Эки сажда ортосундагы дуба

Азирети Абдулла (разияллааху анху) бин Аббаас Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эки сажда ортосунда төмөнкүдөй дуба окуп жүргөнүн рабаят этет:
Окулушу: Аллаахуммаг-фирлий вар-хамний вахдиний ва аафиний важбурний вар-зукний вар-фаъний.
Котормосу: Эй, Алла! Мени кечиргин, мага ырайым кылгын, мени туура жолго багыттагын, мага ден-соолук бергин, мени оӊдогун, мага ырыскы тартуулагын жана менин даражамды көтөргүн. («Ибн Маажа», Китаабу Икааматис–Салаати, Баабу маа якуулу байнас-саждатайн; «Мустадрик Хааким», 1-том, 262-271-бет)