Индонезияда «Ал-Акса» мечитинин ачылышы аземи
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Индонезияда «Ал-Акса» мечитинин ачылышы

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын Индонезия

Индонезиянын Батыш Жава деген аймагына караштуу Сингапарана жеринде «Ал-Акса» мечитинин ачылышы

Сингапаранадагы Ахмадия Мусулман Жамаат Батыш Явадагы эң байыркы Жамааттарыбыздын бири, ал өзүнүн өсүп-өнүгүү жолунда ар кандай баскычтардан жана кыйынчылыктардан өтүүгө аргасыз болгон. «Акса» мечити деп аталган жергиликтүү мечит оңдолуп, калыбына келтирилип, 2020-жылдын март айында Аллах Тааланын берешендиги менен бүткөрүлүп, беш айдан кийин анын ачылышы болуп өттү.

2020-жылдын 22-июлунда Индонезиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Амири Мавлана Абдул Басит мечиттин ачылыш аземине катышканы келди, ал жерде Жамааттын мүчөлөрүнөн тышкары райондук миссионерлер жана жергиликтүү Мажлис Аамила мүчөлөрү да бар болушчу. Ал кезде Амир Сахиб алып барган дубасы менен мечит ачылды.

Жергиликтүү Жамааттын бир аксакалы урматтуу Аде Карсана мырза Азирети Халифатул Масийх IV (рахимахуллах)тын бул мечитке келип, атайын дуба кылгандыгы жөнүндөгү ыймандарды бекемдей турган окуяны айтып берди. Анын айтымында, ушул мечитке кирүү Ал Азиретинин иш-планында жок болсо керек. Бирок Ал Азирети кербендин жанынан өтүп бара жатып, көп кишилер колдорун булгалап тургандарын көрүп, унаасын айдоо бактылуулугуна ээ болгон тууганыбыз Альто Умар Каюмдан алар кимдер экенин сураган. Алардын өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчисине болгон сүйүүсүн билдирип колдорун булгалап жаткан Жамаат мүчөлөрү экендиги белгилүү болгондо, Сүйүктүү Хузурубуздун кербени бир нече жүз метр аралыкты басып өтсө дагы, Ал Азирети мээримдүүлүгүн көрсөтүп, бул мечитке кайтып келип, Жамааттын жергиликтүү мүчөлөрү менен жолугушуп, мечиттин михрабында туруп, атайын дуба кылган.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын Индонезия

Ал киши кошумчалагандай, ушул мечит 1980-жылы курулган. Ахмадияттын экстремисттик каршылаштары 2007-жылы ушул мечитке кол салып, ага чоң зыян келтиришкен. Жергиликтүү дааватчыбыз урматтуу Усман Анас мырза Жамааттын жергиликтүү мүчөлөрү биз бул мечитти калыбына келтиришибиз керек деп чечишкен. Ошентип, бул үчүн Алла Таала ушул Жамаатка күч-кубат берди.

Ремонт болгондон кийин, Алла Тааланын берешендиги менен ушул мечитте бир эле учурда 500дөн ашык адам намаз окуй алат. Кадияндагы Минаратул-Масийх стилине окшош бир кооз мунара да курулган. Мунаранын бийиктиги 60 фут, ошондуктан ал мунара жергиликтүү Жамааттын гана эмес, ал аймактын дагы таанышы болуп калды. (Фал-хамдулиллах)

(Репортажды даярдаган: Фазали Умар Фарук – «Ал-Фазл International» газетинин кабарчысы)

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну
Share via