Германияда жаңы Ахмадия мечитинин ачылышы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиянын Карбен шаарында Ахмадия Мусулман Жамаатынын жетекчиси тарабынан ачылган жаңы Ахмадия мечитинин салтанаттуу аземи болуп өттү

Германиядагы мечит

2023-жылдын 30-августунда Бүткүл дүйнөлүк Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси, Азирети Имам Махдий (алайхиссалам)дын бешинчи халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад Германиянын Карбен шаарындагы «Садык» мечитинин ачылышына арналган атайын кабыл алууда негизги сөз сүйлөдү.

Германиядагы мечит

Амирул Моминин азирети иш-чаранын алдында эстелик тактасын ачып, Алла таалага шүгүр айтып, мечитти расмий түрдө ачты. Андан соң Амирул Моминин азирети мечитте бешим жана дигер намаздарын окуп, жаңы имаратты көрүп чыкты.

Германиядагы мечит

Кийинчерээк, Карбен шаардык мэриясында өткөрүлгөн атайын иш-чарага 90дон ашык коноктор, анын ичинде сыйлуу коноктор, саясатчылар жана мечиттин жергиликтүү кошуналары катышты.

Германиядагы мечит

Амирул Моминин азирети өзүнүн негизги баяндамасында мечиттердин маанилүүлүгү тууралуу сөз кылып жана Ислам дини муктаждарга жардам берүүгө өзгөчө басым жасаганын айтты.

Мечиттин шаардын борборуна жакын жайгашкан жери тууралуу Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул мечит шаардын борборунда жайгашкан жана бул жакшы нерсе, анткени материалдык пайдалар табуу үчүн шарттар бар шаарларда Алланы зикир кылууну каалагандар үчүн да жай болушу керек, ал жерде алар чогулуп, жалгыз Аллага ибадат кыла алышат. Шаарларда мечиттер, чиркөөлөр жана башка сыйынуучу жайлары дагы болушу керек. Бардык диндер бириккенде, диндер өз жолдоочуларын биригүүгө жана бири-бири менен ынтымакта жашоого үйрөтөрү айкын болот. Эч бир негизги диндин Негиздөөчүсү өзүнүн жолдоочуларын экстремисттикке же фитна-чагымчылык кылууга үйрөткөн эмес».

Германиядагы мечит

Азирети Мырза Масрур Ахмад дагы айтты:

«Биздин ишенимибиз боюнча бардык пайгамбарлар Алла Таала тарабынан адамдарга ибадат кылуу жана башкалардын акы-укуктарын аткаруу тууралуу кабар берүү үчүн жөнөтүлгөн. Ушуга байланыштуу айланабыздагы адамдарга Ислам дининин кооз таалимдерин жеткирүү үчүн шаардын борборунан мечитке орун тапканыбыз туура».

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ислам дининин башкалардын акы-укуктарын аткаруудагы маанилүүлүгү жөнүндө айтып, башкалардын акы-укуктарын өз укугунан жогору коюунун алтын принцибин түшүндүрдү.

Германиядагы мечит

Азирети Мырза Масрур Ахмад айтты:

«Башкалардын акы-укуктарын аткаруу – Исламдын негизги окуусу. Ислам дини өзүңдүн акы-укугуң үчүн гана аракет кыл деп айтпайт. Ислам бизге башкалардын акы-укуктарын аткарууну буюрат. Башкалардын акы-укуктарын аткарууга аракет кылсаң, дүйнөдө тынчтык орноп, ынтымак жана тууганчылык атмосферасы өкүм сүрөт. Бу бүгүнкү дүйнөбүзгө өтө эле керек болгон нерсе».

