Эй, туугандар! Көз жашыңар менен аны даарылагылачы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Эй, туугандар! Көз жашыңар менен аны даарылагылачы

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзүнүн «Хакийкатул-Вахий» аттуу китебинде мындай деп айткан:

«Эй, Европа! Сен дагы коопсуздукта эмессиң жана эй, Азия! Сен дагы коопсуздукта эмессиң. Эй, аралдарда жашагандар! Эч бир жасалма кудай силерге жардам бербейт». («Хакийкатул-Вахий», Руханий Хазайын, 22-том, 269-бет)

Ушул күчтүү салтанаттуу сөздөрдүн чынчылдыгынын бир көрүнүшү учурда өкүм сүрүп келе жаткан эл аралык жугуштуу оору «коронавирус» түрүндө көрүндү.

Дүйнөнүн бардык континенттери, дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттер, дүйнөдө жашаган көптөгөн коомдор азыр тынчсызданып жатат. Ушул бүткүл дүйнөлүк жугуштуу оорунун айынан биздин Сүйүктүү Имамыбыз Азирети Амирул-Муминийн Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) өзүнүн жума кутбаларында Жамаат мүчөлөрүнө төмөндөгүдөй көрсөтмөлөрдү берген:

  1. Бардык алдын алуу чараларын көргүлө;
  2. Мечитке келгениңерде дагы сак болууңар керек;
  3. Эгер бир аз темпратурасы болуп, денеси ооруп жаткан болсо же чүчкүрүп, грипп болуп жаткан болсо, анда ошондой адамдар коомдук мекемелерге да, мечиттерге да барышпасын;
  4. Аялдар жана жаш кыздар айрыкча мечитке келбесин;
  5. Тазалыкка өзгөчө көңүл бургула. Даарат алгыла. Колдорду улам-улам жуугула;
  6. Бийликтердин көрсөтмөлөрүнө кулак салгыла;
  7. Оорууну алдын алуу жана дарылоо үчүн гомеопатия дарыларын ичкиле.

Жогоруда сөз кылынган көрсөтмөлөр менен бирге Хузур-э-Анвар үзгүлтүксүз бизге насаат кылып келе жаткан нерсе:

«дуба кылууга өзгөчө көңүл бургула». Алла Таала бүткүл дүйнөнү апааттардан сактасын.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га 1906-жылы төмөнкү вахий-аян берилген эле:

«Туруп намаздарды аткаргыла жана кыямат үлгүсүн көргүлө»[1]. («Тазкира», 507-бет)

Ал (алайхиссалаам) өзүнүн «Кашти-э-Нух» аттуу китебинин «Биздин Таалим» деген бөлүгүндө бизди көптөгөн жакшы иштер жана такыба амалдарды кылууга чакырган. Ал (алайхиссалаам) бир жерде мындай деп айтат:

«Асмандан буйрук келмейинче бир дагы апаат жерде пайда болбойт жана асмандан ырайым түшмөйүнчө бир дагы апаат кетпейт». (Кашти-э-Нух, Руханий Хазайин, 19-том, 13-бет)

Бул кандайдыр бир убактылуу таалим болгон эмес жана тек Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий Ал (алайхиссалаам)дын дооруна да чектелген эмес болчу. Бүгүнкү күндө дагы кудум ал (алайхиссалаам)дын доорунда күчүнө киргендей күчүнө кирет жана ошол эле шарттар менен. Мисалы, ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Алар өздөрүнүн бир Кудуреттүү, Туруктуу жана бардыгынын Жаратуучусу, Өзүнүн сыпаттары боюнча Түбөлүктүү жана Өзгөргүс болгон Кудайы бар экенине ишенишсин…». Жана мындай деп айтат:

«Дүйнө өзүнүн каражаттары жана сүйүктүүлөрүнөн Аны жогору койбойт, бирок силер асманда Анын Жамааты болуп жазылууңар үчүн Аны жогору койгула… Демек, балээ-кырсыкты карап, дагы алга кадам таштагыла, ал силердин өсүп-өнүгүүңөрдүн куралы».

