Жаманчылыкка каршы күрөшүү күчүнө ээ болуу дубасы
Качан Мисир падышасынын аялы жана башка аялдар Азирети Юсуф (алайхиссалаам)ды жаманчылыкка тартуу максатында айла-амал кылышканда, Азирети Юсуф (алайхиссалаам) Алла Таалага жалынып-жалбарып сураган дуба Курани Каримде кезигет. Алла Таала ошол дубаны кабыл кылып, Азирети Юсуф (алайхиссалаам)ды ошол аялдардын айла-амалынан сактаган.رَبِّ السِّجۡنُ اَحَبُّ اِلَیَّ مِمَّا یَدۡعُوۡنَنِیۡۤ اِلَیۡہِ ۚ وَاِلَّا تَصۡرِفۡ عَنِّیۡ کَیۡدَہُنَّ اَصۡبُ اِلَیۡہِنَّ وَاَکُنۡ مِّنَ الۡجٰہِلِیۡنَОКУЛУШУ: РАББИС-СИЖНУ АХАББУ ИЛАЙЙА МИМ-МАА ЯДЪУУНАНИЙ ИЛАЙХИ ВА ИЛЛАА ТАСРИФ АННИЙ КАЙДАХУННА АСБУ ИЛАЙХИННА ВА АКУМ-МИНАЛ ЖААХИЛИЙН. (ЮСУФ 12:34)
Котормосу: «Эй, Раббим! Алар (аялдар) мени чакыра турган нерседен көрө мага зындан жакшыраак. Эгер Сен алардын айла-амалын менден алыс кылбасаң, мен аларга ооп кетем жана наадандардан болуп калам». (12:34)