Дуба • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз сыйынуу ибадат азан дуба дин ыйман мусулман момун хадис куран

«Качан Алла Тааланын берешендиги жакындап келгенде, Ал дубанын кабыл болуу шарттарын камсыз кылат. Жүрөктө кандайдыр бир жалбаруу жана жалынуу ахвалы пайда болот. Ал эми дубанын кабыл болуу убакыты болбогондо (же келе электе), жүрөктө бейпилдик жана кайрылуу ахвалы пайда болбойт. Адам өзүн канчалык мажбур кылса да, көңүл ага тартпайт. Себеби, Кудай Таала кээде Өз эркин жана тагдырын моюнга алдырат, кээде дубаны кабыл кылат. Ошондуктан, мен Кудай Тааланын эркинин белгилерин сезмейинче дубанын кабыл болуусун көп деле үмүт кылбаймын жана дубанын кабыл болуу учурунда болгон кубанычтан да чоң кубаныч менен Анын тагдырына ыраазы боломун. Анткени, Анын тагдырына ыраазы болуунун жемиштери жана берекелери андан да арбын». («Малфузаат», 1-том, 460-бет)

Share via