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) Жамаат мүчөлөрүнө насаат кылып, мындай деп айтат:

«Ар бир таң силердин такыбалуулук менен түн өткөргөнүңөргө күбөлүк берсин жана ар бир акшам силердин Алла Тааладан корккон бойдон күн түн өткөргөнүңөргө күбөлүк берсин…».

Ал (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат: «Ошондуктан, оңолгула, таза болгула, аару болгула жана чынчыл болгула». (Кашти-э-Нух, Руханий Хазайин, 19-том, 12-бет)

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп да айтат:

(Бул) күндөр өтө оор жана коркунучтар курчап алган экен

Бирок эй, туугандар! Ал Сүйүктүүгө жетүү күндөрү да ушул. (Дуррисамийн)

Ушул коронавирус ар бир жерге таркалып кеткен күндө күнү-түнү Алла Тааланын алдына жыгылып, ыйлап жана жалынып-жалбарып, дуба кылуу жана «Туруп намаздарды аткаргыла жана кыямат үлгүсүн көргүлө» деген буйрукка бир тирүү жана иш жүзүндөгү мисал болуу биз, Ахмадий мусулмандардын милдетибиз болуп саналат. Дүйнө Алла Тааланы унутуп жиберген, ал эмес, Аны болгону бир миф деп ойлоп алган экен. Ал өзүнүн каражаттары жана иш-чаралары менен мактанып-көйрөңдөнүп калгандыктан Алла Таала жакка келүүнү каалабайт.

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) Жамаат мүчөлөрүнө насаат кылып, мындай деп айтат:

«Алла Таала дубанын ичинде аябай күчтүү таасирлерди жараткан. Алла Таала мага кайра-кайра вахий аян аркылуу боло тургандын баары дуба аркылуу гана болот деп айткан». (Яъкуб Али Ирфаний Сахиб (разияллааху анху): «Азирети Убада кылынган Масийх (алайхиссалаам)дын өмүр баяны», 518-бет)

Анан ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Сыноолордо гана дубалардын ажайып жана таң калаарлык касиеттери жана таасирлери ачыкка чыгат жана чындыгында биздин Кудайыбыз дубалар аркылуу гана таанылат». (Малфузаат, 2-том, 147-бет)

Анан ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Эгерде силер аманчылыкта жашооңорду жана үйлөрүңөрдө тынчтык болушун кааласаңар, анда аябай көп дубаларды сурагыла жана үйлөрүңөрдү дубалар менен толтуруп жибергиле. Кайсы үйдө ар дайым дуба кылынса, аны Алла Таала талкалабайт». («Ал-Бадр» газетасы, 24-апрель, 1903-жыл; Малфузаат, 3-том, 232-бет)

Алла Тааланын Масийхи бизге берген дуба деген куралда аябай күч-кубат бар. Ушул дубанын күч-кубаты менен башка эч бир нерсе жарыша албайт. Биз өздөрүбүздүн түнкү жана күндүзгү дубаларыбыз аркылуу дүйнөнүн камкордугу жана ушул коркунучтуу нерселерден Алла Тааладан паанасын тилөөбүз керек.

Тахажжуд намазын калтырбай окууга аракет кылуубуз керек. Беш маал намазды толук бойдон берилип жана жалынып-жалбаруу менен жамаат болуп, аткарууга аракет кылуубуз зарыл. Курани Каримди окууга көбүрөөк убакытты ажыратуубуз шарт. Курани Каримди котормосу жана тафсири менен окуп-түшүнүүгө аракет кылуубуз керек. Колдон келишинче көбүрөөк убакытты зикир чалуу, Истигфаар[2] кылуу жана Салаваат[3] окуу менен өткөрүүгө аракет жасашыбыз керек.

