Танзаниянын Табора аймагындагы 3 мечиттин ачылышы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Танзаниянын Табора аймагындагы 3 мечиттин ачылышы

Танзанияда Ахмадия Мусулман Жамааты ачкан мечит

Аллах Тааланын берешендиги менен Танзаниядагы Ахмадия Мусулман Жамаатына «Табора» аймагында 2020-жылдын 20-ноябрында, куттуу жума күнү жаңы мечит ачуу мүмкүнчүлүгү насип этилди. Аллага чексиз мактоолор болсун. Аталган мечит «Табора» аймагындагы Ибуши айылында курулган.

Аталган айыл Жамаат катары буга чейин коңшу Жамаат менен бириккен болчу, бирок жакында ага өзүнчө Жамаат статусу берилди. Бул жаңы Жамаатка жамаат менен намаз окуу жана башка коомдук программаларды өткөрүү үчүн мечит керек болчу. Ушул жерде жашаган бир Ахмадий үй-бүлө мечит үчүн белек катары орун бөлүп берди. Анын курулушуна жергиликтүү Жамаат мүчөлөрү активдүү катышып, Вакаар-э-Амал аркылуу бул иштерди аткарышты. Жалпысынан, мечитте 120 адам намаз окуй алышат. Ачылуу аземине сунни имам-хатиб менен кошо бардыгы болуп 100 адам катышышты. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) мээримдүүлүк менен бул мечитке «Байт-ул-Хаадий» деген ат ыйгарган.

Танзанияда Ахмадия Мусулман Жамааты ачкан мечит

Ибушидеги Жамаатыбызда курулган «Байтул-Хаадий» мечити

Танзаниядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири жана миссионеринин төрагасы урматтуу Тахир Махмуд Чаудхрий мырза «Байтул-Хаадий» мечитин ачып, дуба кылдырган. Ачылуудан кийин программа Ыйык Куранды окуу менен башталды. Диний ырлар ырдалгандан кийин Жамааттын президенти Амир сахибди жана анын кербенин тосуп алды. Андан кийин Ахли-Сунна вал-Жамааттын имам-хатиби сөз сүйлөп, ушул айылда мечиттин курулгандыгына өз кубанычын билдирди.

Танзанияда Ахмадия Мусулман Жамааты ачкан мечит

Кийинчерээк Амир сахиб сөз сүйлөдү. Катышкандар 100гө жакын, анын ичинде 40 Ахмадий эмес адам болгон. Өзүнүн кайрылуусунда ал киши жергиликтүү Жамаат мүчөлөрүн даават кылып, өздөрүнүн санын көбөйтүү ишине көңүл бурууга үндөдү. Анын айтымында, мечиттин укугу күнүнө жамаат менен беш маал намаз окуу, андыктан анда эч кандайдыр бир кемчиликтер болбошу керек, ошондой эле ушул жердеги Ахмадийлер башкаларга үлгү болушу керек, натыйжада аларды көрүп, көп-көп адамдар Ахмадият, чыныгы Исламга мүчө болуп киришет. Программа жамааттык дуба менен аяктап, андан кийин бардык катышуучуларга сый тамагы берилди.

Танзанияда Ахмадия Мусулман Жамааты ачкан мечит

Мигунгумало Жамаатынын «Байтул-Самад» мечити

«Табора» аймагындагы Мигунгумало айылында дагы быйыл мечит курулду. Мечиттин ордун ошол жерде жашаган бир Ахмадий үй-бүлө камсыз кылган. Аталган үй-бүлө башчысы жергиликтүү Жамаатыбыздын президенти дагы болот, ал киши мечит үчүн 1000 кыш берди. Мындан тышкары, башка чыгымдарды Жамаат көтөрдү.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын салттары боюнча курулуш иштерине жергиликтүү тургундар активдүү катышкан. Суу алыскы аймактан Вакар-э-Амал аркылуу камсыздалган. Жалпысынан, мечитте 170 адам намаз окуй алышат. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) мээримдүүлүк менен бул мечитке «Байтул-Самад» деген атты ыйгарган.

Ал-хамдулиллах, мечиттин ачылыш аземине 150дөй адам катышышты. Айрым Ахмадий эмес коноктор дагы чакырылган.

Урматтуу Амир Сахиб расмий түрдө «Байтул-Самад» мечитин ачып, дуба кылдырган. Ачылуудан кийин программа Ыйык Куранды окуу менен башталды. Диний ырлар ырдалгандан кийин Жамаат президенти конокторду тааныштырды. Андан кийин Амир Сахиб сөз сүйлөдү. Кайрылуусунда ал киши Жамаат мүчөлөрүнө өз ара ынтымакташып, айлана-чөйрөдөгү аймакта даават кылууга жана өздөрүнүн санын көбөйтүүгө көңүл бурууга насаат кылды. Мечиттин курулушунан пайда көрүп, өзүңөрдү жана балдарыңарды мечит менен байланыштыргыла деди.

