Эң мыкты инсандар: Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху)

мечитте окулган жума кутбасы

2020-жылдын 14августунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Бадр согушуна катышкан улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Саъд бин Аби Ваккаас (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

23-хижра жылы Азирети Умар (разияллааху анху)га жасалган кандуу кол салуудан кийин ал (разияллааху анху) Халифаны шайлоо үчүн түзгөн комиссиянын бир мүчөсү Азирети Саъд (разияллааху анху) болгон.

(Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Зияфат[1] бөлүмү, «АлФазл Интернейшнал» гезити жана «Ахмадия гезити» үчүн ыктыярчы түрдө кызмат өтөгөн) урматту Сафдар Али Гужжар мырза, профессор Насийр Ахмад Хан мырзанын жубайы урматтуу Иффат Насийр айым, (Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын башкы катчысынын кеңсесинин кызматчысы) урматту АбдурРахийм Саакий мырза жана учурлук Халифанын жеке катчысынын кеңсесиндеги диспетчердик бөлүмдө ыктыярчы түрдө кызмат өтөгөн) урматтуу Саъийд Ахмад Сахгал мырзанын эскерилүүсү жана гайып жаназа намазы.

 2020-жылдын 14-августунда, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 14-Вафаа күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маанимазмуну

2020-жылдын 14-август күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Эки жума мурун Азирети Саъд бин Аби Ваккаас (разияллааху анху) тууралуу сөз болуп жаткан. Бүгүн дагы ал жөнүндө кээ бир башка окуяларды айтып берем. Абу Махжан Сакфий деген бир адам арак ичкенине байланыштуу чынжыр менен байланып, туткундукка алынган болчу. Согуш учурунда Абу Махжан Азирети Саъд (разияллааху анху)нун аялы Азирети Салма бинт Хафсага согушка катышуу үчүн коё берүүсүн суранды. Ал эгерде тирүү калсам, анда кайтып келип чынжыр менен өзүмдү байлап алам, – деп сөз берген. Абу Махжан Азирети Саъд (разияллааху анху)нун атын минип, согуш майданына барып, абдан эрдик менен салгылашкан. Азирети Саъд (разияллааху анху) ооруга байланыштуу түздөн-түз согушка катышпай, алыстан эле көзөмөлдөп жаткан болчу. Ал (разияллааху анху) өзүнүн атын таанып алып, бул ат меники, бирок аны Абу Махжан минип жүрөт окшойт деп айткан. Согуш үч күн бою улана берген. Андан кийин Абу Махжан кайтып келип, өзүн-өзү чынжырлар менен кишендеп алган.

Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху) Лажна[2]га кайрылып жасаган бир кайрылуусунда жогорудагы окуяны айтып, аялдарга мындай деп насаат кылган: аялдар бүгүн дагы Азирети Саъд (разияллааху анху)нун аялынын эрдигинин ушул үлгүсүн алдына коюулары керек. Ошондой эле, Бану Сулайм уруусунун белгилүү акын аял-сахааба Азирети Хансаа (разияллааху анхаа)нын төрт уулу анын осуятын ишке ашырып, Каадсия согушунда абдан эрдик менен салгылашкан бойдон шейит болушкан. Ал күнү кеч кире электе Каадсиянын үстүндө Исламдын желеги желбиреп жаткан эле. Азирети Хансаа (разияллааху анхаа) өзүнүн төрт уулун шейит даражасына жеткирген Аллага шүгүр кылган.

Каадсияны жеңгенден кийин Исламын аскерлеринин тобу Бабул жана тарыхый шаар Каусааны басып алышкан. Исламдын аскерлеринин тобу ал жерден Кисранын жырткыч арстаны жашаган Бахраи Шийр жергесине жетип барышкан. Азирети Саъд (разияллааху анху)нун кошууну жакындап келгенде, ирандыктар ал жырткыч арстанды кошуунду көздөй коё беришкен. Арстан арылдаган бойдон чабуул жасаганда, Азирети Саъд (разияллааху анху)нун бир тууганы Хашим бин Аби Ваккаас кылыч менен арстанга чабуул жасап, аны ошол эле жерде өлтүрүп салган.

Ал согуштун учурунда эле Мадаин согушу да туш келди. Мадаин Кисранын борбору болуп, анда ак сепилдери жайгашкан болчу. Ирандыктар мусулмандар менен Мадаиндин ортосундагы Дажла дарыясынын бардык көпүрөлөрүн талкалап салышкан. Азирети Саъд Исламдын аскерлерине дарыяны сүзүп өтүүгө буйрук берип, өз аты менен дарыяга секирген. Азирети Саъд (разияллаху анху)нун солдаттары дагы аны ээрчип, аттары менен дарыяга секиришкен. Таң калтырган ушул көрүнүш ирандыктарды аябай кооптондуруп, алар качып кетүүгө аргасыз болушкан. Мусулмандар алдыга чыгып шаар жана Кисранын сепилдерин колуна алышкан. Ошентип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдын-ала айткан бир кабары ишке ашкан.

