Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр

Намаз деген эмне?

Намаз деген эмне? Намаз – өзүнүн ички дартын жана алсыздыгын Кудай Тааланын алдына таштап, Анын Өзүнөн гана муктаждыктарын камсыздандырууну тилөө. Намаз – кээде Анын буюруктарын орундатуу максатында даяр туруу, кээде толук баш ийүүчүлүк менен, өзүн пас тутуп, Анын алдында саждага жыгылуу, ошондой эле Андан өз муктаждыктарын кандырууну суроо. Намаз – бир кайырчынын: «Сен мындай ажайыпсың, сен тигиндей сулуусуң», дегени сыяктуу өзүнүн (жардам) сурай турганын мактап, Анын улуктугун жана бийиктигин айтып, Анын рахматын козгоп, Андан көмөк суроо. Демек, жогорку абалдар кезикпеген дин, дин эмес… Кудай Тааланын сүйүүсү жана кооптуулугу, ошондой эле адамдын жүрөгүнүн үзгүлтүксүз Алланы эскерип туруусу намаз деп аталат. Дин дагы ушул. Анан, намаз окууну каалабаган адамдын айбандардан айырмасы болобу? (Ошол эле айбандар сыяктуу жеп-ичүү жана уктоо). Бул эч качан дин болбойт. Бул каапырлардын амалдары… Демек, Алла Таала менен жолугууну жана Ага жетүүнү үмүт кылган ар бир киши үчүн намаз «унаа» катары болот. Ага түшүп, ал тезирээк жетип алат. Ким намазды таштап койсо, ал кантип жетет?

Чындыгында, мусулмандар намазды таштап, же анын акыйкатынан кабарсыз болуп, чын көңүл менен, чын-ыкыластан аны сүйүп окубай койгондон бери Исламдын ахвалы алсырай баштады. Жакшылап көңүл буруп көргүлөчү, намаздар кунт коюлуп, толук орундатылган доор кандай сонун эле? Бир ирет болсо да, Ислам бардык улуттардын үстүнөн жеңишке жеткен. Аны таштап койгондон тартып, өздөрү да ташталып жиберилди. Чын ыкылас менен окулган намаз гана баардык кыйынчылыктардан чыгарат. Биз бир нече ирет тажрыйба кылып көрдүк: качан бир кыйынчылыкка кирептер болгондо, намазды баштаар менен Алла таала ал ишти бир жаңсыл кылып, жеңилдетип койгон болот.

Намазда эмне болот? Анда ал жалбарат жана «жалбаруу колун» созот. Анан Алла анын максат-мүдөөсүн жакшылап угат. Ошентип, мындай бир убакыт келип, ошондо Уга турган сүйлөйт жана жалбарганга жооп берет. Намаздын акыйкаты ушундай: ал Алла тааланын алдында Саждада турат. Кудай таалага өз кыйынчылыктарын жана муктаждыктарын жеткирет. Анан, чыныгы жана акыйкат намаздын төмөнкүдөй натыйжасы чыгат: тез арада бир доор келип, Кудай таала ага жооп берүү үчүн сүйлөйт, ага жооп берип, көңүлүн жубатат. Мунун баары чыныгы намазсыз болушу мүмкүнбү? Жок, эч качан! («Малфузаат», 5-том, 253-355-бет)

Намаз деген эмне? Чындыгында, ардактуу Алланын алдындагы дуба болуп, ансыз адам жашай албайт жана аманчылык менен ырахатка да ээ боло албайт. Алла таала Өз берешендигин ага тартуулаганда, ал чын кубаныч жана ырахатка бөлөнөт. Ошол убакыттан тартып, ал намазынан ырахат жана кубаныч ала баштайт. Жагымдуу тамактардан даам таткандай, ыйлоо жана жалбаруудан дагы ырахат келе баштайт. Натыйжада анын намазы ушундай ахвалга өтөт. Ден соолук үчүн куду ачуу даары ичкен сыяктуу мына ушул «даамы жок» намазды окуу жана дубаларды суроону улантуу лаазым. Бул «даамы жок» жагдайда: «Мага ырахат жана кубаныч насип болсун», – деп төмөнкү дубаны тилөөсү керек: «Эй, Алла! Сен менин канчалык көр жана сокур экенимди билесиң. Ушул маалда мен куду өлүктөймүн. Бир аздан кийин: «Мага кайтып кел», – деген үн мага угууларын билемин. Ошондо эч ким мени токтото албайт. Ал эми, менин жүрөгүм көр жана кабарсыз. Сен мындай нурду түшүргүн: Сенин сүйүүң жана кубанычың анда пайда болсун. Ушундай берешендик кылгын: мен көр болуп турбайын жана сокурларга кошулбайын».

Ушундай дубаны сураганда жана аны улантканда, ал «даамы жок» намаз маалында асмандан ага бир нерсе түшүп, анын намазында ырахат пайда кылуучу кез келгенине күбө болот. («Малфузаат», 4-том, 321-322-бет)

Беш маал намаздын философиясы

Беш маал намаз эмне өзү? Ал – силердин бир күндөгү ар түрдүү ахвалдарыңардын сүрөтү. Силерге кырсык келгенде, силер дуушар болгон жашооңордун беш ахвалы. Силердин табиятыңар үчүн алардын келүүсү өтө зарыл.

