ТАКЫБА ЖАНА АЛЛА ТААЛА МЕНЕН БОЛГОН АЛАКА-БАЙЛАНЫШУУБУЗ • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

ТАКЫБА ЖАНА АЛЛА ТААЛА МЕНЕН БОЛГОН АЛАКА-БАЙЛАНЫШУУБУЗ

2018-жылдын 13-апрелинде Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

Ташаххуд, Таъвуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы мындай деген: бул доордо фитна-чагымчылык жана баш аламандык ар бир жерде жана ар бир баскычта жайылган: үйлөр, коомчулук, элдерде, эл аралык жана дүйнө жүзү боюнча. Бул доордо илим, акыл жана жарыктын өсүп-өнүгүүсүнө карабай, адам баласы караӊгылыктарга чөгүп кеткен. Адамзат Алла Тааланы эстен чыгарып, бул дүйнөнүн артынан ээрчип, аны гана өзүнө Кудай жана Рабби деп, кыйроо жарын көздөй кетип баратат. Мындай жагдайларда, адамзат мусулман эмес дүйнөнүн эмне үчүн дүйнө көӊүл ачуучулуктарына жоголуп кеткенин бир аз түшүнсө болот. Буга себеп, алардын дини аларды Алла Таалага карай жетектөө жагынан ар тараптуу жана толук багыттоого алсыз болуп калган. Бирок, мусулмандарга айран-таӊ каласыӊ, алардын колунда өзүнүн баштапкы ахвалында сакталган ар тараптуу жана толук Жазуу бар, ушуга карабай, алар да ошол эле кайыкта. Буга себеп, мусулмандардын көпчүлүгү Алла Таала жөнөткөн, бардык баш аламандыктар жана талаш-тартыштарды жоюуу үчүн келген элчиге кулак салып, анын сөзүнө кирүүнүн ордуна диндин атынан фитна-чагымчылык чыгаруучу уламаларды ээрчүүнү тандап алышкан. Бул Ислам дүйнөсүнүн барынан көбүрөөк баш аламандыктарга кабылып жатканынын негизги себеби болуп саналат. Алардын диний жана дүйнө лидерлери аларды караӊгылыктарга түртүп жатышат. Бул абалдан пайдаланып, тышкы дүйнө, айрыкча, мусулман эмес күчтөр мусулман топторун бири-бири менен согуштуруу жана өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн аларга аскердик курал-жарак жана көмөктү көрсөтүп жатышат.

♦ Демек, бул өтө чоӊ кайгылуу окуя жана бул абал бизди жалпы мусулмандар үчүн дуба кылууга үндөөчү болушу керек, ошол эле Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бизден күткөн жана үмүттөнгөн адеп-ахлактык жана диний даражага жетишүүгө да көӊүл бурушубуз керек. Эгерде биздин практикалык абалыбыз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бизден күткөндөй болбосо, анда биз да фитна-чагымчылык жана баш аламандыктарга кабылган адамдардын категориясына кирип кетишибиз мүмкүн. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) кайра-кайра жана бир нече жолу өзүнүн Жамаат мүчөлөрүнүн Байъат (баш ийүүгө ант берүү) бергенден кийинки ахвалы кандай болушу керектигине жана бул максатка жетишүү үчүн кандай жол-жоболорду тандашы керектигине баса белгилеп насаат кылган. Эми, мен бул маселелерге карата биздин көӊүлүбүздү бургузуучу Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын кээ бир айткандарын сунуш кылам. Андыктан, биз кунт коюп, аларды угушубуз керек. Биз (буларды) мурда да бир канча жолу угуп же окуп алганбыз деп ойлонбогула, анткени, а түгүл биз окуп же угуп да унутуп жиберебиз. Бир жерде Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт:

