Дубанын кабыл болушу чыдамдуулук жана тырышчаактыкты талап кылат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Дубанын кабыл болушу чыдамдуулук жана тырышчаактыкты талап кылат

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар

Чындыгында, дубада чоң-чоӊ баскычтар жана деңгээлдер бар, алардан кабар жоктуктан, дуба кылуучулар өз колу менен куру-жалак калышат. Алар шашылып калышат жана чыдай алышпайт, ал эми Алла Тааланын иштери акырындык менен илгерилейт.

Карагылачы, Ал каалаганын жасай ала турган Кудай экендигине карабай, эгер адам бүгүн үйлөнсө, эртең үйүндө баласы болушу мүмкүнбү? (Жок, себеби) Ал белгилеген мыйзамы жана системасы аткарылышы керек. А дегенде, өсүмдүктөрдүн өнүгүшүнө окшош эч нерсе байкалбайт. Төрт айга чейин эч ким так бир нерсени айта албайт. Андан кийин кандайдыр бир кыймыл-аракет сезиле баштайт жана мезгил мезгили бүткөндөн кийин, чоң кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, бала төрөлөт. Баласынын төрөлүшү менен энеси да жаӊы төрөлгөндөй болот. Эркектер кош бойлуулуктун ушул мезгилинде аялзаты башынан өткөргөн азап-тозоктор жана балээ-кырсыктарды элестете да алышпайт. Бирок, чындыгында бул аялдын дагы бир жаңы жашоосу болот. Эми, көӊүл бургула, баласы үчүн а дегенде кандайдыр бир өлүмдү өзүнө кабыл алууга аргасыз болот, андан кийин ал ушул сүйүнчкө (кубанычка) ээ болот. Ошол сыяктуу, дуба кылган адам туруксуздук жана шашмалыкты таштап, бардык кыйынчылыктарга туруштук берүүсү керек жана дуба кабыл болбойт деген ойго эч качан барбасын. Акыры убакыт келет. Дубанын натыйжасы чыгуу убактысы, башкача айтканда, тилеген тилектер «баласынын» төрөлө турган убагы келет. А дегенде, дубаны ошол даражага жана натыйжа чыга турган чек арага жеткирүү керек. Лупанын астына кездеме коюп, күндүн нурлары ошол лупа аркылуу өткөн жылуулугу жана ысыгы чүпүрөктү күйгүзгөнгө чейин жетет, анан күтүлбөгөн жерден ошол кездеме күйүп кетет. Ошентип, дубанын ушул деңгээлге жетиши маанилүү, анан ал жерде анда ийгиликсиздиктерди өрттөп, тилеген ой-ниеттин аткарылышы экендигин далилдей турган күч пайда болсун.

پیداست نگارا که بلند است جنابت

Сенин бийик даражада экендигиӊ белгилүү болду, эй, сүйүктүүм!

Адам узак убакыт бою дубалар менен алектенип турушу керек. Акыры Алла Таала ачыкка чыгарат. Мен өз тажрыйбамдан көрдүм жана мурунку адил адамдардын тажрыйбасы дагы бир нерсени күбөлөндүрөт: эгер кайсы бир маселеде көпкө чейин унчукпай отура берсе, анда ийгиликке үмүт болот, бирок тез арада жооп кайтарыла турган маселе болбойт. Адатта, дүйнөдө биз байкагандай, кайырчы бирөөнүн эшигине барып сураганда, өтө тынчсыздануу жана кичипейилдик менен сураганда жана бир аз сөгүнүүлөрдү жегенден кийин деле ордунда жылбай туруп, улам сурай бергенде, ал (берүүчү) да бир уялып калып, жана канчалык сараң болбосун, ал сураган адамга бир нерсе берип коёт. Андай болсо, дуба кылуучу адамда жөнөкөй кайырчыдай туруктуулук болушу керек эмеспи? Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллада абийирдүүлүк бар, Ал Өзүнүн жардамсыз пендесинин көптөн бери босогосунда жаткандыгын көрүп, эч качан акыбетин жаман кылбайт. Мисалы, кош бойлуу аял төрт-беш айдан кийин эмнеге бала төрөлбөй жатат десе жана ушул каалоо менен боюндагысын алдыруучу кандайдыр бир дары ичсе, анда кайсы бала төрөлөт? Же ал өзү көңүл чөгөргөн жагдайга туш болуп калабы? Кудум ошондой убакыттан мурун шашылып калган бирөө зыян гана көрөт. Жана зыянды гана көрбөй, ыйманына дагы зыян келтирет. Айрымдары ушундай кырдаалда атеист болуп калышат. Биздин айылда бир жыгач уста бар болчу. Анын аялы ооруп, акыры көз жумган. Ал эгер Кудай бар болсо, мен ушунчалык көп дубаларды сурадым, алар кабыл болуп, аялым өлбөйт деп ишенген. Ошентип ал атеист болуп калган. Бирок эгер момун болуп, чын жүрөктөн жана чын ыкласы менен иштесе, анын ишеними жогорулап, бардыгы болуп калмак. Кудай Тааланын алдында жердин байлыктары кандай? Ал бардыгын бир эле көз ирмемде жасай алат. Ал эч ким билбеген элди падыша кылганын көрбөдүӊөрбү? Улуу падышачылыктарды аларга баш ийдирип, кулдарды падышалар кылып койгон. Эгер адам такыба болсо, Алла Тааланыкы болуп калса, анда дүйнөдө жашоо деңгээли жогору болмок. Бирок, анын чынчыл жана баатыр экендигин көрсөтүшү шарт. Жүрөгү тайгаланбашы керек жана анда эки жүздүүлүк менен ширк аралашпаган болушу керек.

Ибрахим (алайхиссалам)ды Абуль-Миллат[1] жана Абуль-Хунафаа[2] кылган, ошондой эле Аллах Таала ага санап бүтпөгөн чоң кут-берекелерди берген эмне болгон? Ушул чын жүрөктүк жана ыкластуулук гана болгон.

Карагыла, Ибрахим (алайхиссалам) өзүнүн урпактарынан, Арабиядан бир пайгамбар болсун деп дуба кылган эле. Анан ал ошол эле учурда кабыл алынган беле? Азирети Ибрахимден кийин көп убакыт бою эч ким бул дубанын натыйжасы жөнүндө ойлонгон жок болушу керек. Бирок Суйуктуу Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын келүү сыпатында ал дуба кабыл болгон жана кандай улуу салтанат менен аткарылган. (Малфузаат, 4-том, 418-420-бет, 1984-жылы жарык көргөн нускасы)

****************

[1] Улут жана коомдун атасы.

[2] Алла Таала жакка ийилгендердин атасы.

Share via