«Ал-Айн» мобилдик (көчмө) көз клиникасынын ачылышы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Ал-Айн» мобилдик (көчмө) көз клиникасынын ачылышы

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси тарабынан «Аль-Айн» мобилдик (көчмө) көз клиникасы ачылды

Аталган клиника Африкада көздөрдү дарылоого керектүү жардамды камсыз кылат

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2017-жылдын 23-апрелинде Германиянын Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитинде «Аль-Айн» мобилдик (көчмө) көз клиникасын ачты.

Мобилдик (көчмө) көз клиникасын текшерип чыккан соӊ, Ал Азирети дуба кылуудан мурун аталган аземди белгилөө үчүн эстелик тактасындагы парданы ачты.

«Аль-Айн» Мобилдик (көчмө) Көз Клиникасы «Адамгерчилик – Биринчи» деген кайрымдуулук уюм тарабынан жүргүзүлүп келе жаткан Көзгө Белек деген программанын бир бөлүгү катары кызмат кылат.

Аталган мобилдик (көчмө) клиника тез арада Африкага жол алып, Африканын кээ бир алыскы шаарлары жана айылдарында жашаган адамдардын катаракта оорусун хирургиялык жол менен операция кылуу жана бир канча көз оорууларын дарылоону камсыз кылат.

«Адамгерчилик – Биринчи орунда» деген уюм 2015-жылы уюштурган эл аралык конферецияга кайрылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айткан:

«Адамзатка кызмат кылуу бир адамдын башкалардын көйгөйлөрүн чечпей же алардын жүктөрүн өз ийиндерине көтөрмөйүнчө тынч отурбоосун талап кылат. Адамдын жүрөгү башкаларга болгон сүйүүгө толуп жана анын негизинде ал өзүнүн жеке бейпилдиги үчүн эмес, тескерисинче, башкалардын бейпилдигине кам көрүүнү талап кылат. Бул нерсе – адамдан башкалардын бардык кыйынчылыктарын өз башына алууга даяр болуп, башкалардын ар түрдүү кайгы-мууӊун кудум өзүнүн кайгы-мууӊу жана оорусу сыяктуу кабыл алуусун талап кылат. Ал адам баласынан башкалар тынчтык жана бейкуттукта  жашоолору үчүн бардык азаптарды же тынчсызданууларды көтөрүүгө даяр экендигин талап кылат».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via