Курани Карим такыбаларга туура жол көрсөтүүчү кемел-толук Китеп • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Курани Карим такыбаларга туура жол көрсөтүүчү кемел-толук Китеп

بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِЧексиз ырайым кылуучу жана кайра-кайра мээримин төгүүчү Алланын аты менен.الٓـمّٓМен – Алламын, Эӊ көп Билүүчүмүн. (2:2)ذٰلِکَ الۡکِتٰبُБул – толук Китеп. (2:3) لَا رَیۡبَ ۚۖۛ فِیۡہِМында эч кандай шек-күмөн жок. (2:3)ہُدًی لِّلۡمُتَّقِیۡنَТакыбалар үчүн хидаят. (2:3)

Качан алдыбызда кандайдыр бир жаӊы нерсе келгенде, кандайдыр бир жаӊы мөмө-жемишти көргөнүбүздө, кандайдыр бир жаӊы унааны көргөнүбүздө, кандайдыр бир жаӊы машинканы көргөнүбүздө, кандайдыр бир жаӊы китепти көргөнүбүздө, кандайдыр бир жаӊы айбанды көргөнүбүздө, кыскасы, адам баласы мурун тааныбаган, билбеген нерсени көргөндө, жалпысынан, көрүүчү адамдын көӊүлүндө төмөнкүдөй төрт суроо туулат, ал киши бул эмне, кандайдыр бир тамакпы, кандайдыр бир көчөтпү, кандайдыр бир тетикпи же аспапбы? деп ойлойт. Андан кийин бул нерсе кандай, жакшыбы же жаманбы, пайда келтирүүчүбү же бекерби же зыян келтирүүчүбү деген суроо туулат.

Андан кийин бул нерсенин максат-мүдөөсү кандай, кандай жардам берет, андан ким пайда көрө алат жана кандайча пайда көрө алат деген суроо пайда болот.

Курани Каримдин өзгөчөлүгү бул: бүтүн Курандын корутундусу болгон «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн башында эле жазып, анан жаӊы нерсени көрүп, ой жүгүрткөн адамдын көӊүлүндө пайда боло турган ошол төрт суроого болгон жоопторду эӊ алгачкы сүрөөдө жазып койгон. Алла Таала мындай деп айтат:ذٰلِکَ الۡکِتٰبُбул – улуу салтанаттуу толук Китеп, لَا رَیۡبَ ۚۖۛ فِیۡہِанда жазылган кептеринин баары чын, анда бир дагы шек, бир дагы күмөн жок,ہُدًی لِّلۡمُتَّقِیۡنَбул – такыба болууну каалаган, Алла Таала менен кездешүүнү каалаган, Алла Тааланын пенделерине жакшылык кылууну каалаган адамдардын баарына багыт берүүчү. Аларга бардык жакшы нерселерди айтып берет жана бардык жаманчылыктардан кайтарат. Бул (китеп) кайдан келген, аны ким жараткан, бул {الم} Алиф-Лаам-Мийм, Эӊ Билүүчү Алла Таала тарабынан келген, ошондуктан ага амал кылуу менен адамзат ар бир наадандыктан турган жаӊылыштыктан сактана алат. Алла Таала колдоп, бардыгыбызга Курани Каримди окуп-үйрөнүүгө күч-кубат берсин. (Аамийн)

Share via