♦ «Туш тарапта адашуу, кайдыгерлик жана наадандык шамалы үйлөп жаткан бул кырсыктүү заманда такыба болуу Жамаатыбыздын мүчөлөрү үчүн өтө эле зарыл. … Дүйнөлүк мамилелерде бир аз зыян болуп жатканын көрүп,  алар диний аспектисин жана Алла Тааланын акы-укуктарын ташташат. …. Майда-барат окуяларда алардын напсиликтери аларды жеӊип алат…., жүрөктөрдө ыйман калбай калды жана практикалык абал такыр эле көрүнбөйт. Алла Таала дагы бир жолу бул нерселерди жаратуу үчүн мени жөнөткөн. … Алла Таала ушул майдандын бош турганын жана адамдардын Алла Тааладан алыс болгонун каалаган эмес. … жана бул себептен улам, биз силер такыба (Алла Тааладан коркуу) жашоосуна ээ болгула деп чакырабыз».

♦ Демек, чыныгы Ахмадий мусулман болуп, өзүбүздүн жеке абалыбызды өзгөртүүбүз зарыл. Ошондо гана биз Байъат убадабызды аткара алабыз. Исламдын акыйкаты деген эмне жана канткенде ага жетише алабыз? Буга байланыштуу, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт:

♦ «Ислам бул – толугу менен өзүн Алла Таалага тапшыруу дегенди билдирет, ошондой эле Алла Таалага чын жүрөктөн жана толугу менен баш ийүү анын корутундусу болуп саналат. Мусулман бул – өзүнүн толук жашоосун Алла Таалага арнап, эч кандай сыйлыкты күтпөй, Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүүнү каалаган адам. … Ошондой эле, ал аткара турган бардык жакшылыктары жана такыба амалдары чоӊ кубаныч жана ырахат менен аткарылышы керек».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Чыныгы мусулман Ал менин Сүйүктүүм, менин Кожоюнум, менин Жаратканым жана мага жакшылык кылуучу деп айтып жана ишенип, Алла Тааланы сүйөт. Ошондуктан, ал өз башын Анын босогосуна коёт. А түгүл эгерде чыныгы мусулманга, бул амалдарыӊ үчүн сага эч кандай сыйлык берилбейт деп айтылса да, эч кандай бейиш да жок, эч кандай тозок да жок, эч кандай жыргалчылык да жок, эч кандай ырахат да жок, ошондо да ал жакшы иштерди аткаруудан жана Алла Тааланы сүйүүдөн тыйылбайт». Бул Алла Таалага карата жан аябастык сүйүү, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) ушуну эле жаратууну каалайт; кандайдыр бир сыйлыкка жетишүү үчүн, же тозоктон коркуп да эмес, бейишке кирүү үчүн да эмес, тескерисинче, бир гана Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү үчүн Аны сүйүү керек. Адамга эч нерсе берилбесе да, ошондо да Алла Тааланы сүйүү керек. Алла Таала берген жөндөмдөрүн ушул максат-мүдөөлөргө жетишүү үчүн пайдалана турган инсан өзүнүн Чыныгы Сүйүктүүсүнүн Жүзүн көрүп алат.

♦ Алла Таалага болгон өз сүйүүсүнүн абалын сүрөттөп, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «… Демек, чыныгы момун-мусулман болуу үчүн мындай мүнөзгө ээ болуу зарыл: Алла Таалага болгон сүйүүсү жана баш ийүүсү кандайдыр бир сооп, жаза, коркуу жана үмүткө негизделбесин, тескерисинче, ал (сүйүү) анын мүнөзүнүн бөлүнгүс бөлүгү болуп калсын. Андан кийин бул сүйүү өзү ал үчүн кандайдыр бир бейишти пайда кылат жана акыйкаттан чыныгы бейиш ушул гана, болбосо ушундай ыкманы тандабай туруп, эч ким бейишке кире албайт. Ошондуктан, силерге, б.а. мени менен байланышкандарга ушул эле жолдон кирүү таалимин берем, анткени бейиштин чыныгы жолу ушул гана».

