Жамаат менен аткарылуучу намаздар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Жамаат менен аткарылуучу намаздар

Ар бир мусулман Парыз намаздарын жамаат менен окуганы жакшы. Мечиттер жамаат болуп намаз окуу үчүн курулат. Хадисте мындай деп айтылган:

«Жамаат менен окулган намаздын сообу, жалгыз окулган намаздын сообунан жыйырма жети эсе көбүрөөк».

Жамаат мүчөлөрү арасынан ыймандуу, илим-билимдүү жана ыйык Куранды башкалардан жакшыраак билген бир киши имамдыкка шайланып дайындалуусу зарыл. Диний башкармачылык бар жайларда, имам диний башкаруучулук же халифа тарабынан дайындалышы мүмкүн. Имам болуп шайланган же дайындалган киши туурасында кимдир бирөө: «Бул киши имамдыкка ылайык эмес», – деп айтса да, баардык намаз окуган кишилер аны гана ээрчүүлөрү шарт. Имамдын ыйманына шектенген кишилер үчүн Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төмөнкү көрсөтмөлөрү жетиштүү:

Хадис намаз ибадат дуба

Окулушу: Ан Абий Хурайрата каал: Каала Расуулуллаахи саллаллааху алайхи ва саллам: Ассалаатул мактуубату ваажибатун халфа кулли муслимин, баарран каана ав фаажиран ва ин амилал кабаайир. («Сунан Абий Давуд», аль-Жузъ-уль-Аввал, Китаабус-Салаат)

Котормосу: Азирети Абу Хурайрах разияллааху анху Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын мындай айтканын рабаят эткен: «Фарз намазын ар бир мусулман имамдын аркасында окуу важиб, мейли ал ыймандуу болсун, мейли күнөөкөр болсун, мейли чоң күнөө кылган болсун («Сунан Абий Давуд»  аль-Жузъуль-Аввал, Китаабус-Салаат).

Эгер намаз маалында эки же андан артык мусулман мечиттен башка жайда чогулуп калышса, анда алар намазды жамаат болуп окуулары зарыл. Эгер намазды эки эркек киши гана окуй турган болсо, анда алардын бири имамдык кылуусу керек. Алар жанаша туруп, экинчиси – ээрчүүчү имамдын оң жагына турушу лаазым.

Эгерде бир эркек киши үйдө намаз окуса, ага үйдөгү аял киши кошулуп окууну кааласа, анда ал эркек кишинин сол тарабына турушу керек. Эгер эки эркек киши намаз окуп жатса, кийин келип аларга кошулган адамдар сап тартып турушу керек. Имам болсо, саптын ортосунда турат. Күндөлүк тартипте үч же андан артык мусулман жамаат болуп намаз окуп жатканда, имам алдыңкы сапта туруп, баардыгы жүзүн Кааба тарапка каратышы керек. Бирок, ыңгайсыз учурларда башка адамдар менен имам биринчи саптын ортосунда турcа да болот.

Айрым бир мазхабдагы Фикх таануучулардын пикирине караганда, имамдын аркасындагы эң акыркы сапта кеминде эки киши болушу шарт. Алар бир киши турган сапты толтуруш үчүн акыркы саптагы бир кишини ошол сапка тартууга уруксат беришет.

Дагы башка Фикх таануучулар бул амалды кылбаганды дурус көрүшөт. Анткени, мындай аракет башка сапка турган кишинин гана тынчын албастан, башка кишилердин да бейпилдигин бузат.

Эске түйүүчү айрым башка жагдайлар

1. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Биринчи саптагылар, арткы саптагы адамдарга караганда көбүрөөк соопко татыктуу болушат», – деген экен. Себеби, намазга эрте келген кишилер намаздын башталышын күтүп, Алла Тааланы зикир кылышат. Албетте, алар кеч келген адамдарга караганда Алла Таала менен көбүрөөк алакада болушат.

Дагы Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Бир сап толмоюнча башка сап тартбаш керек», – деген көрсөтмө берген экен. Ушундан маалым болгондой, Такбийр айтылып жаткан учурда же андан да кечирээк келген адамдарга караганда, эрте келип, биринчи саптан орун алган кишилер Алла Тааланы көбүрөөк эскеришет. Кечигип келген ошол кишилер арткы сапта туруулары керек.

2. Эгер намаз башталып калган болсо, кечиккен адам сапка туруп намаз окуп жаткандарга кошулуп, кайсы жеринде болсо, ал да ошол жеринен улантат. Мисалы: алар Кыямда болушса, ал да Кыям абалына өтөт. Алар Саждага бараткан болсо, ал да ошол жеринен кошулушу лаазым. Имам жүзүн оң же сол тарапка буруп, Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах, – дегенден кийин жамаат намазын бүткөндө, кеч келген киши Кыямга барып, окулбай калган рекетти жалгыз окуйт.

