Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси АAИЭБнин Жылдык Симпозиумунун жыйынтык сессиясына кайрылуусун жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси АAИЭБнин Жылдык Симпозиумунун жыйынтык сессиясына кайрылуусун жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад адамзатка кызмат кылуу Ислам дининин маанилүү бөлүгү болуп саналат деп айтты

2017-жылдын 13-майында, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Ахмадий архитекторлор жана инженерлердин Эл аралык бирикмесинин Европалык бөлүмүнүн Жылдык Симпозиумуна кайрылуусун жасады. Аталган симпозиум түштүк-батыш Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде болуп өттү.

Өзүнүн кайрылуусунда, Азирети Мырза Масрур Ахмад ААИЭБнин ишин мактап, ал гуманитардык иш-аракеттерин көбөйтүүгө аракет кылуусу керек деп айтты. Ал киши ААИЭБнин мүчөлөрү ар кандай кемчиликтерин же алсыздыктарын кетирүүгө да көӊүл буруулары керек деп да айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Тааланын ырайымы менен, акыркы он үч же он төрт жыл ичинде ААИЭБнин Европалык бөлүмү кээ бир мыкты иштерди аткарган жана жыл сайын көптөгөн кишилер анын ар кандай долбоорлору жана иш-пландарына катышып келүүдө. Мен жаңы ыктыярчылар жыл сайын ААИЭБге кошулуп, ушул жол менен Ислам жана адамзат үчүн өздөрүнүн кызматтарын сунуштап жатканын көрүп, ыраазы болуп отурам».

Азирети Мырза Масрур Ахмад көптөгөн жаш Ахмадий мусулмандар Алла Таала жана адамзатка кызмат кылуу үчүн өз өмүрүн арнап, эбегейсиз курмандыктарды жасашканын айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Тааланын берешендиги менен, азыр тышкы компаниялар менен абдан жакшы тажрыйбага ээ болгон, өз өмүрүн динге арнаган кээ бир жаш Ахмадий мусулмандар байлыктын артынан сая издөөнүн ордуна, бир гана дин жана адамзатка кызмат кылууга болгон каалоосу аларга түрткү болгон. Ошентип, алар Ахмадия Мусулман Жамаатына толук убакытысын берүү менен кызмат кылабыз деген убадаларын аткарышып жана Жамаат тарабынан төлөнгөн эӊ аз жөлөкпулуна ыраазы».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: мына ошондой рух тек Европадагы Ахмадий мусулмандарда гана болбостон, жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандар үлгүлүү айыл түзүлүшү жана жашоо үчүн суу сыяктуу ар кандай долбоорлор аркылуу адамзатка кызмат кылуу үчүн өз жөндөмдөрүн жумшап келе жатышат, ал аркылуу ААИЭБ жаңы суу насосторун орнотушуп же эскилерин калыбына келтиришүүдө.

Ал Азирети коомчулуктагы артта калган жана жакыр мүчөлөргө жардам берүүгө аракет кылуу Ахмадий мусулмандардын диний милдети экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жамаат катары, биздин ресурстарыбыз өтө чектелген, бирок, ошентсе да, биз мүмкүн болушунча көп адамдарды таза суу менен камсыз кылуу максатында ошол колубузда бар ресурстарды абдан жакшы жол менен пайдаланышыбыз керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эсиӊерде болсун, аз бактылуу адамдарга кызмат кылып, аларга кам көрүү, ошондой эле алардын кайгысын жана кыйынчылыктарын алып салууга аракет кылуу ар дайым биздин милдетибиз бойдон кала берет». 

Аягында, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Батыш мамлекеттеринде комфорттук чөйрөдө чоӊоюп өскөн биздин ыктыярдуу кызматкерлерибиздин көбү адамзатка кызмат кылуу максатында Африканын алыскы жана жакыр жерлерине барышкан. Алар чаң баскан жана талкаланган жолдор менен барып, ал тургай, эч кандай жолдор да жок жерлерге чейин жетип барышкан».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Мен ар дайым алар кандай өтө оор жана татаал шарттарда да чыдамдуулук жана жылмайган жүздөрү менен өздөрүнүн милдеттерин так аткарууга басым жасашкандыгын көрүп, айран-таӊ калам. Мен чын жүрөктөн алар жасаган аракеттерин баалайм жана мен бул кызмат үчүн Алла Таала аларга зор сыйлык, алардын аракеттерин эбегейсиз берекелүү кылсын деп дуба кылам».

Ошол күнү кечинде, ААИЭБнин Европалык бөлүмүнүн төрагасы Мухаммад Акрам Ахмадий мырза кыскача сүйлөп, өткөн жыл ичинде ААИЭБ аткарган негизги иш-чараларын жана долбоорлорун белгилеп айтты. Ал киши Симпозиумдун темасы «Адамзатка кызмат кылууда жаратылышты пайдалануу» экенин айтып жана бул жаатта көптөгөн дарстар (лекциялар) жасалганын билдирди.

Ал өткөн жылы ААИЭБ 5 үлгүлүү айыл тургузуп, ал алыскы африкалык айылдарда санитардык, айыл чарба, электр энергия жана таза суу свяктуу каражаттар менен камсыздалганын билдирди. Ар кандай башка долбоорлор дагы ишке кирип, ошондой эле Жашоо үчүн суу жана мечиттерди куруу долбоорлору.

Аталган кече Азирети Мырза Масрур Ахмад алып барган дуба менен аяктады.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via