Дубаларды сураганыңарда, айрыкча улуу урматтуу Халифаларыбыз бизге кайра-кайра үйрөткөн жана окууга баса белгилеп насаат кылган дубаларды күндө өзүңөр да окугула жана балдарыңарга да аларды кайра-кайра окууга насаат кылып тургула. Мисалы,

  1. «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн көп-көп окугула;
  2. «Раббанаа аатинаа фиддуня хасанатан ва фил-аахирати хасанат вакинаа азаабан-наар» деген дубаны окугула;
  3. «Рабби куллу шай-ин хаадимука Рабби фах-фазнаа ван-сурнаа вар-хамнаа» деген дубаны окугула;
  4. «Йаа хафийзу йаа азийзу йаа рафийк» деген дубаны окугула;
  5. Салаваат: Аллаахумма салли алаа Мухаммадин ва аали Мухаммадин ва баарик ва саллим иннака хамийдум-мажийд;
  6. Субхааналлаахи ваби-хамдихий субхааналлаахил-аъзийм. Аллаахумма салли алаа Мухаммадин ва аали Мухаммад;
  7. Астагфируллааха Раббий мин кулли замбин ва атуубу илайх;
  8. Лаа хаула валаа куввата иллаа биллаахил-алиййул-аъзийм.

Бир канча Европа өлкөлөрүндө мечиттер, ибадатканалар жана башка чогула турган жерлерде чогулууга тыюу салынган. Ушул коркунучтуу жугуштуу оорунун айынан мечиттерде чогулууга тыюу салынгандыгы себебинен бир Ахмадий мусулмандын ичи албетте ооруйт. Бирок биздин Сүйүктүү Жетекчибиз (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) жамаат болуп, намаз аткаруу жаатта бир канча ирет Жамаат мүчөлөрү мүмкүн болушунча намаздарды мечиттерде аткарышсын, эгер мечиттер алыс болсо, жакын жерде жайгашкан намазканаларда аткарышсын жана ошол жерге да бара албай калгандар өз үйлөрүндө жамаат болуп, намаз аткарышсын деп баса белгилеп насаат кылган.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) момун-мусулман киши тууралуу мындай деп айткан:

رَجُلٌ قَلْبُہٗ مُعَلَّقٌ بِالْمَسَاجِدِ

Кыямат күнү жүрөгү мечитте эле калып кеткен адамды Алла Тааланын мээримдүүлүгү өз көлөкөсүнө алат. Ошондуктан, жүрөктөрүбүздү эч бир күч мечиттерден оолактата албайт. Жүрөктөрүбүз мечитте эле калып кетсин деген ниетибиз үчүн албетте сооп берилет. Андан тышкары, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) башка пайгамбарлардын үстүнөн мага берилген артыкчылыктардын дагы бири төмөнкүдөй деп айткан:

جُعِلَتْ لِیَ الْاَرْضُ مَسْجِدًا 

Жер жүзүнүн баары мен үчүн мечит кылынып коюлган. Ошондуктан, үйлөрүңөрдө жамаат болуп, намаз окугула. Жамаат намазынан эч ким токтото албайт. Үйлөрүңөрдө окугула жана балдарыңар менен чогуу окугула, натыйжада аларда дагы жамаат намазынын маанилүүлүгү пайда болуп калсын. Ал аркылуу таалим-тарбия жолдорун издегиле жана жүрөктөрүңөр болсо, мечит жакка ыктай берсин. Мечитке болгон сүйүүңөр жүрөктөрүңөрдөн өчпөсүн жана кем да болбосун.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Эй, кайдыгерлер! Бул оюн-күлкү убактысы эмес. Бул – асмандан гана келе турган жана тек асмандын Раббисинин буйругу менен гана кете турган балээ-кырсык. … Ошондуктан, өз жаныңарга, балдарыңарга жана жубайларыңарга ырайым кылгыла. Силердин үйлөрүңөр Алланы эскерүү, тобо келтирүү жана Истигфаарга толуп, жүрөктөрүңөр жумшарып калуусу керек». (Мажмуъа Иштихаараат, 3-том, 182-бет)

Демек, ар түрдүү оорулардан кутулуунун дарысын Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бизге алдын ала берип койгон экен. Биз ошол асмандык дарыны пайдалануу камын көрүүбүз керек.