Программанын аягында урматтуу Амир Сахиб жамааттык дуба кылдырган. Андан кийин зухр намазы окулду. Намаздан кийин катышуучуларга тамак берилди.

Танзанияда Ахмадия Мусулман Жамааты ачкан мечит

Мейга Жамаатынын «Байтул-Ахад» мечити

«Табора» аймагындагы Миега айылында дагы быйыл мечит курулду. Бул айылдагы Ахмадийлердин көпчүлүгү өтө кедей, бирок жүрөктөрү абдан чоң. Мечитке орун ушул жердеги бир Ахмадий тарабынан берилген жана айыл тургундары өзүнө-өзү жардам берүү менен карта түзүп, ишти башташкан. Жергиликтүү деңгээлде Жамаат мүчөлөрү мечит үчүн каржылык курмандыктар жасоо мүмкүнчүлүгүн алышкан жана Жамаат дагы мечитке колдоо көрсөткөн.

Мечиттин курулушуна жергиликтүү Жамаат мүчөлөрү активдүү катышышты. ВакаарэАмал аркылуу суу жеткирүү, кум чогултуу жана кыш чыгаруу иши жасалган. Бул убакыт аралыгында бардык Жамаат мүчөлөрү – Ансаарлар, Худаамдар, Лажна, а түгүл Атфаалдар жана Наасирааттар да Кудайдын ушул үйүн бүтүрүү үчүн көп күч-аракет жумшашты. Ал-хамдулиллах, мечит 2020-жылдын октябрь айында курулуп бүттү жана аны менен катар гусул ала турган бөлмөлөр да муктаждыкка жараша курулду.

Бул мечитте жалпы 120 адам намаз окуй алышат. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) мээримдүүлүк менен бул мечитке «Байтул-Ахад» деген атты ыйгарган.

Бул мечиттин ачылышы 2020-жылдын 21-ноябрына пландалган болчу. Эркектер менен аялдар үчүн өзүнчө чатырлар тигилип, алар толул кеткен. Орточо эсептөөлөр боюнча, айылдын 50% дан ашуун калкы келген болчу. Ар кандай диндердеги 1500дөн ашуун адам аталган программага катышышты. Аллага чексиз мактоолор болсун.

Урматтуу Амир Сахиб мечиттин ачылыш аземин өткөрүп, дуба кылдырды. Ачылуудан кийин программа Ыйык Куранды окуу менен башталды. Диний ырлар ырдалгандан кийин Жамаат катчысы Амир Сахибди жана анын кербенин чоң кубаныч менен тосуп алды. Жергиликтүү кеңешчи өз сөзүндө Ахмадия Мусулман Жамаатына таазим этип, өкмөт такыр көңүл бурбаган жерлерде дагы мечиттерди курганыӊар – бул силердин өзгөчөлүгүӊөр деп айтты. Сунниттер менен христиандар дагы катышкандыктан, эки диндин лидерлерине тең өз ойлорун айтууга мүмкүнчүлүк берилди. Жергиликтүү сунни имам-хатиб мечиттин имаратын жогору баалап, бул айылда мындай кооз имарат жок экендигин айтты. Танзаниядагы Ахмадия Мусулман Жамааты чындыгында куттуктоого татыктуу. Христиан лидери дагы Жамааттын аракеттерин жогору баалады.

Урматтуу Амир Сахиб өз сөзүндө жергиликтүү Жамаат мүчөлөрүн мечитти абат кылууга үндөдү. Жамааттан башка адамдар да көп болгондуктан, урматтуу Амир Сахиб Ахмадия Мусулман Жамааты жөнүндө да кыскача тааныштырды.

Программанын аягында Амир Сахиб жамааттык дуба кылдырган. Андан кийин Аср намазы окулду. Намаздан кийин катышуучуларга тамак берилди. Ошентип, бул куттуу программа аяктады.

Программа бүткөндөн кийин, Аллах Тааланын берешендиги менен 17 адам Байъат берип, Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулушкандыгын жарыялашты. Ушул сыяктуу эле, өткөн айда 26 адам мечит курулуп бүткөндө Байъат беришкен болчу. Аллага чексиз мактоолор болсун!

(Репортажды даярдаган: Миян Абдул Ваахид – Танзанияга караштуу Табора регионундагы аймактык дааватчы)

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну
Share via