♦ Анан, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзү баш ийүү жеңил маселеби деген суроону көтөргөн. Ал (алайхиссалаам) мындай дейт: «Толугу менен баш ийбеген адам бул Жамаатты жаманатты кылат. Бир буйрук эмес, жок, көптөгөн буйруктар бар. Бейиштин бир канча эшиктери бар, бул биринен, тигил башкасынан кирет, кудум ошондой тозоктун да бир нече эшиктери бар. Сак болгула, тозоктун бир эшигин жаап, башкасын ачык бойдон калтырбагыла».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Билип койгула, өз ысымын жаздыруу менен гана бирөө Жамаатка кире албайт. … Бири-бириӊерди сүйгүлө, бири-бириӊердин акы-укуктарын тебелебегиле жана Алла Таала силерге берешендик кылсын деп толугу менен Анын жолуна берилгиле. Мындан тышкары эч нерсе жок».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) буга төмөнкүдөй практикалык мисалды келтирет: «Таттуу тамак сунуш кылынмайынча кимдир бирөөнүн өз тилинен «таттуу» же «кант» деп айта берүүсү адамдын оозун толтура албайт. Ошо сыяктуу эле, Алла Таалага болгон сүйүү жана Анын Жалгыздыгы иш жүзүндө далилденмейинче аны куру тилинен айтуунун эч кандай пайдасы жок. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) эгерде биздин Жамаатыбыз Алла Тааланын ыраазычылыгына татытктуу болууну кааласа, анда динди жогору коюшсун деп айткан. Демек, силер да Алла Таалага жагууӊар келсе, анда ишенимге артыкчылык бергиле. Биринчи кезекте силердин диниӊер болушу керек. Ал (алайхиссалаам) эгерде силерде кандайдыр бир берилгендик жана ыкыластуулук болбосо, анда силер жалганчысыӊар, мындай жагдайда өзүндө эч кандай берилгендик жок адам душмандан да мурун жок болот деп эскерткен. Алла Таала алданбайт жана адашпайт, Аны алдап болбойт. Эч ким Аны алдай албайт. Андыктан, чыныгы берилгендик жана ыкластуулукту пайда кылууӊар зарыл …

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Эӊ мыкты соода адамды оор азабынан сактай ала турган дин соодасы. Ошондуктан, мен да Алла Тааланын төмөнкүдөй сөздөрү менен гана айтам: «Мен силерге силерди бир оор азаптан сактай ала турган соода жөнүндө айтып берейинби?» … Илим-билим боюнча өсүп-өнүгүүсүн каалаган адам Ыйык Куранды окуп, ага ой жүгүртүүсү керек. Ал кайсы бир жерде бир нерсени түшүнө албай калса, аны сурап алсын. Ал кайсы бир маани-мазмунду түшүнө албаса, анда башкалардан сурап, анда пайда көрүүсү керек. Ыйык Куран түбүндө кымбат баалуу жана баа жеткис берметтер жаткан бир диний океан болуп саналат».

♦ Бир жолу Жамаат мүчөлөрүнүн көӊүлүн такыбанын маанилүүлүгүнө бургузуп жатып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Мен такыбаны орнотууга буюрулганмын. Такыбаалыктын талаасы (майданы) ээн (бош) турат. Кылыч көтөрүүнүн ордуна такыба болушуӊар керек. Эгерде такыба болсоӊор, анда бүткүл дүйнө силерди колдойт. Ошондуктан, такыба болгула».

