Дин жана дүйнө жакшылыктарына жетүүгө дуба
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Дин жана дүйнө жакшылыктарына жетүүгө дуба

Кимдир бирөө Азирети Анас (разияллааху анху) бин Мааликтен: «Биз үчүн дуба кылыңыз», – деп суранган. Азирети Анас (разияллааху анху) ушул дубаны окуган. Ал киши дагы дуба кылуусун суранганда, Азирети Анас (разияллааху анху) мындай деп жооп берген: «Сиз дагы эмнени каалайсыз? Мен сиз үчүн дүйнө жана акырет жакшылыгын сураганмын».(«Тафсири Куртабий», 2-бөлүк, 433-бет)

Азирети Анас (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул дубаны кайра-кайра окучу эле. («Бухарий» Китаабут-Тафсир) رَبَّنَاۤ اٰتِنَا فِی الدُّنۡیَا حَسَنَۃً وَّفِی الۡاٰخِرَۃِ حَسَنَۃً وَّقِنَا عَذَابَ النَّارِОКУЛУШУ: РАББАНАА АААТИНАА ФИД-ДУНЯ ХАСАНАТАН ВА ФИЛ-АААХИРАТИ ХАСАНАТАН ВАКИНАА АЗААБАН-НААР. («АЛ-БАКАРА» СҮРӨӨСҮ: 202)

Котормосу: «Эй, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө дагы жакшылык тартуулагын, акыретте дагы жакшылык тартуулагын жана бизди от азабынан сактагын!»

Share via