Мадаинди басып алгандан кийин Азирети Саъд (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)дан дагы алдыга барууга уруксат сураган. Бирок, Азирети Умар (разияллааху анху) азырынча бул жетиштүү, басып алынган аймактарда тартиптүүлүк киргизүүгө көңүл буруу керек деп айткан. Азирети Саъд (разияллааху анху) ушул милдетти дагы жакшы аткарган. Ал (разияллааху анху) Иракта элди каттоо иштерин ишке ашырган. Хузур-э-Анвар кээ бир адамдар мусулмандар басып алган аймактарындагы жарандарды карашпайт деп айтышат. Бирок, бул чындык эмес, мусулмандар шаарларды басып алгандан кийин жергиликтүү тургундарды мурдагыга караганда жакшы карашкан деди. Азирети Саъд (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)нун уруксаты менен Куфа шаарын негиздеген. Ал бир аскерлик казарма болуп, ал жерде 100 миң аскер жайгаштырылган болчу. Ал шаарда араптардын уруулары ар башка райондордо отурукташтырылган. Шаардын так ортосунда бир убакытта 40 миң адам намаз окуй ала турган бир чоң мечит салынган. Мечитке жакын бир жерде Байтул-мал (каржылык бөлүмү)нүн имараты жана өзүнун сепилин салдырган. Ал сепил «Каср-э-Саъд» деген ат менен таанымал болчу.

21-хижра жылы перстердин 150 миң аскери менен Ислам аскерлеринин тобу согушкан. Бул Нихааванд согушу деп аталат. Ал салгылашууда Азирети Умар (разияллааху анху)нун көрсөтмөсүнүн негизинде, мусулмандардын 30 миң аскерин Азирети Нуъман бин Микран Мазни жетектеген. Азирети Умар (разияллааху анху)нун халифалык доорунда бир жолу Бану Асад уруусунун айрым адамдары Азирети Саъд (разияллааху анху)га каршы ал туура жол менен намаз окутпайт деген сын-пикирди билдиришкен. Азирети Умар (разияллааху анху) маселени иликтөө үчүн Азирети Мухаммад бин Маслама (разияллааху анху)ну жөнөткөн, натыйжада даттануулар туура эмес экендиги маалым болгон. Ошентсе да, кээ бир даанышмандыктарга байланыштуу ал (разияллааху анху) Мединага чакырылып алынган. 23-хижра жылы Азирети Умар (разияллааху анху)га жасалган кандуу кол салуудан кийин халифаны шайлоо үчүн ал (разияллааху анху) түзгөн комиссиянын бир мүчөсү Азирети Саъд (разияллааху анху) болгон. Азирети Умар (разияллааху анху) эгерде Саъд шайланса, анда ал эле Халифа болот, антпесе ким гана Халифа болбосун, ал Саъд (разияллааху анху)дан жардам алып турсун деп айткан.

Азирети Усман (разияллааху анху) Халифа болуп шайлангандан кийин Саъд (разияллааху анху)ну кайрадан Куфага аким кылып дайындаган, ал жерде ал (разияллааху анху) үч жыл бою кызмат кылган. Андан кийин ал (разияллааху анху) менен Байтул-Маалдын жетекчиси Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху)нун ортосунда пикир келишпестик пайда болгон. Ошондо, Азирети Усман (разияллааху анху) Саъд (разияллааху анху)ну иштен алып салган. Кызматынан кеткен соӊ Азирети Саъд (разияллааху анху) Мединанын бир  жеринде обочолонуп жашай баштаган жана фитна-чагымчылыктардан дайыма алыс жүргөн.

Ажалы жакындаган маалда анын башы анын уулу Азирети Мусъаб бин Саъддын кучагында болчу. Мусъабдын көздөрүнөн агып жаткан жаштарын көрүп, Саъд (разияллааху анху) Алла Таала мени эч качан жазалабайт жана мен бейиштүү адамдарданмын деп айткан. Бир жолу Азирети Саъд (разияллааху анху)нун уулу эмне себептен Ансаар менен жасаган мамилелериңиз башкалар менен жасаган мамилелериңизден айырмаланат деп сураган. Ал (разияллааху анху) мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан момун аларга дос болот жана эки жүздүү алардан алыс жүрөт деп айтканын уккам деп жооп берген.

