Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси жаңы «Махзан-э-Тасавийр» веб-сайтын ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси жаңы «Махзан-э-Тасавийр» веб-сайтын ачты

«Махзан-э-Тасавийр» Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхый сүрөттөрүнүн архиви.

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 7-февралында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) «Махзан-э-Тасавийрдин» жаңы сайтын ачты жана колдонууга кой берди. (www.makhzan.org)

Ал киши «Махзан-э-Тасавийр» көргөзмөсүндө аталган сайтты ачты жана анын кеңсе имараттары Түштүк-Батыш Лондондогу Дийир Парк Көчөсүндө жайгашкан «Тахир Үйү» деген комплексте турат.

2016-02-10-MT-002

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси келип, Алла Таалага ыраазычылык билдирип, тынч дуба суроодон мурда расмий түрдө сайтты ачты.

Андан кийин ал киши жакында жаңыланган көргөзмөнү көрдү, азыркы убакта ал жер мамлекеттик заманбап чыгармачылык көркөм чеберчиликтин курулуштарынын ичине кирет. Урматтуу Халифаны визит аралыгында ал киши «Махзан-э-Тасавийрдин» жетекчиси, Умайир Алийм мырза коштоп жүрдү.

«Махзан-э-Тасавийр» өзүнүн учурдагы көрүнүшүн 2006-жылдан бери Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхый сүрөттөрүн топтоо жана архивдөө үчүн иштеп келе жатат.

«Тахир Үйүндө» ар дайым көрсөтүлүп турган сүрөт көргөзмө 2007-жылдын октябрында Азирети Мырза Масрур Ахмаддын колунан ачылган.

Ага окшош бир көргөзмө Кадиянда (Индия) ачылган, ал эми кичине көргөзмөлөр Норвегия жана Испанияда дагы ачылган.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via