МИГРАНТ АХМАДИЙ МУСУЛМАНДАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

МИГРАНТ АХМАДИЙ МУСУЛМАНДАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ

2018-жылдын 6-апрелинде Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

Ташаххуд, Таъвуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы мындай деген:

♦ Туура, Испания Батыш өлкөлөрүнүн арасында болсо да, бирок Франция сыяктуу башка Европа өлкөлөрүнө караганда, экономикалык жагынан аз өнүккөн өлкө болуп саналат. Ошентсе да, Пакистан менен салыштырганда, экономикалык шарттары Пакистандан көчүп, ушул жерге келген адамдар үчүн алда канча жакшыраак. Ошондуктан, көптөгөн пакистандыктар бизнес кылуу же иштөө максаты үчүн бул жакка келишкен. Ал эми, Ахмадийлерге келе турган болсок, алар Пакистандан көчүп келгенде, эки себеп менен ошондой кылышат: биринчиден, аларга коюлган диний чектөөлөр жана Пакистандагы Ахмадийлер үчүн диний эркиндиктин жоктугу негизги себеп болуп саналат. Экинчи себеби, алардын экономикалык абалын жакшыртуу болуп саналат.

♦ Кээ бир адамдар баш паанек үчүн арыз беришкенде, чындыкты айтып беришет, ал эми кээ бир адамдар кереги деле жок окуяларды айтып беришет. Мен мурда бир нече жолу айтканмын: эгер адам чындыкты айтса жана диндин атынан Пакистанда бизге каршы болуп жаткан мыкаачылыкты айтса жана: «Мындай жагдайларда Пакистанда жашоо мени психологиялык жактан кыйнап, үзгүлтүксүз азап берип жатат», – деп айтып берсе, анда жалпысынан, тиешелүү бийлик органдары жана соттор муну түшүнүшөт, ошондой эле жардам берүү жана боорукерлик мүнөзүн көрсөтүшөт. Ошондуктан, арыз берип жатканда, болгон окуяларды апыртып-көбүртүп айтып берүүнүн кажети жок.

♦ Кандай гана жагдай болбосун, Ахмадий мусулмандар өздөрүн жалган сүйлөөдөн сактоолору керек. Алла Таала калпты ширк менен барабар экенин айткан. Бир Ахмадий мусулмандан анын ширк келтирүүсүн күтүүгө болбойт. Бир жактан, ал (Ахмадий мусулман): «Мен баарынан көбүрөөк Алла Тааланын Жалгыздыгына ишенем, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кул болгонмун жана Учурлук Имам – Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га ишенем деп билдирет. Бирок, экинчи жагынан, ал Алла Тааланын Жалгыздыгына ишенүүчү момун-мусулмандын негизги милдети эсептелинген бул негизги күнөөдөн өзүн коргой албайт. Ошондуктан, ар бир Ахмадий мусулман дүйнөлүк пайдаларга жетишүү үчүн калп айтуу бизди Алла Тааланын назарында абдан күнөөкөр кылып койбойбу деп текшерип турушу керек.

♦ Демек, жогоруда мен айткандай, биз ишенимибизди сактоо үчүн жана ишенимибизге бекем бойдон калуу үчүн Ата-Мекенибизден көчүп келгенбиз, ошондуктан биз Алла Тааланын буйруктарын өзгөчө биринчи орунга коюшубуз керек. Биз Ахмадия – чыныгы Исламды кабыл кылганыбыздан кийин эмнелерге маани берип жаткандыгыбызды көрүшүбүз керек. Эгерде биз маани берип жаткан нерселерибиз Алла Тааланын буйруктарына ылайык келбесе, анда биз көчүү жана хижраттын максат-мүдөөлөрүн ишке ашыра албай калдык деп айтуу керек. Эгерде биздин пайдубалыбыз жалгандын үстүндө курулган болсо жана биз дүйнөгө жетишүүнү гана жалгыз максатыбыз кылып алган болсок, анда биз Алла Тааланын берешендиктерине ээ боло албайбыз.

