Германиянын 2016-жылдагы Жалса Саланасы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин ыймандардарды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиянын 2016-жылдагы Жалса Саланасы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин ыймандардарды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аяктады

Карлсруэ шаарында болуп өткөн үч күндүк конвенцияга 38000ден ашуун адамдар катышышты

2016-жылдын 4-сентябрында Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 41-Жылдык Жыйыны (Жалса Салана) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) жасаган таасирдүү жана ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аяктады.

2016-09-04-de-jalsa-002

Сессиядан мурун ал киши 38000ден ашуун Ахмадий мусулмандар ант беришкен ант (Байъат) берүү церемониясын алып барды.

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши мындай деди: жалпысынан, дүйнөнүн көптөгөн аймактарында дини төмөндөп кеткен бир доордо да Ахмадия Мусулман Жамааты үзгүлтүксүз өсүп-өнүгүүдө жана кеңири жайылууда.

Ал киши мындай деди: дин бүгүнкү дүйнөдө согуштар менен чыр-чатактардын түпкү себеби болгон деген жалаа жабылат, бирок Ахмадий мусулмандар дүйнөдө тынчтык жоктугу адамдардын динден жана Алла Тааладан алыстап бара жатышкандыгына эле байланыштуу деп эсептешет.

2016-09-04-de-jalsa-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Азыр терроризм Батыш дүйнөсүнө чейин жайылып кетти жана жанкечти чабуулдар ушул жерде да болуп жатат, бул нерсе элдин ойлорунда Ислам дини жөнүндө коркунучту жаратып жатат. Мына ошондой мыкаачылыктар адамдарды ыймандан алыстатып жатат, ошондой эле динге каршы болгондор жана бүгүнкү күндөгү баш аламандыктардын түпкү себеби дин деген жалган билдирүү жасагандарга көмөк берип жатат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Дүйнө дин жана ишенимди эле согуштар жана чыр-чатактардын себеби деп ойлогон бир убакта биз – Ахмадий мусулмандар адамдардын ыймандан алыстагандыгын эле ушул чыр-чатактардын себеби деп ишенебиз».

2016-09-04-de-jalsa-004

Курани Каримдин таалимдери жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Курани Каримдин таалимдери универсалдуу жана түбөлүктүү, ошондой эле ар бир адамдын, ар бир ишенимдин, ар бир рассанын жана ар бир коомдун акы-укуктарын орнотот».

Андан кийин ал киши дин жана ишенимдин максат-мүдөөлөрүнө тиешелүү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын жазылмаларынан көбүнчө айтылчу кээ бир үзүндүлөрүн келтирди.

2016-09-04-de-jalsa-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Диндин максат-мүдөөсү – бул Алла Таала менен Анын пенделеринин ортосунда сүйүү алакасын жаратуу;  бардык кастыктар жана жек көрүүлөрдү жоюу; эң жогорку даражадагы адеп-ахлактар жана адилеттүүлүктү орнотуу. Дин – бул адам менен анын Жаратуучусунун ортосундагы мээримдүүлүк алака-байланышты жарата турган институт, ал адамдардын арасында боорукерлик жана кайрымдуулукту жаратат».

2016-09-04-de-jalsa-006

Өзүнүн кайрылуусун аяктап, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө Ислам дининин чыныгы таалимдерин түшүнүү жана аларга амал кылуу, анан диндин зарылчылыгын жана маанилүүлүгүнөн дүйнөнү кулактандыруу – бул Ахмадий мусулмандардын милдети. Биз чыныгы жана тынчтык Ислам динин тээ алыска чейин жана кеңири жайылтууга аракет кылабыз деген антты эле биз Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га бергенбиз».

2016-09-04-de-jalsa-007

Ошол эле күнү Карлсруэ шаарында болуп өткөн аземге катышкан 38000ден ашуун Ахмадий мусулмандар Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасынын колуна эмоциялуу антты (Байъат) беришти, ал эми жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандар МТА Интернейшналдан түз эфир аркылуу көрсөтүлүп жаткан ошол аземге катышышты. Ал церемонияда бир топ адамдар биринчи жолу ант беришти.

2016-09-04-de-jalsa-008

Башка сүрөттөр

2016-09-04-de-jalsa-009

2016-09-04-de-jalsa-010

2016-09-04-de-jalsa-011

2016-09-04-de-jalsa-012

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via