жума кутбасынын кыскача мазмуну • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

жума кутбасынын кыскача мазмуну

Жума кутбасы

Бүгүн 2018-жылдын 5-январында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

  • Ар дайым эсиӊерде болсун, биз таапкан мал-мүлкүбүз таза болушу керек жана адал жолу менен табылган болушу зарыл, Алла Таала жаман жана арам жолу менен табылган мал-мүлктү жактырбайт;
  • Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалары Алла Таала жолунда сарптоо ниети менен гана базарга барып, акча табышчу;
  • Алла Таала жолунда мал-мүлк сарптоо менен мал-мүлк кемибейт, тескерсинче көбөйт;
  • Алла Таала жолунда Чанда (Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү үчүн Алла Таала жолунда бериле турган мал-мүлк) берүү менен Алла Таала кыйынчылыктарды алып салат;
  • Буркина Фасо деген өлкөдө кээ бир Худдаам (Ахмадия Мусулман Жамаанынын 15 жашынан тартып 40 жашына чейинки жаштар) бир чакырым жер казып, зымды жерге көмүү кызматын аткарып, андан тапкан акчасынын баарын Чандага берип салышкан;
  • Кот-д’Ивуар деген өлкөдөн бир Ноо-Мубайиъ (Жамаатыбызга жаӊыдан кошулган адам) мындай деп айтат: мен бир аз убакыт мурун байъат бергем, бирок Чанда берчү эмесмин. Ал эми Чанда бере баштаганымдан бери бардык кыйынчылыктарым жоголо баштады жана балдарымдын ден-соолугу да чыӊ болду;
  • Көптөгөн Ахмадий мусулмандар Чанда бергенден кийин кандайдыр бир канааттанууга жетишет жана жөрүктөрү бейпилдик табат;
  • Танзания деген өлкөдөгү бир Ахмадий мусулман мындай деп айтат: мен Чанда берчү эмесмин. Бирок Чанда берүүгө көӊүл бурганымдан бери менин тагдырым өзгөрүп кетти жана кирешеме да аябай көп береке кошулду;
  • Өтө эле жакыр адамдар да финансылык курмандыкка катышуудан артта калышпайт;
  • Мельбурн шаарындагы бир Ахмадий мусулман жигит өзүнүн Чандасын төлөп болгон, аны дагы кошумча Чанда төлөөгө үндөшкөндө, ал киши дагы 500 доллардан көбүрөөк сумманы төлөп салды. Ал киши мындай деп айтат: бир аз күндөрдөн кийин мен күтпөгөн жерден мага 1200 доллар колума тийди, ал бир гана Чанданын берекеси болчу;
  • Мисирдеги бир араб Ахмадий мусулман мен Чанда бергенден кийин менин айлык-маянам 60 пайыз көтөрүлдү деп айтты;
  • Канададан бир Ахмадий мусулман кыз студент экен, анын колунда бар болгону 50 доллар бар болчу, ошол акчанын баарын Чандага берип койду, бир аз убакыттан кийин Чанданын берекеси менен ага 800 доллар стипендия төлөнүлө баштады;
  • Индияда бир жакыр адам да кембагал экендигине карабай Чанда берди, бирок мен Жамаатыбыз мына ошондой адамдарга финансылык көмөк көрсөтүшү керек деп айтканмын;
  • Жамаат мүчөлөрү Алла Таала жолунда Чанда берүүгө даяр турушат, Жамаатыбыздагы кызматкерлер активдүү болуп иштөөлөрү керек;
  • Жогорудагы окуялардын баары Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын чынчылдыгынын жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын чындыгынын далили болуп саналат;
  • Алла Тааланын берешендиги менен Вакф-э-Жадиддин 60-жылы бүттү жана өткөн бир жылдын ичинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү 8,862,000 фунт финансылык курмандыкты жасашты, мурунку жылга караганда 842,000 фунт көбүрөөк. Пакистандан кийин Британия биринчи орунда, Германия экинчи орунда, Америка үчүнчү орунда;
  • Алла Тааланын берешендиги менен бул финансылык курмандыкка катышкандардын саны 160,000 жана буга жаӊыдан катталгандардын саны 268,000;
  • Чанда берүү боюнча «Улуулардын» арасында Лахор 1-орунду, Рабвах 2-орунду жана Карачи 3-орунду алышты.
  • Алла Таала ушул курмандыкка салым кошкон бардык адамдардын мал-мүлктөрүнө чексиз берекелерди кошсун!

Намаздан кийин Али Гаухар Мунаввар аттуу жаш баланын жаназа намазы окулду.

Share via