3. Намаз рекеттерден түзүлөт. Парыз намаздары эки, үч жана төрт рекеттен турат.

Ар бир рекетте төмөндөгү абалдар кезигет:

а) Кыям (тик туруу);

б) Руку (эңкейип, колдорун тизелерине коюу);

в) Кавма (Рукудан тик туруп, колдорун эки жагына бош коюу);

г) Сажда (тизеге туруп, маңдайды жерге тийгизүү. Ар бир рекетте эки жолу Саждага барылат);

д) Жилса (эки Сажда ортосунда отуруу);

е) Каъда (экинчи Саждадан кийин отуруу). Эгер кечиккен адам намазга, Рукуга барыштан мурун же Рукуда кошулса, ал ошол рекетти аткарган болот жана аны намаздан кийин кайра окубайт. Эгер ал Кыям жана Руку аткарылгандан кийин кошулса, имам эки жолу Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах, – дегенден соң (намаз бүткөндөн кийин), ал ошол рекетти толук аткарышы керек.

4. Жамаат намазы башталганда, Сүннөт жана Нафл намаздарын окууга болбойт. Жамаат намазы башталганда, кимдир бирөө Сүннөт намазын окуп жатса жана ал саптын ортосунда болсо, ал дароо намазды аяктап, жамаатка кошулушу лаазым. Эгер ал Сүннөт жана Нафл намаздарын саптын четинде туруп окуп жатса жана жамаатка кошулуп биринчи рекетке үлгүрүүгө көзү жетсе, анда намазды акырына жеткизиши мүмкүн. Антпесе, ал намазды токтотуп, жамаатка кошулганы дурус.

5. Намаз башталып калса, киши жүгүрүп келип, жамаатка кошулбашы керек.

6. Аялдардын абийирине жана ар-намысына карай намаз учурунда эркектердин алдында турганы дурус эмес. Ушул себептен, аялдар эркектердин артындагы сапта турушат. Бул аларга эркектердин ал жерде тургандыгы себептүү кыжаалат болбостон арткы саптарда намазды жайбаракат, эркин окууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок, аялдардын намаз окушу үчүн өзүнчө жай болгону жакшы. Жогоруда айтылгандарга караганда, аялзаты эркек кишилерге имамчылык кыла албайт, бирок аялдарга имамчылык кылышы мүмкүн. Ал жаш балдарга – мейли кыздар болсун, мейли балдар болсун, имамчылык кыла алат, ал эми балакатка жеткен эркек жамаатка имамчылык кыла албайт.

7. Аялдарды жамаат намазына чакыруу үчүн азан айтуулары шарт эмес. Намазга имам болгон аял эрежеге ылайык, биринчи саптын ортосунда турат. Эркек имамдыкындай жамааттын алдында турбайт.

8. Эгер имам жамаат намазында катага жол койсо, төмөндөгү чаралар көрүлөт:

а) эгер имам Курандагы сүрөө же аяттарды ката окуса же эсинен чыгарса, анда жамаат ичинен ошол сүрөө же аяттарды жакшы билген бирөө туура жана так айтып эскертүүсү керек;

б) эгер имам башка бир каталыкка жол берсе, ага жамаат мүчөлөрүнүн бири Субхааналлаах (Алла баардык кемчиликтерден таза), – деп эскертет. Ушинтип, имамдын жаңылышкандыгына ишаарат кылат. Бул учурда имам өз катасын түзөтөт. Эгер имам катасын оңдобосо, жамаат ага карата амалын уланта берет. Намазда эч кимдин имамга тоскоолдук кылууга акысы жок. Имам ката кылганда да, жамаат аны ээрчип окушу шарт. Бирок намаздан кийин ага катасын айтуу керек. Ошондон кийин имам катасын түзөтүү үчүн кошумча түрдө дагы эки жолу Саждага барышы зарыл. Жамаат да ага карата амал кылат. Муну Сужуудус-Сахв (катаны түзөтүш үчүн жасалган Саждалар), – дейт. Ушул Саждаларды имам жүзүн оң жана сол жагына буруп, эки жолу Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах, – деп айтуудан мурун аткарышы керек.

9. Эгер аял киши эркек имамдын катасын эскерте турган болсо, үнүн чыгарып, Субхааналлаахты айтышы мүмкүн эмес, болгону алакан чаап коюшу керек. Аялдын кол чабышынан имам каталыгын билип алат. Эгер имам аял киши болуп, каталыкка жол берсе, анда намазда турган аялдардын бири сүрөө жана аяттарды туура жана так айтышы же Субхааналлаах, – деп үн чыгарышы мүмкүн.

10. Намазга турган кишилердин чарчабашы үчүн жамаат намазын имам көпкө созбошу керек. Ал жамаат ичинде карылар, оорулуу адамдар же дармансыздар бар экенин, ошондой эле намаздан кийин айрым кишилердин иштери бар экенин эстен чыгарбашы керек.

Share via