Ахмадий мусулмандар Африкада ачкан дагы бир жаңы мечит
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сау-Томе мамлекетиндеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын (Байт-ул-Эхсаан) онунчу мечитинин ачылышы

Жаңы ачылган мечит

2021-жылдын 20-февралында, Алла Таала Сау-Томедеги Ахмадия Мусулман Жамаатына өлкөнүн онунчу мечитин борбордун Сау-Гуебом конушунда ачууга мүмкүнчүлүк берди. Мечиттин туурасы 8 метр, узундугу 8 метр, анда жетимишке жакын адам намаз окуй алышат.

Жаңы ачылган мечит

Бул мечиттин пайдубалы 2020-жылдын 22-сентябрында коюлган. Бул жерде Жамаатыбыздын көчөтүн мен, Сау-Томедеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын президенти жана дааватчылардын төрагасы жана жергиликтүү мугалим урматтуу Сулайман Юсуф мырза аркылуу 2020-жылдын 15-февралында отургузганбыз. Башында сегиз адам христиан динин таштап, Ислам-Ахмадиятты кабыл алышкан. Бул жерде үзгүлтүксүз таалим-тарбиялык сабак уюштурулганда, кээ бир башка адамдар да Ахмадий болушкан, алардын саны отуздан ашты.

20-февралда эртеӊ менен саат 11де Ыйык Куранды окуу менен программа башталды. Ушундан кийин, Сау-Гуебомдогу Ахмадия Мусулман Жамаатынын президенти урматтуу Билал мырза өзүнүн ой пикирин билдирип жатып, Ахмадия Мусулман Жамаатын, башкача айтканда, чыныгы Исламды кабыл алуубузга мүмкүнчүлүк бергендиги – бул Алла Тааланын өзгөчө берешендиги экендигин айтты. Бул мечит үчүн биз Жамаатка жана Азирети Халифатул Масийх (аййадахуллааху таъаала)га ыраазычылык билдиребиз. Биз христиан болуп, Ахмадия Мусулман Жамаатына Жамааттын кабарын уккандан кийин кирдик. Ахмадия Мусулман Жамааты гана чыныгы Жамаат. Алла Таала ушул үйдү абат кылууга күч-кубат берсин. Аамийн

Гуадалупе жергесиндеги үгүттөөчүбүз урматтуу Камар Рашийд мырза, жергиликтүү миссионерибиз Абдулла мырза, жергиликтүү мугалимибиз урматтуу Жезекиел мырза Жамаат мүчөлөрүнө мечитти абат кылууга насаат кылып, бизге ушул жерде мечит курууга мүмкүнчүлүк берген Кудай Таалага терең ыраазычылыгыбызды билдирип, бүгүн биз ушул мечитти ачып жатабыз. Бул аймакта жашагандар Ислам жөнүндө эч нерсе билишпейт эле. Эми мусулмандар кандай болушаарын баары көрүшөт. Билип койгула, Кудайдын үйү тынчтыктын үйү болот, биз өз жашообузду тынчтыкта ​​өткөрүшүбүз керек. Эми Жамааттын кабарын башкаларга жеткирүү Ахмадий бир туугандарыбыздын милдети. Адамдарды сүйүктүү Жараткан Кудайыңардын үйүнө чакыргыла. Өзүңөрдүн үлгүӊөр менен Ислам тынчтыктын дини экендигин далилдеп көрсөткүлө.

Акырында, мен өз сөзүмдө 20-февраль күнү тууралуу айтып, бүгүн Убада кылынган Реформатор (алайхиссалаам) күнүндө Жамаат бул өлкөдөгү 10-«Байт-ул-Эхсаан» мечитин ачууга жетишип жатат деп айттым. Бардыгыбыз Убада кылынган Реформатор жөнүндөгү алдын ала кабардын орундалганына тирүү күбө болобуз. Мен бул мечитти абат кылууга да Жамаат мүчөлөрүнүн көңүлүн бурдум. Бул азем дуба менен аяктады.

Дубадан кийин Зухр жана Аср намаздары окулуп, анан бардык катышуучуларга түшкү тамак тартылды. Бул программага 18 Жамааттан 90 тууган катышышты. Кудай Таала катышуучулардын ыйманын жана ишенимин өркүндөтө берсин. Оомин

(Репортажды даярдаган: Ансар Аббас – «Ал-Фазл Интернейшналдын» корреспонденти)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via