Ниет
А дегенде, окула турган намазга чын көңүл менен ниет кылуу парыз. Ал намаздын маанилүү бөлүгү. Намаз окуй турган киши кайсы намазды (Фарз, Сүннөт же Нафл) жана канча рекет окуурун көңүлүнө түйүшү керек. Ниетте сөздөрдү үн чыгарып айтуунун кажети жок. Ниетти көңүл менен аткарса, ошонун өзү жетиштүү болот. Ниет кылганда Тавжих окулат. (Тавжих 2-бөлүмдө берилген).