СЕНЕГАЛДА ЖАҢЫ АХМАДИЯ МЕЧИТИНИН АЧЫЛЫШЫ
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

СЕНЕГАЛДЫН «КАФРИН» АЙМАГЫНДА АХМАДИЯ МЕЧИТИНИН АЧЫЛЫШЫ

Ислам Ахмадия мечит

Аллах Тааланын колдоосу менен Сенегалдагы Ахмадия Мусулман Жамааты Кафрин аймагындагы «Кере Аали» айылында мечит курууга жетишти.

Ислам Ахмадия мечит

Худдамдар (б.а. 15 жаштан 40 жашка чейинки Ахмадий мусулман жаштары) жана Атфаалдар (б.а. 7 жаштан 15 жашка чейинки Ахмадий мусулман балдары) бул мечиттин курулушуна жакшы катышкан. Мечиттин курулушун жергиликтүү үгүтчү-дааватчыбыз Мужибур Рахман мырза көзөмөлдөгөн. Мечиттин туурасы сегиз метр, узундугу тогуз метр. Мечиттин чатырына эки кооз мунара жана бир күмбөз курулган. Мечиттин ичи 120 кишиге намаз окууга ылайыкталган.

Ислам Ахмадия мечит

2023-жылдын 16-июнунда Сенегалдагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири Насир Ахмад Сидху мырза лентаны кесип, мечиттин ачылыш аземин өткөрдү. Бул учурда Сенегал өкмөтүнүн өкүлдөрү, анын ичинде аймактын префекти, мэрдин орун басары жана полициянын башчысынын орун басары да катышышты. Ачылыш аземин чагылдыруу үчүн радио өкүлдөрү да келип, радио уктуруу үчүн программаларды жана интервьюларды жаздырышты.

Ислам Ахмадия мечит

Ачылыш аземинен кийин Улуу Урматтуу Амир жума кутбасында адамдарга мечиттерди куруунун максаттары, чыныгы мусулмандын өзгөчөлүктөрү жана Ахмадия Мусулман Жамаатын түзүүнүн максаттары тууралуу айтып берди. Буга дагы сегиз айылдын лидерлери жана имам-хатибдери, андан тышкары 370 адам, анын ичинде эркектер, аялдар жана балдар катышышты. Жума намаздан кийин бардык конокторго тамак тартылды.

(Баяндоону даярдаган: Хафиз Мусаввир Ахмад Музаммил, эл аралык «Аль-Фазл» газетасынын Сенегалдагы кабарчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via