Буркина-Фасодогу «Сарало» айылындагы мечиттин ачылышы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Буркина-Фасодогу «Сарало» айылындагы мечиттин ачылышы

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Африка

Сарало – Буркина-Фасонун Дудгу районундагы айыл, анда Ахмадия Жамаатынын кабары Жамаатыбыздын радиосу аркыуу жеткен. Ахмадия радиосунан дааватты уккандан кийин, бул айылдын эли эки адамдан турган делегацияны Дадгуда жайгашкан аймактык даават борборуна кошумча изилдөө жана Байъатка байланыштуу маалымат алуу үчүн жиберишти. Делегация мүчөлөрү даават борборуна келип, башка мусулман агымдардыкынан өзгөчө, артыкчылыктуу жана канааттандырарлык болгон биздин дааватыбыз аларга терең таасир калтыргандыгын билдиришти. Ошол учурда, регионалдык миссионерибиз урматтуу Амийн Балуч мырза аталган айылда даават кылуу үчүн Зила Карим жана Драбу Аль-Хасан аттуу дагы эки жергиликтүү миссионерди жиберди, алар бардык айылдыктарды чогултуп, Ахмадия Мусулман Жамаатын тааныштырышты. Натыйжада, Аллах Тааланын ырайымы менен ошол эле күнү эки жүздөн ашуун адам байъат берип, Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулушту. Ал-хамдулиллах. Андан кийин, ай сайын ушул айылдан бир нече делегациялар региондук өкүлчүлүккө келип, адабияттарды жана китептерди башкаларга даават кылуу үчүн алып турушчу. Жаңыдан байъат берип, Жамаатыбызга кошулган ошол адамдар быйылкы Буркина-Фасодогу Жалса Саланага келип, Жамаатыбыздын атмосферасына өз көздөрү менен күбө болушкан, бул алардын ишенимин дагы да бекемдеген. Урматтуу Го Карим мырза ушул айылда биринчи «Мугалим» болуп кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Алгач ушул айылда бир мечит курулуп, ал убакыттын өтүшү менен бир топ эскирип, жана кичирейип кеткен. Ошондуктан, жаңы жана кенен мечиттин курулушунун катуу муктаждыгы сезилген. Мындай муктаждыкты түшүнүп, аракет жасалганда, АКШда иштеген Жамаатыбыздын бир бай жана ак ниет мүчөсү урматтуу Зина Муса мырза бул мечиттин курулушуна кеткен бардык чыгымдарды төлөп салган. Ошентип, анын каржылык курмандыгы менен бул мечит курулган.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Африка

Бул мечиттин пайдубалын 2020-жылдын январында Буркина-Фасого иш сапары менен келген Жамаатыбыздын дааватчысы урматтуу Умар Муааз мырза койгон жана мечитти Буркина-Фасодогу Жамаатыбыздын Амири жана миссионерлердин төрагасы урматтуу Махмуд Насир Сакиб мырза 2020-жылдын 14-августунда куттуу жума күнү ачкан. Өзүнүн жума кутбасында ал Жамаат мүчөлөрүнүн көңүлүн жамаат менен намаз окууга жана каржылык курмандык чалууга бурду.

Мечиттин үстү жабылган бөлүгү менен короосун кошкондо, ал 200 намаз окуучуга ылайыкталган. Бул мечиттин көпчүлүк жумуштары, айрыкча таш жана суу менен камсыздоо Жамаатыбыздын салтына ылайык Вакаар-э-Амал аркылуу аткарылды. Бул мечиттин ачылыш аземине карата миңге жакын адам катышышкан. Ачылуу аземине мэрдин өкүлү катышып, өз сөзүндө ал Жамаатыбыздын кызматын жогору баалап, Жамаатыбыз менен болгон мамилесин билдирип, Аллах Таала бул мечитти бардыгынын туура жолго түшүү куралына айландырсын деп дуба кылды.

Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда Аллахтын үйлөрүн куруу жана Ыйык Куранга кызмат кылуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын өзгөчө белгиси болуп саналат. Бул процесс түбөлүккө улана берсин жана Аллах Таала Ахмадия Мусулман Жамаатына ошондой мүмкүнчүлүктөрдү берип турсун. Оомин

(Мухиббулла Халид – Буркина-Фасого караштуу Дадгу региондогу аймактык миссионерибиз)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via