♦ Бир жолу өз руханийлигибизди жогорулатуу жана Алла Таала менен алака-байланышты түзүү менен бирге өз диний билимибизди жогорулатууга көӊүлүбүздү бургузуп, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деген: «Шакиртке үйрөтүлгөн нерселерге ал амал кылынмайынча, анын бир гана өз тилинен: «Мен устатым менен байланыштамын», – деп айтышынын эч кандай пайдасы жок. Эгерде өз илим-билимиӊерди көбөйтбөсөӊөр, анда: «Биз Байъат бергенбиз, биз Ахмадий болгонбуз, биз Ахмадий болуп төрөлгөнбүз», – деп айтышыӊардын эч кандай пайдасы жок. Эгер диний билимиӊерди жогорулатпасаӊар, анда Ахмадий болуп төрөлгөнүӊөр да, Байъат берип, Ахмадий болгонуӊар да силерге эч кандай пайда келтирбейт. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Эгерде силер билимиӊерди жогорулатпасаӊар, анда силердин ишенимиӊер жана маърифатыӊар (Алла Таала жөнүндөгү тереӊ руханий илим-билим) кантип бекем болот? Майда-барат маселелерге байланыштуу шек-күмөндөргө кабыласыӊар, натыйжада кадамыӊар тайгаланып кетиши мүмкүн».

♦ Ошондуктан, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Ыйык Куранга тереӊ жана кылдат ой жүгүртүүгө бизге баса белгилеп насаат кылган. Ошол сыяктуу эле, биз ал (алайхиссалаам)дын китептерин окуп, диний билимибизди өстүрүүгө көӊүл бурушубуз керек. Кудум ошондой, биз Халифат менен алака-байланыш түзүүгө да аракет кылышыбыз зарыл. Бул жагынан алганда, биз МТА (Мусулман ТВ Ахмадия) деген куттуу белек аркылуу Учурлук Халифа менен алака-байланышты түзүп, анын бардык программаларынан пайда алышыбыз керек. Бул абдан улуу булак (ресурс) болуп саналат, ар бир Ахмадий мусулман андан пайда алышы керек.

♦ Өз ара бири-бирин сүйүү, мээрим көрсөтүү, бири-биринин кайгы-капачылыгын түшүнүү жана бири-биринин акы-укуктарын аткарууга карата көӊүлүбүздү бургузуп, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Демек, биз алсызыраак бир туугандарыбызга жардам берип, аларды колдоп-кубатташыбыз керек. Бул кандай гана улуу алаамат, эки бир тууган бар болгон болсо, алардын арасынан бирөө сүзгөндү билсе, башкасы билбесе, ошондо экинчи бир тууганды чөгүп кетүүдөн сактап калуу биринчи тууганынын милдети эмеспи, же чөгүп кетүүсүнө жол бериши керекпи? Аны өлүмдөн сактап калуу анын милдети болуп саналат. Ошондуктан, Ыйык Куранда мындай деп айтылып келет: «Жакшылык жана такыба боюнча бири-бириӊерге жардам бергиле»

