Эсиңерде болсун! Куру байъат менен эч нерсе болбойт • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Эсиңерде болсун! Куру байъат менен эч нерсе болбойт

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

«Эсиңерде болсун! Куру байъат берүү менен эч нерсе болбойт. Аллах Таала чыныгы байъаттын концепциясын ишке ашырмайынча, бул каада-салтка канааттанбайт. Ага чейин бул байъат байъат эмес, болгону каада-салт гана. Ошондуктан, байъаттын чыныгы максатын аткарууга аракет кылууӊар маанилүү. Башкача айтканда, такыба болгула. Ыйык Куранды жакшылап окугула жана ага ой жүгүрткүлө, анан (ага) амал кылгыла, анткени Аллахтын Сүннөтү бул: Аллах Таала куру сөздөр жана кептерге ыраазы болбойт, жок Алла Тааланын ыраазычылыгына жетүү үчүн Анын буйруктарын аткаруу керек. Ал тыюу салган иштерден оолак болгула. Бул кандайдыр бир ачык-айкын сөз, себеби, биз байкагандай, адам деле куру сөздөргө ыраазы болбойт, ал дагы кандайдыр бир ишке эле ыраазы болот. Чыныгы мусулман менен жалган мусулмандын бири-биринен айырмасы – жалган мусулман куру сөздөрдү эле сүйлөйт, (иш жүзүндө) эч нерсе жасабайт. Буга каршы чыныгы мусулман сөзү менен эмес, иш-аракети менен көрсөтөт. Ошентип, Аллах пендем Мен үчүн ибадат кылып жатат жана Менин макулуктарыма Мен үчүн ырайым кылып жатат деп көрсө, анда ошондо Ал периштелерин ага түшүрөт жана Өзү убада кылгандай, чыныгы жана жалган мусулмандын айырмасын көрсөтүп коёт». (Малфузаат, 3-том, 215-бет, «Ал-Хакам» газетасы, 17-апрель, 1904-жыл)

Анан ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Албетте, түшүнгүлө, биз үчүн көздөрсүз көрүү же кулактарсыз угуу же тилсиз сүйлөө мүмкүн болбогондой эле, Ал Сүйүктүүнүн Жүзүн дагы Ыйык Курансыз көрүү мүмкүн эмес». (Ислам окууларынын философиясы, 123-бет)

Share via