгон күндөрдү мурдагысынан да көбүрөөк салтанат менен кайтараарын да талап кылам».

♦ Салима Мир айым 36 жашында жесир болуп калган. Анын кызы мен эч качан анын тилинен кандайдыр бир чыдамсыздык жана шүгүрсүздүк сөздөрүн уккан жокмун деп айтат. Ал бардык жагдайларда Алла Таалага шүгүрчүлүк кылуу бойдон кала берген. Ал ар дайым жакшы (позитивдүү) ойго ээ болгон жана өзүнүн балдарында да ошону эле көргүсү келген. Анын бир кызы мындай дейт: «Менин күйөөм айыккыс ооруга чалдыгып калганда, апам б.а. Салима Мир айым мени менен эле, а дегенде мага берген нерсе: Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сөздөрү болгон «Малфузаат» аттуу китеп болчу. Анан мындай деди: «Сенин атаӊдын көзү өткөндөн кийин мен бүткүл өмүрүмдү ушул «Малфузаат» менен өткөрдүм жана баарын Алла Таалага таштап койдум». Анан мындай дечү эле: Алла Тааланын сүйүүсү бардык башка сүйүүлөрдөн жогору болушу керек». Анын кызы андан ары мындай дейт: «Менин күйөөм өмүрүнүн акыркы ирмеминде таяп калганда, дарыгерлер кол коюуну сурашкан, бирок мен өзүмдү кармай албай калдым жана ыйлай баштадым жана ыйлаган үнүм көтөрүлүп кетти. Менин апам да ушуну угуп алды жана ал учурда мен абдан оор жагдайга туш болдум. Мен ооруканадан чыгып бара жатканымда, мен апамдын (Салима Мир айым) алдына бардым, ал өтө күчтүү үн менен: «Сен менин кызымсыӊ жана менин кызым ушундай чыдамсыздыкты көрсөтө албайт, эмне үчүн мындай катуу кыйкырык сенден келген?» Анан мындай деди: «Башына сыноо түшкөн мезгилде көрсөтүлгөн сабырдуулук гана чыныгы сабырдуулук болот, антпесе кийинчерээк баардык адамдар чыдамдуулукту көрсөтүшөт». Анын кызы андан ары мындай дейт: «Ал мага сенин күйөөӊ Алла Тааланын аманаты болчу, Ал аны сага берген эле, эми аны кайтарып алды деп айтты».

♦ Анын балдары ал киши дайыма бизге пенжаб тилинде «Халифанын этегин эч качан таштабагыла жана ар дайым Халифат менен байланышып тургула» деп насаат кылчу. Ал пардага, хижабга өзгөчө маани берчү. Ал парда жана хижаб жагынан кандайдыр бир кемчиликти байкаганда, башкаларды капа кылчудай эмес кереметтүү жол менен түшүндүрүп койчу. Анын кыз неберелеринин бири Лондондо айдоочулук тестин тапшыруу керек болчу жана окутуучу эркек киши болгон. Ошондо Салима айым ага сени мен эркек киши менен жалгыз жибербейм деп өзү да чогуу отурду. Башкалар анын үсүнөн күлгөн, бирок ал дүйнөгө көӊүл бурган эмес.

♦ Кимдир бирөө кайсы бир жоолук же хижаб алмакчы болгондо, ал дайыма мындай дечү: «Жолук салынуучуларга гүлдөр» аттуу Лажанын китеби бар, анда Халифалардын бардык көрсөтмөлөрү бар. Тагыраак айтканда, гүл сатып алгыӊ келсе, анда өзүӊө «Орний» (жоолук) – өзүн жабуу үчүн пайдаланыла турган кийим сатып алышыӊ керек деп айтаар эле. Хижаб ала тургандарга гана гүл болот. Бир кызы, жок бир небереси: «Мен турмушка чыкканымда, таенем Навааб Мубарика Бегам айымдын китебинен «кызды турмушка узатуу мезгилинде кылынган насааттар» деген бөлүмдөгү жазуунун астын сызып, мага берип, аны кайра-кайра окугун деп айткан», – дейт.