♦ Дүйнөгө жетишүү жана дүнүйө көӊүл ачуучулуктарына чөгүп кетүү гана максатыбыз эместигин эч качан эстен чыгарбашыбыз керек. Бул момун-мусулмандын жаралуу максаты да эмес. Биз Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү жана Ал белгилеп койгон жаралуу максатыбызга жетишүү үчүн аракет кылганыбыз да гана биз чыныгы ийгиликке ээ боло алабыз жана бул дүйнөгө келүү максатыбызды ишке ашыра алабыз. Биз, албетте, бул дүйнө жана андагы нээмат-белектерге ээ болуп калабыз, анткени Аны карай келгендерди Алла Таала дин жана дүйнө нээмат-белектеринен куру-жалак калтырбайт. Жок, Алла Таала Өзү бизге бул дүйнө жана о дүйнө жакшылыктарын Менден сурагыла деп төмөнкүдөй дубаны үйрөткөн:Эй,Раббибиз! Бул дүйнө жана о дүйнө жакшылыктарын бизге бергин, ошондой эле бизди от азабынан сактагын. (2:202)

♦ Буга байланыштуу Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Адам өз жан-дүйнөсүнүн рахаты үчүн эки нерсеге муктаж болот: биринчиден, бул дүйнөдөгү кыска өмүрү жана анда башына түшө турган кээ бир кыйынчылыктар, балээ-кырсыктар, сыноолор ж.б.дан аман калууга муктаж. Экинчиден, аны Алла Тааладан алыстата турган баш ийбестиктер, күнөөлөр жана руханий илдеттерден кутулууга муктаж». (Адам үчүн эки (зарыл) нерсе бар: биринчиси, дүйнөлүк кыйынчылыктар жана ооруулар; экинчиси, руханий кыйынчылыктар жана илдеттер.

♦ Анан «Раббаанаа» (Эгебиз) деген сөздү дагы түшүндүрүп, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Негизинен, «Раббанаа» (Эгебиз) сөзүндө тообого эле карата жашыруун ишарат бар. Адам «Раббанаа» (Эгебиз) дегенде, ал толугу менен Алла Таалага ооп кетет». Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Мунун себеби, «Раббанаа» (Эгебиз) сөзү адамдан буга чейин ал жаратып алган башка кудайларды таштап, Алла Таалага бурулуп келүүсүн талап кылат. … Негизинен, адам өзүнө бир нече кудайларды жаратып алган болот. Ал өзүнүн иш-пландары жана схемаларына абдан ишенген болот, ошондо ошолор анын кудайлары болот. Эгерде ал өзүнүн билими же күч-кубаты менен көйрөӊдөнсө, анда бул анын кудайы болуп саналат. Эгер ал өзүнүн сулуулугу же мал-мүлкү менен мактанса, анда бул анын кудайы болуп саналат. Кыскача айтканда, бул сыяктуу миӊдеген кудайлар тиркеленген болот. Алардын баарын таштап, Ал шериги жок Чыныгы Кудайдын алдына жыгылып, «Раббанаа» (Эгебиз) деген жалынып-жалбаруу жана жүрөктү ээритип жиберүүчү үндөр менен Анын босогосуна жыгылмайынча ал Чыныгы Раббини түшүнүү мүмкүн эмес».

♦ Демек, ушул өтө маанилүү принцип дайыма эсибизде болушу керек. Сыйынуунун акысын актоо жөнүндө сөз болгон эле. Демек, биз Алла Тааланын буйруктарына ылайык жаралуу максаттарыбызды аткарууга аракет кылганыбызда гана ошондой кылуу мүмкүн экенин унутпашыбыз керек. Бул жөнүндө Алла Таала мындай дейт:Мен жиндер менен адамдарды Мага сыйынуулары үчүн гана жараттым. (51:57)

♦ Ошентип, биз Алла Тааланын буйруктарын алып караганыбызда, алардын ар бири, кандай гана жагдай болбосун, көӊүлүбүздү Алла Тааланы унутпоого бургузуп жатканына күбө болобуз. Силердин дүнүйөлүк иш-аракеттериӊер да силерди Алла Тааланы зикир кылуудан кайдыгер кылуучу болбошу керек, ошондой эле дүйнөгө жетишүү үчүн дүйнөлүк каалоолорду аткаруу эле силердин түпкү максатыӊар болбошу керек.