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Алсырап калгандарга алдуулар тирөөч болмоюнча эч бир жамаат жамаат деп атала албайт. Бул башкалардын айып-кемчиликтерин жапканда гана ишке ашышы мүмкүн. Башкалардын айып-кемчиликтерин ачып берүүнүн ордуна, алардын айып-кемчиликтерин жашырууга аракет кылгыла. … кичүүлөргө урмат-сый көрсөтүп, аларга боорукерлик менен мамиле кылуу улуулардын маанилүү милдети болуп саналат. Эске туткула, бири-бирин жей турган жамаат жамаат боло албайт, б.а. төрт бир тууган чогуу отуруп, эгер алардын бири кедей бир тууганы тууралуу даттана баштаса». Бирөө кимдир бирөөнү жей албайт. Бул жерде «жеш» дегендин мааниси ушул экенин Алла Таала айткан: силер ушак айтасыӊар, силер жаман ойго барасыӊар, бул өлгөн бир туугандын этин жеген сыяктуу. Демек, башкалардын айып-кемчиликтерине карабагыла, болгону алардын жакшы жактарына карагыла.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Бири-бирин жей турган жамаат жамаат боло албайт, төрт адам чогуу отуруп калышканда, өздөрүнүн жарды бир тууганынан даттана башташат жана анын айып-кемчиликтерин көрсөтүп, аларды баса белгилешет, ошондой эле Жамааттагы жарды жана алсыз мүчөлөргө акаарат келтирип,  аларды төмөн-паст деп карашат, андай болбош керек. Негизинен, күч – бул биримдик жана ынтымакта, ал өз ара сүйүү жана кут-берекелерди көбөйтөт».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Башкалардын көӊүлүн калтырып, аларды иренжитүүгө себепчи боло турган майда-барат иштерде катуу болбогула». Андан ары бир тууганчылык жана боорукерликке насаат кылып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Биз, чынында эле, бири-бирибизге боорукер болмоюнча Жамаатыбыз көгөрбөйт». Эгерде биз чыныгы гүлдөп-өсүүнү кааласак, бири-бирибизге чыныгы боорукерликти көрсөтүшүбүз керек. Биз бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланып, алсыз адамдарды сүйүшүбүз керек. Күчү бар адам алсызыраак адамдарды сүйсүн. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Мен кээде бир адамдын башкасына адеп-ахлак менен мамиле кылуунун ордуна жек көрүү жана жийиркенич менен карарын угуп калам. Чындыгында, ал киши ошол адам үчүн дуба кылуусу керек, ошондой эле сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк менен аталган маселесин сылыктык менен түшүндүрүп коюсу керек. Бирок, мунун ордуна, ал ага кек сактайт. Эгер адам кечиримдүүлүк жана боорукерликти көрсөтпөсө, анда бара-бара маселе бузула берип, анын кесепеттери оор болот».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Алла Таалага көптөгөн үмүттөрүм бар. Ал мага Мен кыямат күнүнө чейин сени ээрчигендерди сени четке каккандардан жогору коём деген убаданы берген. …. Бул алсыздык күндөр болуп саналат жана алар өз алдынча ар бир адамга өзүн реформалап-оӊдоп, өз абалын жакшыртууга кандайдыр бир мүмкүнчүлүктү берет. Бири-биринен даттануу, адамдын сезимин оорутуу жана орой сөздөрдү айтып, бирөөнүн көӊүлүн оорутуу, ошондой эле алсыздар жана карапайымдарды төмөн деп билүү күнөө болуп саналат. …. Демек, өздөрүнүн ардактуу бир туугандарын сыйлап, аларга сый-урмат көрсөтүү кедей адамдардын милдети болуп саналат, ошондой эле жакырларга жардам берип, аларды төмөн жана пас деп билбөө байлардын милдети болуп эсептелет. Себеби, алардын аталары башка-башка болсо да, алар өз ара бир туугандар. Бирок, акыры руханий атаӊар бирөө гана эмеспи, алардын баары ошол бак-дарактын бутактары болуп саналат».

♦ Биздин реформаланып-оӊолуубуз үчүн ал (алайхиссалаам) өзүнүн «Нух кемеси» аттуу китебин окууга баса белгилеп насаат кылган жана кайра-кайра окууга чакырган. Мисалы, ал (алайхиссалаам) мындай дейт: «Мен өз Жамаатыма кайра-кайра берген Байъатыӊарга эле таянбагыла, анын акыйкатына жетишмейинче кутулууга татыктуу боло албайсыӊар. Бир гана кабагына ыраазы болуп калган адам маӊызынан куру-жалак калат деп айттым». Эгерде биз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын таалимин ээрчибесек, анда биз, албетте, бул таалимдерден эч кандай пайда көрбөйбүз. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Силер «Нух кемеси» аттуу китепти кайра-кайра окугула жана ага жараша амал кылгыла. Албетте, өзүн тазалап алган бирөө ийгиликке жетишти (87:10). Сыртынан караганда, миӊдеген уурулук, ойноштук, бузукулук кылгандар, спирт ичимдиктерин ичүүчүлөр жана жаман иштерди жасагандар өздөрүнүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жолдоочуларынын арасынан экенин билдиришет, бирок чынында эле, алар жолдоочулары катарына киришеби? Албетте, жок. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таалимдерине толук бойдон баш ийүүчү адам гана чыныгы жолдоочусу болуп саналат».