Анткени Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп да айткан экен:

«Жер силерге кенедей дагы зыян келтире албайт, эгер асман менен алака-байланышыңар бекем болсо». (Кашти-э-Нух)

Анан ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Силер Алла Тааланын эң акыркы Жамаатысыңар, ошон үчүн жетилүүсү жагынан туу чокусуна чыккан такыба амалдарды аткаргыла». (Кашти-э-Нух)

Анан ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Мен бардык Жамаат мүчөлөрүмдүн Алла Тааладан корко турган, намаз аткара турган, түнкүсүндө ойгонуп, жерге жыгылып, жалынып-жалбара турган, Алла Таала парыз кылган амалдарды текке кетирбей турган, ошондой эле сараң, зыкым, кайдигер жана дүйнө курттары болбогон адамдардан болушу үчүн аябай көп дуба кылам. Алла Таала ушул дубаларымды кабыл кылат жана артымда ошондой адамдарды калтыргандыгымды мага көрсөтөт деген үмүттөмүн». (Мажмуъа Иштихаараат, 503-504-бет)

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзүнүн кулактандырууларынын биринде «Кыяматтын жакындап калуусунун белгиси» деген теманын астында мындай деп жазат:

«Ал доордогу фатва чыгаруучулар, тагыраак айтканда молдолор, Мухаддистер жана фикх илиминин адистери жер жүзүндө жашап жаткан адамдардын баарынан да жаманыраак болушат. Дагы бир хадисте алар Куранды окушат жана Куран алардын кекиртектеринен (алкымдарынан) ылдый түшпөйт, тактап айтканда ага амал кылышпайт деп кезигет». (Мажмуъа Иштихаараат, 553-бет)

Ал (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат:

«Бүгүнкү күндөгү молдолордун бар болгондугунан бир гана пайда бар: алардын ушул кылыктарын карап, Кыяматты эстейсиң жана Кыяматтын жакындап калгандыгы маалым болот, ошондой эле Азирети Хаатмул-Анбия (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кабарлаган бир алдын ала кабарынын толук бойдон орундалгандыгын өз көзүбүз менен көрүп алабыз». (Мажмуъа Иштихаараат, 353-бет)

Ишенимдүүлүк, аманат жана чынчылдык боюнча бир окуя

Бүгүнкү күндө маалымат социалдык тармактар аркылуу саналуу мүнөттөрдө алыска чейин таралып кетет. Бир нече күн мурун бир досум мага бир видео тасмасын жөнөттү. Ал тасмада бир молдоке жасаган кайрылуусунун кыскача мазмунун окурмандар менен бөлүштүрмөкчүмүн. Андан бүгүнкү мусулмандардын абалын байкаса болот. Ал молдоке төмөнкү окуяны айтып берген:

«Мен сахаабаларды айтпай жатам, мен пайгамбарларды айтпай жатам, мен силер тозоку деп билгендерди кеп кылып жатам. Анан биз дүйнөдө алардын өсүп-өнүгүүсүнүн сыры эмне экенин да түшүнбөйбүз. Алла Таала ал тозоку, эгер ал дүйнөкор адам болсо жана ишенимдүү адам болсо, ошондо дагы Мен ага дүйнөдө жашоого жол койбойм деп айтпайт. Жок, Алла Тааланын мыйзамы андай эмес.

