Сажда ахвалындагы дубалар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сажда ахвалындагы дубалар

Азирети Хузайфа (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) саждада төмөнкүдөй дуба окуп жүргөнүн айтат:

Окулушу: Субхаана Раббиял-Аълаа.

Котормосу: Улуу салтанат Ээси Раббим – Ыйык. («Термизий», Китаабус-Салаат, Баабут-Тасбийх фир-рукуъ вас-сужууд)

Азирети Айша (разияллааху анхаа) мындай деп айтат: «Мага кезеги келген күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды төшөгүмдөн таппай сар-санаа болдум. Караӊылыкта колумду сыйпалап көрсөм, саждада төмөндөгүдөй дуба сурап жатканын уктум:

Окулушу: Аллаахуммаг-фир-лий маа асрарту ва-маа аъланту.

Котормосу: Эй, Алла! Менин көмүскө жана көрүнөө (бардык күнөөлөрүмдү) кечиргин. («Муслим», Китаабус-Салаат, Баабуд-Дуааи фис-сужууд)

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) айтып берген рабаят боюнча, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) саждада төмөнкүдөй дубаны окучу:

Окулушу: Аллаахуммаг-фир-лий занбий куллаху, диккаху ва жиллаху ва аввалаху ва аахираху ва аълааниятаху ва сирраху.

Котормосу: Эй, Алла! Менин кичине, чоӊ, мурунку, кийинки, көрүнөө жана көмүскө – бардык күнөөлөрүмдү кечиргин. («Муслим», Китаабус-Салаат, Баабу маа якуулу фир-рукуъ вас-сужууд)

Азирети Мухаммад (разияллааху анху) бин Масламанын рабаят кылышынча, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) түнчүндө Тахажжуд намазынын саждаларында төмөнкүдөй дубаны окучу:

Окулушу: Аллаахумма лака сажат-ту ва-бика ааманту ва-лака асламту, Аллаахумма анта Раббий сажада важхий лиллазий халакаху  ва саввараху ва шакка самъаху ва басараху табаара-каллааху ахсанаул-хааликийн.

Котормосу: Эй, Алла! Мен Сен үчүн сажда кылдым, Сага ыйман келтирдим жана Сага гана баш ийдим. Эй, Алла! Сен гана Раббимсиӊ. Менин жүзүм аны жараткан, ага келбет, кулактар жана көздөр тартуулаган Зат үчүн саждага жыгылыптыр. Жаратуучулардын эӊ жакшысы болгон Алла берекелүү. («Муслим», Китаабус-Салаат, Баабу маа якуулу фир-рукуъ вас-сужууд)

Азирети Айша (разияллааху анхаа) мындай деп айтат: «Бир түнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды таппай, издеп мечитке барганымда, буттары түз жерге кадалып, сажда ахвалында төмөндөгүдөй дуба сурап жатканын уктум:

Окулушу: Аллаахумма инний аъуузу би-ризаака мин сухтика ва би-муъаафаатика мин укуубатика, ва аъуузука минка, лаа ухсий санааун алайка анта камаа аснайта алаа нафсика.

Котормосу: Эй, Алла! Мен Сенин нааразылыгыӊан Сенин ыраазычылыгыӊдын паанасына кирем, ошондой эле Сенин жазаӊдан Сенин кечиримдүүлүгүӊдүн паанасына кирем. Мен Сенден паанаӊды суранам. Мен Сенин мактоо-алкооӊду санай албайм. Сен кудум Өзүӊө мактоо-алкоо айткандай мактоо-алкоого татыктуусуӊ. («Муслим», Китаабу Салаатил-мусаафирийна, Баабуд-Дуааи фий салаатил-лайил)

Share via