Даараттын бузулушунун факторлору
а) авраттан жел чыкканда;
б) авраттан бир тамчы болсо да, заара чыкканда;
в) авраттан аз гана болсо да, Нажас (булганыч) чыкканда;
г) уктаганда же бир нерсеге сүйөнүп үрг үлөп кеткенде;
д) жогоруда айтылгандай, айыз келгенде же бел суусу чыкканда;
е) кан же кусунду чыкканда. Бул туурасында түрдүү пикирлер бар. Бирок кокустан кишинин бир жери кесилип, арзыбаган кан чыкса же кекиргенде аз гана кусунду чыкса, муну кан жана кусунду эсептебеш керек. Бирок, эгерде кан же кусунду чыкса, анда даарат жаңыланышы зарыл.
Эгер бир киши даарат алгандан кийин байпак кийсе, анда ал 24 саатка чейин ар бир жолу даарат алганда, бутун жуушу шарт эмес. Мунун ордуна ал колдорун суулап байпагына Масх тартса, ошонун өзү жетиштүү. Сапардагы киши үч күнгө чейин ушундай кылса болот.
Бул маселеде ар кайсы мазхабдагы «фикх» аалымдарынын пикирлери
Шийъа мазхабынын «фикх» аалымдарынын пикиринче, байпак кийилгенби же жокпу буттарды жууш шарт эмес, Масх кылса эле жетиштүү болот.
Ал эми Ваххабий сыяктуу өтө катуу мазхабдагылардын пикиринче, күндөлүк жашоодо колдонуучу байпак, мейли ал жүн байпак болсун, мейли ал жөнөкөй байпак болсун, жетиштүү эмес. Киши бутуна маасы же чаң-тозоңдон сактай турган териден же калың материалдан токулган байпак кийсе, ошондо гана ага Масх тартса болот.
Дагы башка мазхабдагылар болсо, бул пункт адамга кыйыныраак болуп калат, адамды ошондой арзыбас нерсе алдында кул кылып коёт. Ошондуктан, бул Исламдын чыныгы рухуна туура келбейт деген пикирди билдиришет.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва саллам Ислам дининин маңызын мындайча чечмелейт:
Окулушу:
Иннаддиина юсрун.
Котормосу:
Албетте, бул жеңил дин. («Бухарий», Китаабуль-Ыйман).
Ахмадия Мусулман Жамааты ушул пикирге кошулуп, бул маселеде акыл-парасат менен жол тутуу керек, деп эсептейт. Жамааттын пикиринче, байпак калың болуп, терини чаң-тозоңдон сактаса жетет. Анын эмнеден токулганы мааниге ээ эмес.