Биринчиси – «Силерге балээ-кырсык келүүдө», – деп силерге кабар берилүүсү. Мисалга, сот тарабынан силерге каршы өкүм чыгарылат. Бул эң алгачкы ахвал болуп, силердин тынчыңарды жана маанайыңарды бузат. Демек, бул абал күндүн ооп кетүү маалына окшош. Анткени бул аркылуу силердин маанайыңар түшө баштайт. Ушуга каршы Пешин намазы белгиленген. Анын убакыты күндүн ооп кетүүсү менен башталат.

Экинчи өзгөрүү силерге балээ-кырсык маалы абдан жакындап калганда, туш келет. Мисалы, качан силер буйрук боюнча кармалып акимдин алдына алып келинесиңер. Ошол маалда коркуудан үрөйүңөр учуп, бейпилдик нуру силерден кача баштайт. Демек, бул кез күндүн нуру азайып, аны көз менен көрүү мүмкүн болгон маалга окшойт. Анын батып кетүү убактысы жакындап калгандыгы айкын көрүнөт. Мына ушул руханий абалдын каршысында Дигер намазы белгиленген.

Ушул балээ-кырсыктан кутулуу үмүтү бүтүндөй жок болгондо, силер үчүнчү өзгөрүүгө кабыласыңар. Мисалы, күбөлөр силерге каршы күбөлүк берип, кылмышыңар аныкталып, силерге каршы айып коюлат. Ошол маалда силер катуу чоочуп, өзүңөрдү туткун деп эсептей баштайсыңар. Демек, бул абалыңар күндүн батып кетүүсүнө окшойт. Ошондо күндүн нурунан баардык үмүттөр жокко чыгат. Ушул руханий абалдын каршысында Шам намазы белгиленген.

Төртүнчү өзгөрүү – силерге балээ-кырсык түшө баштаганда туш келет. Анын капкара караңгылыгы силерди курчап алат. Мисалы, күбөлүктөрдөн кийин сот силерге айып коюп, жаза өкүмүн чыгарат жана абакка салуу үчүн силерди камакчыга тапшырат. Демек, бул ахвал шам кирип, толук караңгы маалга окшойт. Ушул руханий ахвалдын каршысында Куптан намазы белгиленген.

Анан силер узак мөөнөткө чейин ушул кырсыктуу караңгылыкта жашайсыңар. Акыры, силерге Алла тааланын өзгөчө ырайымы түшүп, ошол караңгылыктан кийин кайрадан таң атат. Күн нуру кайрадан өз жарыгын көрсөткөндөй болот. Демек, ушул руханий абалдын каршысында Багымдат намазы белгиленген. Кудай Таала табигый өзгөрүүлөрүңөргө жараша силерге беш намазды белгилеген. Мындан: «Ушул намаздар болгону биз үчүн гана пайдалуу», – деп билесиңер. Демек, эгер ушул балээ-кырсыктардан сактанууну кааласаңар, анда беш маал намазды таштабагыла. Анткени, алар силердин ички жана руханий өзгөрүүлөрүңөрдүн көлөкөсү. Намаз – келе турган балээ-кырсыктардын даарысы. Силер эртеңки күн эмне балээ-кырсыктарды алып келээрин билбейсиңер. Ошондуктан, ошондой күн келүүсүнөн мурун: «Бизге берекелүү күн чыксын», – деп өз Парбардигериңерге жалбарып, жардам сурагыла. («Кашти-э-Нух» (Нух кемеси), 88-89-бет)

Намаз адамды Алла Таалага жакындатуучу ишеничтүү жол

Намаз – эң жогорку даражалуу дуба, бирок адамдар анын толук кадыр-баркына жетишпейт. Бүгүнкү доордо көптөгөн мусулмандар көбүнчө Наашахий жана Накшбандий сыяктуу диний агымдарга ээрчип кетишкен. Тилекке каршы, булардын баары Бидъат (динге жаңы нерсе кийирүү). Бул адамдар намаздын акыйкатынан кабарсыз болуп, Алланын буйруктарын маскара кылышат. Дуба сурай турган кишиге ушул Бидъаттар намазга салыштырмалуу эч кандай пайда бербейт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын сүннөтү мындай: ал кыйынчылык учурунда даарат алып, намазга туруп, намазда жалбарган. Менин тажрыйбам боюнча дагы бирөөнү намаздан артык эч бир нерсе Аллага жакындатпайт. Намаздагы кыймыл-аракеттер – урмат, ийкемдүүлүк жана жөнөкөйлүктүн көрүнүшү. Кыям маалында ибадат кыла турган киши өз колдорун байлап, урмат менен бир кул сыяктуу өзүнүн Кожоюну жана Падышасынын алдында турат. Руку маалында ал алсыздыгын (ийкемдүүлүгүн) көрсөтөт. Саждада анын ийкемдүүлүгү өзүнүн туу чокусуна чыгат. Бул анын Аллага абдан муктаж экенине ишаарат болот. (Жылдык Чогулушта сүйлөнгөн сөз, 6-8-бет)

