Рукудан кийин Кыям ахвалындагы дубалар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Рукудан кийин Кыям ахвалындагы дубалар

♦ Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын рукудан кыямга барганда төмөнкүдөй дуба окуп жүргөнүн рабаят этет:

Окулушу: Аллаахумма Раббанаа лакал-хамду, мил-ус-самааваати ва мил-ул-арзи ва милу маа ши’та мин шай-ин баъду, ахлус-санааи вал-мажди ахакку маа каалал-абду ва куллунаа лака абдун, Аллаахумма лаа маниъа ли-маа аътайта валаа муътия ли-маа манаъта, валаа янфаъу зал-жадди минкал-жадду. («Муслим», Китаабус-Салаат, Баабу маа якуулу изаа рафаъа ра’саху минар-рукуъ)

Котормосу: Эй, Алла! Биздин Раббибиз! Бардык мактоо-алкоо Сага гана таандык. Асманга тете, жерге тете, анан алардан кийин Сен каалаган нерсе да (мактоо-алкоого) толуп кетсин. Эй, мактоо-алкоо жана улуктук Ээси! Пенде Сага канчалык мактоо-алкоо айтпасын, Сен ага татыктуусуӊ жана бардыгыбыз Сенин пенделериӊбиз. Эй, Алла! Сен тартуулай турган нерсени токтото турган эч ким жок жана Сен токтоткон нерсени бере ала турган эч ким жок. Улуктук ээси болгон бирөөнүн улуктугу Сага каршы такыр эле пайда келтире албайт.

♦ Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) рукудан кыямга туруп жатканда төмөнкүдөй дубаны окучу:

Окулушу: Самиъаллааху ли-ман хамидах.

Котормосу: Алла Таалага мактоо-алкоо айткан адамдын дубасын Ал кабыл алды.

Окулушу: Аллаахумма Раббанаа ва лакал-хамду. («Сахих Бухарий», Китаабул-Азаан)

Котормосу: Эй, Алла, Раббибиз! Бардык мактоо-алкоо Сага гана таандык.

♦ Азирети Рифааъа (разияллааху анху) бин Раафиъ Заркий мындай деп айтат: «Бир күнү биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аркасында туруп, намаз окудук, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) рукудан тик туруп,

«самиъаллааху ли-ман хамидах» деп айтканда, бир киши

«Раббанаа ва лакал-хамду, хамдан касийран таййибан мубааракан фийх, Эй, Алла, Раббибиз! Бардык мактоо-алкоо Сага гана таандык – көп-көп, ыйык жана эбегейсиз берекеси бар мактоо-алкоо («Сахих Бухарий», Китаабул-Азаан) деп окуду.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) намаз окуп бүткөн соӊ: «Ал сөздөрдү биринчи болуп жазгандардан болуу үчүн отуздан көбүрөөк периштелерди учуп келишкенин көрдүм», – деп айткан».

Share via