2016-жылы Англияда боло турган Жалса Саланага (Жылдык Жыйын) көрүлгөн даярдыктарды текшерүү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

2016-жылы Англияда боло турган Жалса Саланага (Жылдык Жыйын) көрүлгөн даярдыктарды текшерүү

Үч (3) күндүк Жылдык Жыйын жума күнү Хэмпширдеги «Хадийкатул-Махдий» (Махдийдин багы) деген жерде башталат

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) базар күнү 2016-жылдын 7-августунда  Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 50-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) көрүлүп жаткан даярдыктарды көрүп чыкты.

Үч (3) күндүк Жалса Салана (Жылдык Жыйын) 2016-жылдын 12-августунда жума күнү Хэмпширдеги «Хадийкатул-Махдий» (Махдийдин багы) деген жерде башталат.

2016-08-07-UK-Jalsa-Inspection-002

Даярдыктар камсыздалып жаткан кезде Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъала би-насрихил-азиз) үч күндүк аземдин аралыгында иштей турган ар кандай бөлүмдөрдү көрүп чыкты. Ал кишиге (Хузурга) учурда көрүлүп жаткан ар кандай даярдыктар жөнүндө кыскача маалыматтар берилди.

2016-08-07-UK-Jalsa-Inspection-003

Андан соң ал киши акысыз иштей турган 5,000ден ашуун ыктыярчы кызматчыларга түздөн-түз кайрылып, аларга өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди тырышчактык менен аткарууга жана намаздарды калтырбай окууга насаат кылды. Ал киши кызматчыларды башынан акырына чейин эң мыкты мүнөздөрдү көрсөтүүгө чакырды.

2016-08-07-UK-Jalsa-Inspection-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъала би-насрихил-азиз) мындай деди:

«Бардык акысыз иштей турган ыктыярчы кызматчылар ар убакта эң мыкты мүнөздөрдү көрсөтүүлөрү керек. Алар эч бир конокту таарынта турган же капа кыла турган бир дагы сөздү сүйлөбөш керек же ошондой иш кылбаш зарыл».

Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъала би-насрихил-азиз) акысыз иштей турган ыктыярчы кызматчыларга намаздын маанилүүлүгүн эскертип жатып мындай деп айтты:

«Намаз жана Алла Тааланын ибадаты аркылуу гана биз жасаган аракеттерибиз жана иштерибиз берекелүү болот. Биздин ийгиликтүүлүгүбүздүн сыры мына ошондо гана! Алла Тааланын Мээримдүүлүгүсүз жана Ырайымдуулугусуз биз эч нерсеге жетише албайбыз».

2016-08-07-UK-Jalsa-Inspection-005

Буга чейин ал киши Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде, Хэслемер деген аймакта жайгашкан Англиядагы Жамия Ахмадиянын имаратында көрүлгөн даярдыктарды да көрүп чыккан.

Ал киши жума күнү ушул аземде өзүнүн жумалык кутбасын окууру менен Жалса Салана башталат. Андан кийин ал киши базар күнүнө чейинки убакыт аралыгында дагы 4 кайрылуу жасайт.

2016-08-07-UK-Jalsa-Inspection-006

Базар күнү миңдеген Ахмадий мусулмандар Халифанын колуна «Байъат» деп аталуучу ишеним антын беришет.

Программалардын баары МТА Интернейшналдан (Эл аралык Мусулман Ахмадия Телевидениясы)нан түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлөт.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via