Ибадат
Ислам ишениминде адамзат Алла Таалага ибадат кылуу үчүн жаратылган. Ыйык Куранда Алланын мындай сөзү бар:
Мен жин менен адамдарды Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым. («Аз-Заарият» сүрөөсү: 57)
Ибадаттын мааниси – Алла Тааланын көрсөтмөлөрүнө толук моюн сунуу жана Ага бүтүндөй берилүү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааладан вахий-аян алып келген жана Ислам динине тиешелүү буйруктардын бардыгын ачык-айкын түшүндүрүп берген.