Германиядагы мечит

Амирул Моминин азирети мурда сөзгө чыккан коноктордун биринин сөзүнө токтолуп, дүйнөнүн кээ бир аймактарында диндин атынан жасалып жаткан акысыз адилетсиздиктерге токтолду.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын амалын исламий окуулардын көз карашынан түшүндүрүп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дин эч качан адамдардын кан төгүүсүнө жол бербейт. Тескерисинче, дин адамдарды башкаларга кызмат кылууга буюрат. Ахмадия Мусулман Жамааты кайсы жерде түзүлбөсүн, биз адамдарга ишенимине карабастан кызмат кылабыз… Африкада биз мектептерди жана ооруканаларды ачып, суу жана башка объектилер менен камсыз кылуу үчүн үлгүлүү айыл долбоорлорун түздүк. Бул демилгелерден пайда көргөндөрдүн кеминде 80 пайызы Ахмадий мусулмандар эмес».

Германиядагы мечит

Азирети Мырза Масрур Ахмад дүйнөнүн кээ бир аймактарында адамдар туш болгон кыйынчылыктарга токтолуп, мындай деди:

«Өнүккөн мамлекеттердин өкмөттөрү сууну этият колдонуунун маанилүүлүгүн дайыма эскертип турса да, биз таза суунун баалуулугун түшүнө албайбыз. Ал эми (өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө) суусу жок адамдар бар, ошондуктан алардын балдары суу алуу үчүн бир нече километр жол басып өтүүгө туура келет. Алар негизги муктаждыктары үчүн баштарына чака менен суу ташышат. Ошентип, мындай адамдарга жеңилдик берүү үчүн Ахмадий мусулман ыктыярчыларыбыз ушундай алыскы аймактарга барып, айылдарга суу насосторун орнотуп жатышат».

Суу берилгенде, адамдардын кандай сезимде болоорун баяндап жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Адамдар босогосунан таза суу ала турган кранды көргөндө, кубанычтары чексиз. Өнүккөн мамлекеттердин элдери ири суммадагы акча утуп алса да, ичүүчү сууну көргөндө бул адамдардай кубанычты сезишпейт. Топурак аралашкан жана ооруларды пайда кылууга себепчи болгон сууну узак жол жүрүп, алууга муктаждыгы жок калганына чексиз кубанышат. Ошондой эле, алар босогосунда таза суу берекесине ээ болушат».

Германиядагы мечит

Ал киши Ооганстанда аялдарга тиешелүү укуктар берилбей жаткандыгы тууралуу баяндамачылардын биринин сөзүнө да токтолду.

Азирети Мырза Масрур Ахмад Исламдын таалимдерин түшүндүрүп жатып мындай дейт:

«Ислам жана Курани Карим аялдарга боорукердик көрсөтүүнү үйрөтөт. Чындыгында аялдарга карата эң бийик адеп-ахлакты көрсөтүүнү буюрат. Ислам аялдардын сезимдери эркектердикиндей экенин, ошондуктан эркектер аларга урмат-сый менен мамиле кылып, муктаждыктарын канааттандырууга аракет кылышы керектигин баса белгилейт. Ислам окуулары боюнча аялдар эркиндикке жана теңчиликке ээ. Көптөгөн Ахмадий мусулман айымдар дарыгерлер, инженерлер, айыл чарба кызматкерлери, экономисттер жана башка ар кандай тармактарда, алар элге кызмат кылуу үчүн барышат, ошентип өз убактысын жана өмүрүн адамзатка кызмат кылууга жумшашат. Ислам аялдарга бардык укуктарды, анын ичинде мураска ээ болуу укугун да берген».

Германиядагы мечит

Кайрылуу алдында Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Амири (Төрагасы) Абдулла Вагисхаузер мечитти тааныштырды, ошондой эле Германиянын Федералдык Парламентинин мүчөсү Натали Павлик, Гессен штатынын Парламентинин мүчөсү Тобиас Уттер жана Карбен шаарынын мэри Гидо Рахн мырзалар сөз сүйлөштү.

Германиядагы мечит

Чектеш темалардын мазмуну
Share via