Тахажжуд намазы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Тахажжуд намазы

Куптан намазынан кийин тез жатып, түндүн кийинки маалдарында Тахажжуд деген Нафл намазын окуу максатында уйкудан туруу чоң берекелүү иш. Ушул намазды аткаруу Парыз болбосо да, Курани Каримде ага өтө чоң маани берилген. Алла Тааланын өзгөчө мээримдүүлүгүнө жетишүү үчүн такыба адамдар эзелтеден ушул намазды дайыма окуп келишет. Тахажжуд намазынын убактысы Багымдат намазы башталаарда бүтөт. Тахажжуд намазында кылынган дубалар Алла Таала тарабынан дароо жана мээримдүүлүк менен кабыл алынат. Бул Алла Таалага жакындоо үчүн бир «унаа» болуп эсептелинет, себеби адам таттуу уйкудан туруп, жумшак төшөгүн таштап, өзүнүн Кожоюнунун алдында Саждага барат.

Тахажжуд намазы сегиз рекеттен турат. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Тахажжуд намазын дайыма аткарган. Ал аны эки-эки рекет кылып аткарган. Ал Кыямда Курандан узун сүрөөлөрдү окуган, ошондой эле Руку жана Саждада узак убакыт дуба сураган. Саждага барганда, Алла Тааланын мээримдүүлүгүн тилеп, бир топко чейин турган. Тахажжуд намазынан кийин дагы үч рекет Витр намазын окуган. Ошентип, ал ар түнү Багымдаттан мурун он бир рекетти аткарган.

Share via