Бир пакистандык адам Жапандын Токио шаарында таксиге отурду. Ал таксичиге мен бир аябай чоң оорукана жана институт жайгашкан баланча жерге барышым керек деп айтты. Ал айдоочу жапандык болчу, чала-була сөздөр менен ага түшүндүрүүгө аракет кылган, себеби ал Жапан тилин билбейт эле. Кыскасы, ал айдоочу түшүндү. Айдоочу урматтоо менен аны таксиге салып алды. Ал жерде таксичилердин кандайдыр бир маданиятуулугу бар, алар такси токтотушканда, таксичи силердин маңдайыңарда таазим кылып, өз моюнун эңкейтет, анан сый-урмат менен таксиге отургузат. Ал пакистандык мусулман киши таксиге отурду. Бир аздан кийин ал байкаса, таксичи такси эсептегичин өчүрүп салды. Муну көрүп, ал аябай айран-таң калды. Тилин билбегендиги үчүн эч нерсени сурай албай калды. Чамасы эки жарым чакырымдан кийин ал такси эсептегичин кайрадан күйгүздү. Жолоочу бара турган жерине жеткенде, ал жердеги жергиликтүү адамдар аны тосуп алышты, алардын баары анын тилин билишчү. Ал жолоочу жергиликтүү адамдарга андан жолдо ал эки жарым чакырымга чейин такси эсептегичин неге өчүргөнүн сурап бергилечи деп өтүндү. Таксичи негизинен мен бурула турган жайыман бир аз адашып, эки жарым чакырымга чейин туура эмес айдап кеттим, мен жаңылышып, баса турган аралыктын акысын жолоочудан ала албайм, анткени ал жеке менин катам болчу деп жооп берди».

Молдоке ушул окуяны айтып берген соң мындай деди:

«Туугандар! Карагыла, ал намаз да окубайт эле, келиме келтирген да эмес, анын сакалы да жок болчу, чапаны да, топусу да, чалмасы (селдеси) да жок болчу, бирок анда ишенимдүүлүк бар болчу. Бизде бүт бардыгы бар, тагыраак айтканда сакал, чапан, топу, намаз, келиме ж.б., бирок бизде ишенимдүүлүк жок».

Бернард Шоунун «мен Европада Исламды көрдүм, бирок мусулмандарды көрбөдүм. Мен араб өлкөлөрүндө мусулмандарды көрдүм, бирок Исламды көргөн жокмун» деген атактуу сөзү бар. Биз албетте, мусулман болобуз, бирок бизде Ислам жок экен.

Мага ачык-айкын бизде Ислам жок деп айтууга уруксат этиңиздер. Ислам – бул селденин аталышы эмес, Ислам – бул көйнөк, шым (шалвар) жана сакалдын аталышы эмес.

Ислам – бул чынчылдыктын аталышы, Ислам – бул ишенимдүүлүктүн аты, Ислам – бул туура тартып-өлчөп берүүнүн аты, Ислам – бул берген сөздү аткаруунун аты, Ислам – бул убакытты эсепке алуунун аты».

Келгиле, Алла Таала менен элдешеп алалы жана Алла Таала Өзүнүн Сүйүктүү Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу тилинен акыр заманда келүүүсүн айттырган Имамга ыйман келтирип, анын максаттарын ишке ашырууда ага колдоо көрсөтүп, өзүбүздү караңгылык өлүмүнөн сактап калалы. Алла Таала бизди колдосун. Аамийн.

Алла Таала колдоп, учурдагы жугуштуу оору тез арада жок болуп кетсин, биздин Кудай бизге ыраазы болуп калсын. Аны ыраазы кылуу үчүн биз Алла тааланын алдына жыгылып, дуба кылуубуз керек, Аны менен алака-байланышыбызды түзүүбүз керек жана Анын пенделерине боорукерлик көрсөтүп, камкор болушубуз керек. Бул үчүн Алла Таала бизге күч-кубат берсин. Аамийн.

(Саййид Шамшад Ахмад Насир, Америкада кызмат көрсөтүп жаткан Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионери)

[1] Эгер биз намаздарды аткаруучулардан болуп калсак, анда Алла Таала тарабынан келе турган күчтүү жана улуу салтанаттуу жышаандарга күбө болобуз деген мааниси да бар.

[2] Алла Тааладан кечирим суроо.

[3] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үчүн Алла Тааладан жакшылыктар жана берекелерди тилөө.

Share via