Африкага караштуу Чад өлкөсүндө гуманитардык жардам берилди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Борбордук Африкага караштуу Чад өлкөсүндө Германиядагы «Humanity First» (Адамгерчилик – Биринчи орунда) кайрымдуулук фондунун көзөмөл астында уюштурулган биринчи медициналык лагер

Адамгерчилик биринчи орунда

Алла Тааланын берешендиги менен Германиядагы «Humanity First» кайрымдуулук фондунун жардамы менен Чад өлкөсүндө биринчи он күндүк медициналык лагерь уюштурулду.

Адамгерчилик биринчи орунда

Чадда Германиядагы «Humanity First» кайрымдуулук фондунун медициналык лагери 30-августтан 10-сентябрга чейин иш алып барды.

Алты адамдан турган Германиядагы «Humanity First» кайрымдуулук фондунун командасы 30-август, жекшемби күнү эртең мененки саат 10:30да Чадга келди. Ушул команданы Германиядагы «Humanity First» кайрымдуулук фондунун төрагасы урматтуу Мухаммад Атхар Зубайр мырза жетектеген. «Humanity First» кайрымдуулук фондунун командасын мени менен чогуу Чаддагы Ислам Кеңешинин төрагасынын орун басары урматтуу Шайх Абдуд-Дайм Абдулла мырза жана Чаддын Саламаттыкты сактоо министрилигинин өкүлдөрү тосуп алдык. Массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери дагы ал жерге келип, Германиядагы «Humanity First» кайрымдуулук фондунун төрагасы менен маектешкен. Аталган маек Алла Тааланын берешендиги менен Чаддын телекөрсөтүүсү жана радиосуна чыгарылган.

Адамгерчилик биринчи орунда

31-август күнү Чаддагы Саламаттыкты сактоо министри менен жолугушуу болуп өтүү. Ал «Humanity First» кайрымдуулук фондунун командасына ыраазычылыгын билдирди жана COVID-19 илдетине байланыштуу көмөк көрсөтүүсү үчүн ыраазычылыгын билдирип, министрликтин кызматкерлерине команданы толук кандуу колдоп кызматташууну буйруду. Саламаттыкты сактоо министри менен болгон жолугушууну улуттук телеканалда көрсөтүлүп жана радиодо да угузулган. Алхамдулиллаахи алаа заалик.

Адамгерчилик биринчи орунда

Медициналык лагерлер Чаддын Саламаттыкты сактоо министрилиги жана Ислам кеңеши менен биргеликте уюштурулду. Медициналык лагерь Анжумина шаарындагы башкы ооруканадан башталып, аларга балдардын жасалма дем алдыруучу аппараты, канды текшерүүчү аппараты жана бир нече дары-дармектер берилди. Команда ушул өкмөттүк ооруканада төрт күн иштеди.

Андан кийин эки күн ар кандай жергиликтүү жамааттарыбызда медициналык лагерлер уюштурулуп, 1100гө жакын адам текшерүүдөн өтүп, дары-дармектер менен камсыз болушту.

Медициналык лагерден тышкары, эки жергиликтүү жамааттарыбызда Германиядагы «Humanity First» кайрымдуулук фонду тарабынан эки кран орнотулуп, андан 700гө жакын адам пайдаланышууда. Ал-хамдулиллахи алаа заалик.

Кийинки эки күн Чаддагы Ислам кеңешинин көмөгү менен, алардын ооруканасы жана медересесинде медициналык лагерь уюштурулуп, ал жерде адамдарга медициналык текшерилүүдөн кийин дары-дармек берилди. Ислам кеңешинин ооруканасына эки вентилятор да белек кылып берилди.

Адамгерчилик биринчи орунда

Команда Чадда жүргөн мезгилде, Чаддагы Ислам Кеңешинин төрагасы урматтуу Шайх Мухаммад Иса Хатир мырза менен эки жолу жолугушту. Ал өз ой-пикирин төмөнкүчө билдирди: «Биздин ишенимибиз менен Ахмадия Жамаатынын ишенимдеринин ортосунда айырмачылыктар бар, бирок гуманитардык кызматка келгенде, биз сиздер менен толук кызматташабыз жана азыркы өтүп жаткан кырдаалда «Humanity First» кайрымдуулук фонду Чаддын элине кам көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз».

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы директору коштошуу аземинде өз оюн мындай деп билдирди: «Humanity First» кайрымдуулук фонду COVID-19 илдетинин жайылган мезгилинде Чадга келип, элине кызмат кылган жападан-жалгыз уюм. Биз сиздерге ыраазычылык билдиребиз».

Медициналык лагерден тышкары, Германиядагы «Humanity First» кайрымдуулук фонду тарабынан 230 жакыр үй-бүлөгө азык-түлүк, тактап айтканда, күрүч, кум-шекер, кесме, самын, тамак майы жана башкалар таратылды. 50 жетим балдарга кийим-кечек, оюнчуктар жана азык-түлүк менен кошо чиркейлерден сактануучу тор да берилди. Мындан тышкары, 15 эчки союп, анын эти муктаж адамдарга таратылды.

Адамгерчилик биринчи орунда

Алла Таала Германиядагы «Humanity First» кайрымдуулук фондунун кызматын кабыл кылып, чексиз берекелер жана берешендиктерди тартууласын деп дуба кылабыз. Амийн.

(Репортажды даярдалган: Халил Ахмад Хан, Чаддагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионери)

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну
Share via