Индонезияда Ахмадия Мусулман Жамааты куруп жаткан жаңы имарат
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Индонезияда Ахмадия Мусулман Жамааты куруп жаткан жаңы имарат

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу Индонезия

Индонезиядагы Богор шаарында эки кабаттуу имаратка алгачкы таш коюлду

Аллах Тааланын берешендиги менен Индонезиянын Богор шаарында жайгашкан Синданг Барангдагы Ахмадия Мусулман Жамаатына дагы бир имарат куруу мүмкүнчүлүгү насип этилип жатат. Бул имарат Паган Ту Ган аймагында жайгашкан. Ишемби күнү, 26-июлда Индонезиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири Мавлана Абдул Басит имараттын пайдубалына алгачкы ташын коюп, дуба кылдырган.

Жергиликтүү Жамаатыбыздын президенти Буди Чахадиинин айтымында, бул жерде эки кабаттуу имарат курулат, анын үстүнкү кабатында намаз борбору, ал эми төмөнкү кабатында «Худдамул-Ахмадия» жана «Ансаруллах» уюмдарынын кеӊселеринен тышкары китепкана жана даават кылуу борбору курулат. ИншаАллах! Аталган имараттын тамы салынган бөлүгү эки жүз элүү чарчы метрден турат. Жамаатыбыздагы таалим-тарбиялык иштерден тышкары ушул аймактагы коомдук ишмердүүлүктөргө да колдонулат.

Аталган аземге региондук дааватчыбыз урматтуу Гулам Мухюддин, райондук миссионерлер (үгүтчү-насаатчылар), жергиликтүү Мажлис Аамиланын мүчөлөрү жана курулуш комитетинин мүчөлөрү катышты. Урматтуу Амир Сахиб бул жерди көптөн бери алууга аракет кылып келе жатканбыз деди. Бул имарат ушул аймактагы таалим-тарбия иштери үчүн пайдалуу болуп, ар дайым намаз окуучулар (сыйынуучулар) менен толуп турсун деп дуба кылабыз деди. Оомийин!

(Репортажды даярдаган: Фазал Умар Фарук – «Ал-Фазл Интернейшнал» газетинин корреспонденти)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via