Жапанда биринчи Ахмадия мечити ачылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Нагояда «Байтул-Ахад Мечитин» ачты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2015-жылдын 20-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Жапандын Нагоя деген шаарында «Байтул-Ахад Мечитин» (Жалгыз Алланын Мечитин) ачты. Бул мамлекетте Ахмадия мусулман Жамааты курган биринчи мечит.

2015-11-20-JP-Nagoya-Mosque-002

Ал киши жергиликтүү убакыт боюнча 13:оодо келип, эстелик тактасын ачты, анан жума кутбасын окуду. Аталган кутба Эл аралык МТАдан (Муслим ТВ Ахмадия) түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү.

Өзүнүн кутбасында ал киши мечиттин чыныгы максат-мүдөөлөрүн айтып берди жана жергиликтүү Ахмадий мусулмандарга мүмкүн болушунча эң бийик даражадагы моралдык жана руханий деңгээлдерге жетишүү керектүүлүгүнө баса белгилеп насаат кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эми ушул мечит курулуп бүттү, азыр Алла Таалага шүгүрчулүк кылуу үчүн өз жоопкерчилигиңерди жана вазыпаларыңарды аткарууңар зарыл. Ал-хамдулиллах (бардык мактоо-алкоо Аллага гана таандык), биз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды кабыл алдык же биз Ахмадий мусулманбыз деп айтыш гана жетиштүү эмес. Демек, силер күндө ушул жерде сыйынууңар керек жана моралдык деңгээлдериңерди өнүктүрүүгө умтулуп, ошондой эле ушул улутка Исламдын чыныгы таалимдерин жеткирүүңөр лаазым». 

2015-11-20-JP-Nagoya-Mosque-003

Мусулмандардын арасында экстремизмдин жайылуусун сынга алып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Исламдын чыныгы таалимдерин жайылтуу сыйынуунун эң бийик даражадагы өлчөмдөрүн талап кылат. Ал адамдарга кан төгүү жана мыкаачылыкты таштап, анын ордуна өзүн-өзү реформалап- оңдоого жана өзүн-өзү өнүктүрүү жихадына умтулууга талап кылат. Тилеке каршы, бүгүнкү күндөгү мусулмандар көбүрөөк деңгээлде экстремист болуп калышты, алардын кээ бир талаптары Ислам динине кызмат кылуу бул – мыкаачылык жана ырайымсыздык менен күнөөсүз адамдарды өлтүрүү дешет». 

2015-11-20-JP-Nagoya-Mosque-004

Ал киши жакында Парижде болгон террористтик чабуулдарды кескин түрдө сынга алды жана күнөөлүүлөр болгону адилетсиздик жол менен болгону Ислам динин жаманатты кылышты деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жакында Парижде жасалган террордук чабуулдарды ыплас-төмөн жана мыкаачылык аракет деп гана атоо мүмкүн. Мына ошондой чабуулдар бүтүндөй Ислам таалимдерине каршы, ошон үчүн Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу – бул ар бир Ахмадий мусулмандын өтө маанилүү милдети».

Ал киши мындай деди: Алла Таала Жапанда жашаган Ахмадий мусулмандарга өз жашоолорун тынчтык жана жыргалчылык менен жашоо мүмкүнчүлүгүн тартуулады жана Пакистанда аларга насип этпеген диний эркиндигин аларга берди.

2015-11-20-JP-Nagoya-Mosque-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул жерде жашап калууңар катары Алла Таала силерге кылган берешендиктерди даңазалооңор керек. Ушул жерде сыйынууңарга эч кандай тоскоолдуктар жок. Мечиттериңерди «мечит» деп аташыңар үчүн камалбайсыңар. Бул улутта силердин «Тынчтыкты» даңазалооңор түрмөгө камалуунун ордуна, бааланат жана куттукталат».

Ал киши дагы мындай деди: жергиликтүү Ахмадий мусулмандар Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) тилегендей, Жапанда чыныгы Исламдын жүзүн көрсөтүүлөрү зарыл.

«Жапанда силерге насип этилген ушул эркиндик өзүңөрдө тазалык жана моралдык өзгөрүүнү талап кылбайбы? Ал силерден жеңил ойлоруңарды таштап,  Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүүңөрдү талап кылбайбы? Ал силерден өз ара сүйүү жана мээримдүүлүктү даңазалап, анан аны өзүңөр жашаган коомчулукка таратууңарды талап кылбайбы?»

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад аталган мечит жана анын курулушу жөнүндө бир аз кененирээк маалымат берди. Ал киши мындай деди: бир убакытта жергиликтүү өкмөттөн иш-планды ишке ашыруу уруксатын алуу мүмкүн эместей дагы көрүнгөн, бирок Алла Таала ошондой тоскоолдуктарды алып салды.

Ал киши мечит үчүн чанда (акча) төлөгөн жергиликтүү Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана жаш балдар жасаган финансылык курмандыктарын мактады жана жергиликтүү мусулман эмес коомчулук көрсөткөн колдоого жана мээримдүүлүккө да баа берди.

Байтул Ахад Жапандагы эң чоң мечит болуп, 800 сыйынуучуну өз ичине батыра алат (жалпы сыйынуу аянты, чатырланган жайы жана залдар). Аталган имарат, аябай жакшы жол байланыштары, турак жай жеңилдиктери, кеңселери жана китепканалары бар Нагоянын негизги жолунда жайгашкан.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via