♦ Жамаат мүчөлөрүнүн көӊүлүн «Нух кемеси» аттуу китепти окуп-угузуу жана аны окууга бургузуп, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Нух кемеси» аттуу китепте мен өз таалимимди жазып койгонмун жана андан кабардар болуу ар бир адамдын милдети болуп саналат. Ар бир шаардагы Жамаатыбыз кандайдыр бир Жалса (жыйын) уюштуруп, бардыгына угузуп койсун. … ушундай жол менен ал жайылтылат жана биз каалаган биримдик да Жамаат мүчөлөрүнүн арасында пайда болуп калат». Жамааттарда аны окуп-угузуу шарттарын түзүү керек, ошондой эле аны МТАдан окуп берүү шарттары да түзүлүүсү керек. Ар бир адам аны өз турмушунун бир бөлүгүнө айландыруусу керек. Өз алдынча да окуу керек жана ага амал кылууга да аракет кылуу керек.

♦ Жаманчылыктардан сактанууга насаат кылып, жана чыныгы Ахмадийдин сапаттарын айтып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт: «Эми дуба суроо, Алла Тааладан кечирим суроо, Алла Таалага сыйынуу жана өз жан-дүйнөӊөрдү тазалоо менен алектенип туруу силердин милдетиӊер болушу керек. … Өзүӊөрдү ар түрдүү көрө албастык, кек сактоо, кастык, ушак айтуу, текеберлик, курулай убаракерчилик, ачык жана көмүскө күнөөлөр, жалкоолук жана кайдыгерликтен сактангыла. Билип койгула, Алла Таала төмөндөгүдөй айткандай, акыр-аягы такыбалар ийгиликке жетишет: акыр-аягы такыбалардыкы. Ошондуктан, такыба болууга аракет кылгыла, анткени акыбет такыбалардыкы гана».

♦ Алла Таала чыныгы Ахмадий болуп, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)­дын таалимдерин ээрчүүгө жардам берсин. Алла Таала колдоп, биз Алла Тааланын акы-укуктарын аткарып, Анын ыраазычылыгына ээ бололу. Алла Таала колдоп, биз өз амалдарыбызды реформалап-оӊдоп, өз диний билимибизди жогорулатып, жана Алла Тааланын пенделеринин акы-укуктарын аткаруучулардан бололу.

♦ Мен мурун да ишаарат кылгандай, бул күндөрдө айрыкча Пакистандагы абал жөнүндө да дуба кылгыла жана Пакистанда жашагандар да өздөрү үчүн көп дуба кылуулары керек. Алла Таала аларды бардык жаманчылыктардан сактасын. Жалпысынан, силер дүйнө үчүн да дуба кылууӊар керек, алар өтө ылдамдык менен согушка карай жылышууда. Россия жана АКШ  даярдыктарды көрүү менен алек болуп, чындыгында экөө теӊ өздөрүнүн үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн, бирок биз кордук көргөндөрдүн укуктарын коргоону каалайбыз деген шылтоону айтышат. Чынында, алар кордук көргөндөрдүн акысын калыбына келтирүү аракетине жамынып, буга мусулман өлкөлөрү да кирет, мусулман өлкөлөрүн жок кылууну каалашат. Алла Таала мусулмандарга да акыл-парасат тартууласын. Алла Таала Ислам атынан мыкаачылык кылып жаткан террордук топторду да жок кылсын жана Ал эки тарапка акыл-парасат берсин. Баарынан маанилүүсү, Алла Таала аларга Учурлук Имамды таанууга мүмкүнчүлүк берсин, анткени аман калышынын мындан башка эч кандай жолу жок. Алла Таала аларга акыл берсин жана мусулмандар ошол зулумдуктарга шерик болуунун ордуна Исламдын чыныгы таалимине ылайык сүйүү-махабат, мээримдүүлүк жана бир тууганчылык таалимдерин жайылтып, Алла Тааланын акы-укуктарын аткаруучулардан болушсун.

Share via