ГВИНЕЯ-БИСАУДА АХМАДИЯ АЧКАН БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕБИ
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

ГВИНЕЯ-БИСАУНУН «БАФАТА» РЕГИОНУНДАГЫ АХМАДИЯ МУСУЛМАН ЖАМААТЫНЫН БИРИНЧИ БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕБИНИН АЧЫЛЫШЫ

мектеп

Алла Тааланын өзгөчө колдоосу жана жардамы менен 2023-жылдын 30-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын биринчи мектеби Гвинея-Бисаунун «Бафата» аймагында миссионер-насаатчылардын төрагасы Мухаммад Ахсан Меман мырза тарабынан ачылды. Ачылыш аземине өкмөт өкүлдөрүнөн тышкары, аймактагы аксакалдар да катышышты. Иш-чарага 700дөн ашык адам катышышкан. Ачылыш аземине карата балдарга мектеп портфолиолору жана башка окуу материалдары таратылды.

Азирети Имам Махдий (алайхиссалам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Аллах Таала аны улуу жеңиши менен колдосун) өтө мээримдүүлүк менен бул мектепке «Хажира башталгыч мектеби» деген атты берген. Бул мектептин курулушунун бардык чыгымдарын Америкада жашаган Хажира Буттар айым көтөргөн.

Катышуучулардын арасында Бафата облусунун губернатору, аймактык башкармалыгынын өкүлү, Косура аймагынын башчысы, ички иштер башкармалыгынын башчысы жана башка өкүлдөр болду. Ачылыш аземинде өкмөт өкүлдөрүнүн айткан ой-пикирлери:

Косура аймагынын башчысы Мамаду Конде мырза бир жолу Ахмадий дааватчыларын айылынан кууп чыгууга буйрук бергенин, ал тургай алардын мотоциклдерин өрттөйм деп коркутканын айтты. Бирок бүгүн мен Ахмадия Мусулман Жамаатынын эң чоң колдоочусумун, анткени бизге Ахмадия Мусулман Жамааты жөнүндө туура эмес маалымат берилген болчу. Менин Ахмадия Мусулман Жамааты менен болгонумдун себеби, мен келгенден бери «Лаа илааха иллаллааху Мухаммадур Расулуллах» деген сөздөн башка эч нерсе уккан жокмун деди. Ал киши элге мектептин тазалыгына, кооздугуна көңүл буруп, мектептин айланасына таштанды ыргытпоону өтүндү.

мектеп

Аймактык башкармалыгынын өкүлү Ахмадия Мусулман Жамаатына бул долбоорду Бафата аймагына алып келгени үчүн ыраазычылык билдирерин айтты. Алла Таала Ахмадия Мусулман Жамаатын коргосун жана Ахмадия Мусулман Жамааты Бафата аймагын өнүктүрүүдө көбүрөөк роль ойной алышы үчүн Ахмадия Мусулман Жамаатына көбүрөөк батасын берсин.

Бафата жетекчисинин өкүлү бул мектеп жакшы курулганын жана мындай мектепти биринчи жолу көрүп жатканын жана бул мектепти көргөнүнө абдан кубанычта экенин билдирди. Ал ата-энелерден балдарын мектепке жиберүүсүн суранды.

Ички иштер башкармалыгынын башчысы Ахмадия Мусулман Жамаатынын мыкты иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Эми калганы ата-энелер жана алардын иш-аракетине байланыштуу. Кээде балдар мектепке баргылаары келбейт, ошондо мектепке барган ата-энелер балдарынын мектепке барышы үчүн алар менен чогуу болушат.

Мектептин имараты төрт класстык бөлмөдөн жана администрациялык блоктон турат. Ар бир класстын узундугу жети жарым метр, туурасы төрт жарым метр.

Ошол эле учурда жакын жердеги «Кантобаль» Жамаатында мечиттин пайдубалы да түптөлдү. Аллах Таала бул мечиттин курулушун тез арада бүтүрүп, аймактын тургундарына диний таалимдерди толук үйрөнүүнү насип кылсын. Оомийин.

(Баяндоону Гвинея-Бисауда кызмат кылып жаткан миссионер-дааватчыбыз Захид Ахмад Бхатти даярдаган)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via