Намаздын убакыттары
Беш маал Парыз намаздарын аткаруу үчүн Күнгө карап атайын убакыттар белгиленип коюлган.
Фажр – (Багымдат) намазы таң аткандан күн чыкканга чейин окулат.
Зухр – (Пешин) намазы күн так төбөдөн батыш тарапка оогондо башталып, тик турган нерселердин көлөкөсү бир же эки эсе чоңойгонго чейин окулат.
Аср – (Дигер) намазы күн батууга жакындап, же чак түш жана батыш убактысынын тең ортосунан башталып, күн батаардан мурда шапак көрүнгөндө бүтөт. Аср намазын үзүл-кесил күн батканда же күндүн эң акырында окууга тыюу салынбаган болсо да, шапак көрүнөөрдөн мурун жана күн уясына отураардан мурун окуган дурус.
Күн чыгып баратканда, күн батып баратканда жана күн так төбөдө турганда намаз окуу мүмкүн эместигин билүү керек. Ошондой эле Багымдат намазынан кийин күн чыкканга чейин жана Аср намазынан кийин күн батканга чейин Нафл намаздарын окуганга болбойт.
Магриб – (Шам) намазы күн батаары менен башталып, күүгүмгө чейин улантылат. Шам намазынын убактысын «фикх» мектептери ар түрдүү талкуулайт. Ваххабий жана ага окшош башкалар Шам намазын күн батаары менен окуш керек, Шам убактысы шапак тарай электе бүтөт деген пикирди айтат. Башка көптөгөн мазхабдагылар күн батып, асмандан жарык толук тараганга чейин улантылат, деп билдиришет. Алар Багымдат намазына канча убакыт белгиленген болсо, (таң жарыгы аткандан баштап күн чыкканга чейин) Шам намазына да ошончо убакыт белгиленген, деген пикирде.
Ъиша – (Куптан) намазынын убакыты шам маалы бүткөндөн кийин, толук караңгы түшкөндө башталат. Бул маселеде баардык «фикх» мектептери бир пикирде. Көпчүлүгү Куптан намазынын убактысы жарым түндө аяктайт десе, айрымдары бул намаздын маалын жарым түндү өткөрүп, жатаар алдына чейин созушат. Бирок, бекем тутуна турган эреже: намазды убактысы киргенде окуп, маалы аяктаганга чейин кечиктербеш керек.