Азирети Саъд (разияллааху анху)нун каза болуусу жөнүндө түрдүү рабаяттар кезигет, аларга ылайык ал (разияллааху анху) 51-58-хижра жылдары аралыгында 70-80 жаш курагында каза тапкан. Каза болгон учурда ал (разияллааху анху) 250 миң дирхам мурас катары калтырган. Марван бин Хакам жаназа намазын окуткан жана сөөгү Жаннатул-Бакийъ көрүстөнүндө жерге берилген. Ал (разияллааху анху)нун жаназа намазына Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ыйык аялдары дагы катышышкан. Ал (разияллааху анху) Мухажирлердин арасында эң аягында каза болгон инсан болчу. Атактуу Чыгыш таануучу Ви́льям Мьюр мындай деп жазат: «Бадр» согушуна катышкан сахаабалар Ислам коомчулугунун эң улуу мүчөсү катары каралышчу. Өлүм учурунда Саъд (разияллааху анху) «Бадр» согушу күнү мен кийген чепкенимди алып келгиле деп суранган. «Бадр» согушунун учурунда Саъд (разияллааху анху) жапжаш жигит болчу. Андан кийин ал (разияллааху анху) аркылуу Иран мусулмандардын колуна өткөн. Ал Куфанын негиздөөчүсү жана Ирактын губернатору болгон, бирок анын оюнча бул бардык сый-урматтар жана сыймыктануулар «Бадр» согушуна катышуу сыймыктануусуна караганда эч нерсе эмес болчу. Азирети Саъд (разияллааху анху) ар кандай мезгилдерде тогуз аялга үйлөнгөн жана алардан Алла Таала ага 34 бала тартуулаган, алардын 19у эркек жана 17си кыз балдар болгон.

Хузур-э-Анвар кутбанын экинчи бөлүгүндө төрт маркумду эскерип, гайып жаназа намазын окутаарын жарыялады.

Биринчи эскерилүү – урматтуу Сафдар Али Гужжар мырзаныкы болчу. Маркум 25-июль күнү 79 жаш курагында каза болгон.

Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Ражиъуун

Алла Тааланын берешендиги менен ал Мусий (Ахмадия Мусулман Жамаатынын осуят системасына кирген адам) болгон. Акыркы 30 жылдан бери Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Зияфат (коноктоо-тамактандыруу) бөлүмүндө ыктыярчы түрдө кызмат өтөгөн. Узак мезгилге чейин «Ал-Фазл Интернейшнл» гезити жана «Ахмадия гезитин» таңгактоо жана почта кызматына тапшыруу иштеринде кызмат кылган. Хузур-э-Анвар маркум халифатка аябай берилген адам болчу жана ар дайым ошол эле босогого ийилип турган. Маркумдун артында аялынан тышкары, төрт уулу жана эки кызы калышты.

Кийинки эскерилүү – профессор Насийр Ахмад Хан мырзанын аялы урматтуу Иффат Насийр айымдыкы болчу. Ал 3-май күнү 90 жаш курагында каза тапкан.

Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Ражиъуун

Маркум айым абдан дуба кылуучу, ибадат кылуучу жана Тахажжуд намазын аткаруучу аял болчу. Узак мөөнөткө чейин Лажна-Има’илла уюмунун түрдүү кызматтарында кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Артында бир кызы жана эки уулу калышты.

Үчүнчү эскерүү – урматтуу Абдур-Рахийм Сааки мырзаныкы болчу. Ал 31-март күнү каза болгон.

Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Ражиъуун

Маркум Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын башкы катчысынын кеңсесинде кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал абдан дуба кылуучу, Курани Каримди окуучу жана ибдат кылуучу адам болчу. Халифатты терең урматтаган жана сүйүгөн адам эле.

Бүгүнкү кутбада эң акыркы эскерүү – урматтуу Саъийд Ахмад Сахгал мырзаныкы. Ал Хузур-э-Анвардын жеке катчысынын кеңсесинин диспетчердик бөлүмүндө кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал 12-апрель күнү 90 жаш курагында каза болгон.

Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Ражиъуун

Маркумдун артында 2 уулу жана 2 кызы калышты. Абдан билимдүү жана илимдин досу болчу. Намаздарды калтырбай окуган жана Халифатка абдан берилген адам болчу. Ар кандай темалар боюнча жеткиликтүү талкууларды жүргүзчү, айрыкча христианчылык жана иудаизмди өтө терең окуп-үйрөнгөн.

Хузур-э-Анвар Алла Таала бардык маркумдарды кечирсин жана алардын балдарына алар баштаган жакшылыктарын улантып турууга күч-кубат тартууласын деп дуба кылды.

٭…٭…٭

[1] Келген меймандарды коноктоо-тамактандыруу бөлүмү.

[2] Ахмадия Мусулман Жамаатынын 15 жаштан өйдө жаштагы аялдарынан турган тармактуу уюм «Лажна Имааиллах» деп аталат.

Share via