Таравийх намазы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Таравийх намазы

Таравийх намазы атайын намаз болуп Рамазан айы үчүн гана белгиленген. Ал Рамазан айынын ар бир кечесинде аткарылышы керек. Таравийх негизи Тахажжуд намазынын маалында орундалат. Айрым бир аргасыз абалга байланыштуу Таравийх намазы Тахажжуд маалында аткара албаган кишилерге жеңилдик иретинде Азирети Умар (разияллааху анху) өзүнүн халифалык доорунда Таравийх намазын Куптандан кийин өтөөгө уруксат берген. Бирок, бул намазды таң атаардан мурун окуган абзелирээк. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын амалдарына этият кылып мусулмандар Таравийх намазын окуп жатканда, Курани Каримден узун сүрөөлөрдү окууну адатына айлантышкан.

Таравийх намазы сегиз рекеттен турат, бирок ким кааласа жыйырма же андан артык рекетти окуса болот. Ар бир төрт рекеттен кийин тыныгып, дем алып окуган дурус.

Share via