Кайгы-капаны кетирүү үчүн эртели-кеч окулуучу дуба

Азирети Абу Дардаа (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Кимде-ким эртели-кеч жети жолу ушул дубаны окуса, Алла Таала дүйнө жана акырет жөнүндөгү анын бардык кайгы-капаларын кетирет».حَسۡبِیَ اللّٰہُ ۫٭ۖ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ؕ عَلَیۡہِ تَوَکَّلۡتُ وَہُوَ رَبُّ الۡعَرۡشِ الۡعَظِیۡمِОКУЛУШУ: ХАСБИЯЛЛААХУ ЛАА ИЛААХА ИЛЛАА ХУУ, АЛАЙХИ ТАВАККАЛТУ ВА ХУВА РАББУЛ-АРШИЛ-АЗИЙМ. (9:129)
Котормосу: Алла мага жетиштүү; Андан бөлөк эч кандай кудай жок; мен Ага гана тобокел кыламын жана Ал улуу Арштын Раббиси». («Ат-Тавба» сүрөөсү:129)