Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германияга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 42-Жылдык Жыйынына катышканы сапарга чыкты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2017-жылдын 19-августунда Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитине келди.

Ахмадия

Учурлук Халифа Лондон шаарынан жеӊил унаа менен Германияны көздөй жол тартты жана Германияны кесип өтөөрү менен Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырза жана бир топ башка кызматтарда иштеген адамдар тарабынан тосулуп алынды.

Ал киши өз сапарын андан ары Франкфуртка улантып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:25те «Байтус-Субух» мечитине жетип келди, ал жерге келген жүздөгөн Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана жаш балдар өздөрүнүн руханий Жетекчисин дагы бир жолу көрүп, чоң кубанычта болушту. Андан кийин Ал Азирети Шам жана Куптан намаздарына имамчылык кылды.

Ал киши Карлсруэ деген жерде боло турган Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 42-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) катышуу максатында жол тартты, ага ар кайсы өлкөдөн 30000ден ашык делегаттардын келүүсү күтүлүп жатат.

Үч күндүк аземде (25-27-август күндөрү) Ал Азирети Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдери тууралуу Ахмадий мусулмандарга жана Ахмадий эмес конокторго кайрылуу жасайт. Андан тышкары, Ал Азирети Ахмадий мусулман эркек жана кыз студенттерге жогорку билим алуу жетишкендиктери үчүн таануу сыйлыктарын тартуулайт.

Өзүнүн иш сапары учуруда Ал Азирети Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан салынган жаӊы мечитин да ачат.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: [email protected]

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: [email protected]

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)