Австралиядагы Мажлис Худдамул Ахмадиянын тарыхый жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Австралиядагы Мажлис Худдамул Ахмадиянын тарыхый жолугушуусу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Австралия

Австралиядагы Мажлис Худдамул-Ахмадия Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы менен виртуалдык жолугушуунун урматына ээ болду

Австралиядагы Мажлис Худдамул Ахмадиянын Улуттук Амиласы жана Жергиликтүү Кайддери Ал Азирети менен расмий жолугушуу өткөрүштү

2020-жылдын 12-сентябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа Азирети Мырза Масрур Ахмад Австралиядагы Мажлис Худдамул Ахмадиянын Улуттук Амииласы (Аткаруучу) виртуалдык онлайн жолугушуу өткөрдү.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Австралия

Ал Азирети жолугушууну Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен алып барды, ал эми Амиланын өкүлдөрү Улуу Сидней аймагынын четиндеги Марсден Паркындагы «Байтул-Худаа» мечитинин комплексиндеги (улуттук штаб) Халифат залына чогулушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Худдамдын өкүлдөрү өзүлөрүнүн бөлүмдөрүнө тиешелүү аткарылган иштеринин отчётун сунуштап, келечек иш-пландарын сунуш кылуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

Ал Азирети Ахмадий мусулман жаштарынын адеп-ахлактык жана диний таалим-тарбиясы жана Меджлис Худдамул Ахмадиянын административдик ишинин үзгүлтүксүз илгерилешин камсыз кылуу боюнча кеңири көрсөтмөлөрдү берди.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Австралия

Диний билим берүү маселеси боюнча, Ал Азирети Улуттук Таалим (Билим берүү) Бөлүмү жалпы мүчөлөрдүн гана диний билимдерин текшерүүсү жетиштүү эмес деди. Тескерисинче, Улуттук Президент, Улуттук Катчы жана Худдам башкармалыгынын бардык мүчөлөрү, бардык деңгээлдерде, башка мүчөлөргө позитивдүү үлгү көрсөтүү жана алардын да өз билимдерин үзгүлтүксүз жогорулатып жаткандыгын ырастоо үчүн мындай тесттерди тапшырууга милдеттүү. Ал Азирети Амила мүчөлөрүнө чыныгы лидерлик момундукту жана чын ыкластуулукту талап кылаарын, ошондуктан Амила мүчөлөрү башкалардан өзүлөрү аткарбай жаткан иштерин сурабоосу керектигин эскертти.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык тарбиясы жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мектептерде Исламдын баалуулуктарына жана ишенимдерине туура келбеген жол менен окутулган айрым маселелер же темалар бар. Ошондуктан, Ахмадий мусулман балдарына ушул сыяктуу маселелерде Исламий көз-караштын үйрөтүү Мажлис Худдамул Ахмадиянын милдети. Аларга туура менен туура эместин айырмасын үйрөткүлө. Мындан тышкары, силер жаштар менен жеке деңгээлде мамиле түзүп, алардын досу болгула жана аларды кызыктырган суроолоруна жооп бергиле».

Ошондой эле мектеп жана билим берүү жаатында Амила мүчөлөрүнүн бири Австралиядагы айрым мектептер диний билим берүүдө «Исламды» окутарын, бирок окуу программасынын айрым пункттары Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишенимине дал келбегенин айтып берди. Ал Ахмадий мусулман ата-эне балдарын мындай Ислам сабактарына катыштырбай коюу керекпи деп сурады.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Балдарыңарды андай сабактарга катыштырбай коюунун кажети жок, бирок ата-энелер жана Мажлис Худдамул Ахмадиянын администрациясы тиешелүү мектептер жана бийлик органдары менен сүйлөшүп, алардын көйгөйлөрү жөнүндө аларга билдириши керек. Аларга мектептерде Ислам дини боюнча ар кандай сабактар ар кандай мусулман агымдарынын ортосунда жалпы бир пикирге келген, ошондой эле Ыйык Куранга жана Исламдын Пайгамбары (саллаллааху алайхи васаллам)дын сүннөтүнө ылайык келген нерселерге негизделиши керек, окуу программасын белгилүү бир агымга ылайыкташтырбоо керек деп айтуу зарыл».

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Австралия

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улантты:

«Мындан тышкары, Ахмадий мусулмандар өзүлөрүнүн балдарына өз ишенимдерибиз жөнүндө туура багыт көрсөтүп, алар мектепте же башка жерлерде үйрөнгөн туура эмес нерселеринин бардыгын түшүндүрүүлөрү керек. Балдарыңарга Ислам Курани Каримдин таалимдери жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтү менен башкарылаарын жана кийинчерээк кээ бир Ислам агымдарында пайда болгон айрым ишенимдер же түшүнүктөр бидъаттар экендигин айткыла. Чындыгында, аларга мындай бидъаттарды алып салуу жана Исламдын чыныгы таалимдерин жандандыруу үчүн Аллах Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды жиберген деп айткыла. Силер балдарыңардын суроолоруна чыдамдуулук менен жооп берип, алардын жүрөктөрү канааттанып, Исламдын чыныгы таалимдерин толук түшүнмөйүнчө тынч отурбагыла».

Мажлис Худдамул Ахмадиянын улгайган мүчөлөрүнө кайрылып, Ал Азирети алар ар дайым Исламга кызмат кылууга болгон кумарларын жана күчүн сактап калууга умтулуулары керек деди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мажлис Ансаруллахка киргенден кийин (Ахмадия Мусулман Жамаатынын Аксакалдарынын Уюму) руханий жактан жаш бойдон калууга аракет кылып, Исламга кызмат кылып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын максаттарын жанталашып жана күч-кубат менен алга жылдырууӊар керек».

Жолугушуу аяктайын деп калганда, жакында эле Ахмадия Мусулман Жамаатына Вакф-э-Зиндаги (өз жашоосун динге арнаган адам) катары кызмат кыла баштаган Улуттук Амиланын мүчөсү Ал Азиретинин өмүр бою динге жакшы кызмат кыла турган көрсөтмө же жетекчилик берүүсүн сурады.

Буга жооп кылып, Ал киши Аллахтын жана адамзаттын укуктарын аткаруунун негизги маанилүүлүгүн баса белгиледи. Андан тышкары, Ал Азирети бардык маселелерде момундуктун чечүүчү мааниге ээ экендигин жана адам эч качан өзүн башкалардан жогору санабашы керектигин кайталады.

Аягы

Чектеш темалардын мазмуну
Share via