Намаздын маанилүүлүгү
Курани Каримде жазылгандай, Салаат же намаз момундун негизги жана өзгөчө мүнөздөмөсү деп сүрөттөлгөн. Ыйык Куранда мындай айтылат:
Бул толук Китеп: мында эч шек-күмөн жок, кайыпка ыйман келтире турган, намазды толук аткара турган жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден сарптай турган такыба кишилерге туура жол көрсөтүүчү. («Ал-Бакара» сүрөөсү: 3-4)
Намаз күнөөлөрдөн тазаланууга бизге жардам берет; бизди Алла Таалага жакындатып, жакшы иштерге чакырып, жүрөгүбүздү ыпластыктан тазалайт. Бирок, намаздын артыкчылыгы муну менен гана чектелбейт. Ал мындан да көбүрөөк иштерди аткарат. Ал адам баласын өзүнүн Жаратканына жакындатат. Намаз окуган адам Алла Тааланын эң жакшы сыпаттарын өзүнө алууга тырышат. Ал барган сайын төмөн-пас жана дүйнөлүк кишиден Алланын эң урматтуу жана жогорку даражалуу пендесине айланып барат. Курани Карим намаздын бул өзгөчөлүгүн мындай деп баяндайт:
Сен Китептен өзүңө вахий-аян кылынгандан оку жана намазды толук орундат! Албетте, намаз бузукулук жана ар кандай жаманчылыктан тосот. Алланы эске алуу, албетте, баардык (зикрлер)ден улук. Алла кылып жаткан иштериңерди билет. («Ал-Анкабуут» сүрөөсү: 46)
Чындыгында, намаз жүрөк жана көңүл тазалыгынын бекем жана такшалган бир эреже-планы. Намаз аркылуу гана биз Алла Таала менен жандуу алака-байланышыбызды түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Куранда төмөндөгүдөй жазылат:
Албетте, Алланын Китебин окуп, намазды толук орундата тургандар жана Биз өздөрүнө ырыскы кылып берген нерселерден көрүнөө түрдө да, көмүскө түрдө да сарптай тургандар – алар эч коромжусуз соодадан үмүттөнүшүүдө. Анткени, Алла алардын сыйлыктарын (өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша) берекелүү кылып берсин жана Өз берешендиги менен андан да көбүрөөк кылсын. Албетте, Ал абдан кечиримдүү (жана) шүкүр кылуучу. («Фаатир» сүрөөсү: 30-31)
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деген:
«Намаз – момундун (руханий жашоосунун) туу чокусу. Бул – ибадаттын эң бийик көрүнүшү».
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай кошумчалайт:
«Намаз адамга өз Жаратканы менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет».
Чын жүрөктөн окулган намаз эч качан текке кетпестигин билишибиз керек. Кээде адамдын Алла Таалага болгон терең сүйүүсүнөн улам көзүнө жаш келет. Кээде азганактай сүйүүсү жүрөгүн чексиз кубанычка толтурат. Бул сезим-туйгу намаздын жандуу, пайдалуу жана натыйжалуу экендигинин белгилери. Болбосо, адат катары орундалган намаз адам үчүн жетишерлик эмес. Тагыраак айтканда, ал көңүлсүз аткарылган буйрук менен барабар болот. Ошондуктан, намаз маңыздуу болуусу үчүн намазды жаңыдан баштаган ар бир киши өз алдына жогорудагы эң туура, асыл максатты коюшу керек.
Намаз – бул адептүүлүктүн жана баш ийүүнүн түрдүү көрүнүштөрүн өзүнө сиңирген ибадат. Ибадат кылуучулар намаз маалында имамдын аркасында сап тартып турушат.
Имамдын аркасында сапка турган кишилер имамдын чакыруусу менен анын кыймыл-аракеттерин туурап, аны ээрчүүлөрү шарт. Имам ар бир кыймылды баштаарда Аллааху Акбар, – дейт. Бирок Рукудан Кыямга барганда, Аллааху Акбардын ордуна Самиъаллааху Лиман Хамидах (Алла Өзүнө мактоо айтканды угат) дейт. Ошол чакыруу менен аны ээрчигендердин баардыгы колдорун капталына түшүрүп, Раббанаа Валакал-Хамд, Хамдан Касийран Таййибан Мубааракан Фийх, – деп Кыямга турат.
Чын ыкылас, жөнөкөйлүк жана баш ийүү – намаздын руху. Алла Таала момундарга мындай буюрат:
Албетте, өз намаздарында корккон момундар ийгиликке жетишти. («Ал-Му’минуун» сүрөөсү: 2-3)
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай айткан:
«Аллага баш ийген, Андан корккон жана Ага таазим кылган ар бир пендени Алла Таала «рафъа» кылат». «Рафъа» – арабча сөз, анын мааниси – көтөрүү, жогорулатуу. Бул аны денеси менен Алла Таала асманга көтөрөт, деген түшүнүктү билдирбейт. Алла Таала анын даражасын гана Өзүнө карата жогорулатат.
Чыныгы баш ийүүгө бүтүндөй дитибизди Алла Тааланын сыпаттарына багыттоо аркылуу гана жетишебиз. Алла Тааланын эбегейсиз улуктугу кимдир бирөөгө насип эткенде, ал пендеде Алла Таалага кулдук кылуудан башка аргасы калбайт.