Намазды калтырбай окуу керек. Айрым адамдар бир маал гана намаз окушат. Алар намаздан уруксат жоктугун билиши зарыл. А түгүл пайгамбарларга да уруксат болгон эмес. Бир хадисте мындай айтылат: «Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын алдына бир жаңы жамаат келип: «Бизге намаздан уруксат бериңиз», – деп суранышкан. Ал зат саллаллааху алайхи ва саллам: «Кайсы динде амал жок болсо, ал дин болуп эсептелбейт», – деп айткан. («Малфузаат», 1-том, 254-бет)

Дубаны намаз ичинде суроо керек

Адамдын такыбалуу жашоосунун бирден-бир өлчөмү – намаз. Намазда Алла Тааланын алдында ыйлап турган киши тынчтык-аманчылыкта болот. Жаш бала өз энесинин кучагында бакыра ыйлап, өз энесинин сүйүүсүн жана мээримдүүлүгүн сезген сыяктуу, намазда да жалбаруу жана жалынуу менен Алла тааланын алдында ыйлаган киши Парбардигеринин мээримдүү кучагына бөлөнөт. Билип койгула, намазда ыракат албаган киши ыйман ырахатын да алган эмес. Маңдайды жерге тийгизүү гана намаз эмес. Айрым адамдар куду тооктун чокуганы сыяктуу эки үч жолу «чокуп» намазды бүтүрүп салышат. Анан узак дуба сурай башташат. Чындыгында, Алла тааланын алдында Ага кайрылуу үчүн берилген убакытты кандайдыр бир үрп-адат жана каада-салт катары тез-тез өткөрүп коюшат. Анан Алла таала алдынан чыгып кеткенден кийин дуба сурашат. Намаздын ичинде дуба сурагыла. Намазды дубанын бир «унаасы», куралы деп билгиле. («Малфузаат», 2-том, 145-бет)

Намазда дубаларды өз тилинде сураса болот

Намазды өз тилинде окууга болбойт. Кудай Таала кайсы тилде Куранды түшүргөн болсо, аны таштабаш керек. Туура, Алла Таалага өз муктаждыктарын сүннөт боюнча өз тилинде жеткирсе болот. Бирок, нукура тилди эч таштабаш керек. Христиандар нукура тилди таштап эмнеге ээ болушту? Баары жок болду. («Малфузаат», 3-том, 288-бет)

Намаз деген эмне? Ал – Алланын мактоосу, улуктугу, кечирүүсү жана Дурууд менен жалынып сурала турган дуба. Демек, силер намаз окуп жатканыңарда кайдыгер адамдар сыяктуу дубаларыңарда бир гана арапча сөздөр менен чектелбегиле. Анткени, алардын намазы жана кечирим суроолорунун баары үрп-адат сыяктуу болот. Аларда эч кандай акыйкат жок. Бирок силер намаз окуп жатканыңарда Кудай тааланын Калаамы болгон Куран жана Пайгамбар сөздөрү болгон айрым хадистерде баяндалган дубалардан башка бардык дубаларыңарды өз тилиңерде жалынып сурагыла. Натыйжада, ал жалынып-жалбаруунун таасири жүрөгүңөргө орнойт. («Кашти-э-Нух», 87-бет)

Намазды тоок дан чокуп жеген сыяктуу окубагыла. Тескерисинче берилүү менен орундатып, көп-көп дуба сурагыла. Намаз кыйынчылыктардын ачкычы. Силердин ичиңерде жалынуу-жалбаруу маанайы пайда болушу үчүн хадистерде баяндалган дуба сөздөрүнөн тышкары өз эне тилиңерде да көп-көп дуба сурагыла. Жалынуу-жалбаруу маанайы пайда болмоюнча аны таштабагыла, анткени бул аркылуу адамдын жан-дүйнөсү тазаланат жана ал баарына ээ болот. Бардык денелик кыймыл-аракеттер менен чогуу жүрөк дагы ошондой баш ийүүсү керек. Денелик жагынан кандай кыймыл-аракетте болсоңор, жүрөк дагы дал ошондой Кудай таалага баш ийип туруусу керек. Силер кандай ийилсеңер, жүрөк дагы дал ошондой ийилүүсү лаазым. Силер кандай Сажда кылсаңар, жүрөк дагы так ошондой саждага баруусу керек. Жүрөктүн Саждасы – кандай абал болбосун, Кудай тааладан жүзүн бурбоо. Ушундай даражага жеткениңерде күнөөлөр жуула баштайт. («Малфузаат», 6-том, 367-368-бет)

Намаз – күнөөлөрдөн сактануунун бир куралы. Намаздын сыпат өзгөчөлүгү мындай: ал адамды күнөө жана бузукулуктан сактайт. Ошондуктан, силер ошондой намазды издегиле жана намазды ушундайча аткарууга аракет кылгыла. Демек, Алла тааланын нээмат-берекесине мураскер болууңар үчүн аны жакшылап орундаткыла. («Малфузаат», 5-том, 126-бет)

Share via