♦ Бул жөнүндө Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бир жерде мындай деп айтат: «Белгилүү болгондой, адам өз эрки менен өз жашоосунун максат-мүдөөсүн белгилөө абалында эмес, анткени ал бул дүйнөгө өз ыктыяры менен келбейт жана ал өз ыктыяры менен кайтып кетпейт. Чындыгында, ал болгону бир жаратылыш. Бирок аны жаратып, айбандардан көрө ага улук жана маанилүү сапаттарды тартуулаган Зат (башкача айтканда, башка жандыктарга салыштырмалуу Ал адамды бүт жандыктардын арасында эӊ ардактуу кылып жараткан) албетте Ал гана анын жаралуу максатын айтат. Муну кээ бирлер түшүнөт же түшүнбөйт, адам баласынын жаралуу максаты – бул Жаратканга ибадат кылуу, Аны окуп-түшүнүүгө жетишүү жана толугу менен өзүн Ага гана жоготуу. Адам баласы ушул максатты эске алганда, ал чыныгы момун болуп калат жана мындай адам дүнүйөлүк жакшылыктарды да Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү куралы кылып алат».

♦ Бул жерге көчүп келгенден кийин бул маанилүү милдеттенмени аткарууга аракет ар бир Ахмадий мусулмандын милдети болуп саналат. Ар бир жердеги Ахмадий мусулман өзүнүн айланасында жашаган адамдарга чыныгы Ислам жөнүндө айтып берүүсү керек. Ар бир Ахмадий мусулмандын адеп-ахлактары жана сыйынуу стандарттары башкалардын көӊүлүн өзүнө бургузуучу болушу керек. Алла Таала жараткан дүнүйөлүк нээматтарынын максаты Алла Тааладан алыстатуучу эместигинен, тескерисинче, Алла Таалага жакындатуучу экенин дүйнөгө жайылтуубуз керек. Демек, мындай нээматтарды кандайдыр бир ченеми менен пайдалануу керек, антпесе силерди жок кылып жиберет.

♦ Төрт-беш жыл мурун дүйнө ойрондукту көздөй мынчалык алдыга умтулган эмес болчу же бул чындыкты мойнуна алууга даяр эмес болчу. Бирок, бүгүнкү күндөгү жагдай такыр башкача. Ахмадий мусулмандар ар бир жерде Алла Тааланын ыразычылыгына жетишүүгө көӊүл буруулары керек жана бул жагынан аракет кылуулары зарыл. Жараткан Алланын берешендиги гана бул кыйроодон дүйнөнү сактай алат. Анын алдында сажда кылуу менен гана биз Ага жагынууга болот. Ар бир Ахмадий мусулман эске тута турган нерсе, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га ишенүү гана аны бул дүйнөнүн жана акыреттин сыйлыгына татыктуу кыла албайт жана аны тозок азабынан сактай албайт. Чынында, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га ишенүү жашообузду Алла Тааланын ыраазычылыгына ылайыкташтырууга дагы көбүрөөк жоопкерчиликти артат.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Билип койгула, жөн гана Байъат (баш ийүүгө сөз берүү) эч кандай пайда келтирбейт. Байъаттын чыныгы маани-мазмуну боюнча жашамайынча Алла Таала бул ишке ыраазы болбойт. Буга чейин ал Байъат болгону каада-салт гана. Ошондуктан, Байъаттын чыныгы максат-мүдөөсүн аткарууга аракет кылуу зарыл».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Чыныгы мусулман менен жалганчы мусулмандын ортосундагы айырма бул: жалганчы мусулман пландарды гана түзөт эмеспи, бирок аларды аткарбайт. Буга каршы чыныгы мусулман куру сөздөрдү гана сүйлөбөстөн, иш жүзүндө аларды аткарып көрсөтөт. Ошентип, Алла Таала Менин кулум Мен үчүн ибадат кылып жатат жана Мен үчүн Менин пенделериме ырайым кылып жатат деп байкаганда, ага Өзүнүн периштелерин түшүрүп, Өзүнүн убадасына алайык чыныгы мусулман менен жасалма мусулмандын ортосунда кандайдыр бир айырмачылыкты пайда кылат».

♦ Демек, чыныгы мусулман болууга аракет кылуу арабыздагы ар бир адамдын өтө маанилүү милдети болуп саналат. Бул дүйнө жакшылыктары жана мөмө-жемиштеринен алардын акырет жакшылыктарына татыктуу кылуучу экендиги үчүн пайдалансын. Биз сыйынууларыбыздын акы-укуктарын аткаруучулардан бололу. Биз ишенимибизден улам өз өлкөлөрүбүздү таштоого аргасыз болгонбуз. Демек, бул жерге келип, кайрадан диний таалимдерге амал кылуу акысын актоочулардан бололу. Алла Таала бардыгына бул нерсеге жетишүү мүмкүнчүлүгүн берсин.

Share via