♦ Ал менин таенем түн бир оокумга чейин бойдок кыздардын кайсы бир аземге катышуусун жактырбайт эле дейт. Бүгүнкү күндө көптөгөн бойдок кыздар мага кат жазып, кимдир бирөөнүн үйүндө түнөп келерин суранышат. Бул таптакыр туура эмес жана жаш жаш кыздарыбыз мындан айбалашы керек. Ал эгер биз багымдат намазын каза кылган болсок, анда биздин таенебиз күн бою бизге сүйлөбөйт эле жана бул биз үчүн анын эӊ ири жазасы болчу деп айтат.

♦ Аматул-Баарий Наср айым мындай дейт: «Алла Таала Салима Мир эжеге абдан узак убакыт бою Лажна Карачиге кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүн берген. Азыр ал бул дүйнөдө калбады, бирок анын колунан тарбиялангандар дүйнөнүн ар кайсы аймактарында Лажнага кызмат кылып жатып, анын атын жана ишин тирүү кармап турат. Анын аты жакшы иштерди кылууга мисал болуп калды. Ал абдан жакшы көзөмөлчүлүк кылчу жана ишти кантип аткарууга үйрөтчү. Ал өз ысмына мактоо-алкоо айтылышына кызыкдар болгон эмес, тескерисинче аны менен иштегендерге ишти кантип аткаруу керектигин үйрөтүүгө кызыкдар болчу. Алар китептерди бастыруу үчүн иштеп жатканда, өз командасына зор дем берген.

♦ «Ал бардык маселелерди акылдуулук жана унчукпай, тынч гана чеччү. Эгер бирөө жеке маселелерин аны менен бөлүшө турган болсо, анда ал ачыкка чыгат деп эч качан коркпойт эле. Ал сыр сактоого бек болчу». Аматул-Баарий Наср айым дагы мындай дейт: «Ал бардык сырларды өзүндө сактоого жетишти жана бул анын өтө улуу өзгөчөлүгү болгон». Бул бүгүнкү күндө адамдардын арасында да аз байкалган нерсе.

♦ Карачинин тургуну Аматун-Нур айым мындай деп жазган: «Салим Мир айым бир боорукер жана жан аябас аял болгон. Ал мүнөзү кичипейил жана өзүн көрсөтпөй, анын ордуна башкалардын иштерине абдан баа берүүчү инсан болгон. Ал дайыма жылмайып, жайдары адам болчу. Сулуу жүзү менен бирге, Алла Таала ага бир сулуу жана назик жүрөктү да берген эле».

♦ Ар бир жазган адам ал жөнүндө ошол эле нерселерди айтты: ал абдан кадыр-барктуу, кайраттуу, зор чечкиндүүлүк жана сабырдуулук көрсөткөн аял болчу. Ал Халифат менен тыгыз байланышта болгон жана ар дайым башкаларды да Халифат менен байланыш түзүүгө үндөй турган мыкты адеп-ахлактардын үлгүсү болгон. Ал жакшылык иштерди жүзөгө ашырып жүргөн жана башкаларды да ошого сунуш кылып турган. Ал жакын шериктери болобу же башкалар болобу, ошол эле жол менен ар бир адамга насаат кылчу. Ал өзүнүн балдарына насаат кылуудан көз жумган эмес. Ал дайыма бардык маселелерде өз кыздарына жетекчилик кылчу жана Алла Таалага бекем ишенчү эле. Ал ар дайым Алла Тааланын эркине ыраазы болгон адам болгон. Алла Таала анын даражасын көтөрсүн жана Ал анын балдарына да, кыздары да мындан ары анын жакшы иштерин алдыга жылдыруу үчүн күч-кубат берсин.

♦ Мен жума намазынан кийин эки жаназа намазын окутам.

Share via