Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны

Төрт түрдүү намаз бар:

  1. Фарз.
  2. Важиб.
  3. Cүннөт.
  4. Нафл.

Фарз Намазы

Фарз (парыз) – арабча сөз, «аткарылууга милдеттүү», – деген маанини билдирет. Ар күнү окула турган беш Фарз (парыз) намазы бар. Алар төмөнкүлөр:

Намаз                                             Рекеттердин саны

Фажр        (Багымдат)                               2

Зухр          (Пешин)                                    4

Аср            (Дигер)                                      4

Магриб      (Шам)                                      3

Ъиша         (Куптан)                                  4

Парыз намазын атайылап аткарбай коюу күнөө болот. Эгер бирөө намаз окууну эстен чыгарса же кандайдыр бир аргасыздыктан окубай калса, анда эсине түшкөндө же башка убакытта өз катасын түзөтүп, ошол намазды окушу керек.

Важип намазы

Важиб (зарыл) намаздары төмөнкүлөр:

  1. Үч рекет Витр намазы.
  2. Ийдул-Фитр (орозо айт) жана Ийдул-Азхаа (курман айт) маалында окулуучу эки рекет намаз.
  3. Каабаны Тавааф (зыярат) кылганда, окулуучу эки рекет намаз.

Эгер киши ушул намаздарды атайылап калтырса, күнөө иш кылган болот. Бирок, киши Важиб намазын аргасыздан, мисалы: эстен чыгарып койсо, анда аны Каза намазы катарында окуу андан талап кылынбайт. Каза – орундалбай калган намазды окуу – дегенди түшүндүрөт.

Сүннөт намазы

Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) Парыз намаздарына бир нече рекет намазды кошуп окуган. Бул намаздар Сүннөт намаздары, деп аталат. Баардык Фикх мектептери Сүннөт намаздарын орундатуу зарыл, деп эсептешет. Сүннөт намаздарын атайылап аткарбаган киши Алланын капачылыгына кабылат. Сүннөт намаздары төмөндөгүлөр:

1) Фажр (Багымдат) намазынын алдындагы эки рекет Сүннөт намазы. Эгер бир киши айрым себептен улам намаздын эки рекет Сүннөтүн окуганга үлгүрбөй, жамаатка кошулса, ал ошол намаздын эки рекет Сүннөтүн Парыз намазынан кийин аткарат.

2) Зухр (Пешин) намазында Парыз намазынан мурун төрт рекет жана аягында дагы эки рекет Сүннөт намазы бар. Эгер киши айрым себептерге байланыштуу Парыз намазынан алдыңкы төрт рекет Сүннөттү окубай калса, аны Парыз намазынан кийин окуйт.

Эскертүү: Ахмадий мусулмандар көбүнчө Ханафий мазхабга амал кылышат, алар Пешиндин Парызынан мурун төрт рекет, ал эми Парыз намазынан кийин эки рекет Сүннөт окушат. Бирок, айрым башка мусулмандар Пешиндин Парызынан мурун да төрт рекет, Парызынан кийин да төрт рекет окушат.

3) Магриб (Шам) намазынын Парызынан кийин эки рекет Сүннөт бар.

4) Иша (Куптан) намазынын Парызынан кийин эки рекет Сүннөт бар.

Нафл намазы

Мусулмандар Парыз жана Сүннөт намаздарынан тышкары кошумча намаздарды да окушат. Алар – Нафл намаздары деп аталат.

Нафл намазы ыктыярдуу намаз эсептелет. Нафл намазын өз каалоосу менен окуган киши Алла Тааланын кайрымына татыктуу болот. Нафл намаздары төмөнкүлөр:

  1. Сегиз рекет Тахажжуд намазы.
  2. Зухр (Пешин) намазындагы Парыздан кийин окулуучу акыркы эки рекет Сүннөттөн кийинки эки рекет.
  3. Аср (Дигер) намазынын Парыздарынын алдындагы төрт рекет.
  4. Магриб (Шам) намазынын эки рекет Сүннөт намазынан кийинки эки рекет.
  5. Төрт рекет Ишраак намазы.
  6. Мечитке киргенде окулуучу эки рекет намаз.
  7. Алла Тааладан ийгилик, жакшылык тилегенде окулган эки рекет намаз.
  8. Эки рекет Салаатул-Хажаат намазы.
  9. Эки рекет шүгүрчүлүк намазы.

Мындан башка дагы Нафл намаздары бар, алар туурасында бул китепченин кийинки беттеринде айтылат.

Нафл намаздарын ар бир киши көңүлү толгончо окуй алат. Бирок тыюу салынган убакта Нафл намазын окуган дурус эмес. Мисалы: Нафл намазын Аср менен Магрибдин ортосунда окууга болбойт. Мечитте орундалышы шарт болгон Нафл намаздарынан тышкары, Нафл намазын үйдө окуган жакшыраак. Бирок, кайсы жерде окуурун адам өзү тандап алат. Кааласа үйдө, кааласа мечитте окуйт.

Share via