«Адилетсиз дүйнөдө адилеттүүлүк» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Йорк университетинде тарыхый кайрылуусун жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Адилетсиз дүйнөдө адилеттүүлүк» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Йорк университетинде тарыхый кайрылуусун жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад каржылык кызыкчылыктары адилеттүүлүктүн усулуна (принцип) доо кетирерин айтты

2016-жылдын 28-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Торонто шаарындагы Йорк университетинде окумуштуулар, саясатчылар, медиа жана ойчул лидерлерден турган 180ден ашуун коноктордун алдында тарыхый кайрылуусун жасады.

2016-10-31-ca-york-university-002

«Адилетсиз дүйнөдө адилеттүүлүк»

деген темадагы аталган кечени Канададагы Ахмадия Мусулман Жамааты менен Йорк университети биргеликте уюштурган эле.

Өзүнүн кайрылуусунда ал Азирети дүйнөдө күчөп бара жаткан чыр-чатактары жана дагы бир дүйнөлүк согуштун болуп кетиши тууралуу сүйлөдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад өзүнүн кайрылуусун мындай деп баштады: адам баласы өз акылын тез технологиялык жана илимий жетишкендиктерге ийгиликтүү пайдаланган бир учурда аны

«жамандык кылуу жана кыйроонун күчү»

катары да пайдаланган.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Технология өндөрүлүп, бир кнопканы басуу менен элдерди картадан өчүрүү жөндөмүнө ээ иштелип чыккан. Мен ойго келтиргис зыяны бар, коркунучтуу жана кыйроочулукка жөндөмдүү болгон массалык кыргын салуучу куралдардын иштелип чыккандыгы жөнүндө сөз кылып жатам. Бүгүнкү күндөгү маданиятты талкалоо жөндөмдүүлүгүнө гана ээ болбостон, өз артында келечек муундарына ызаны мурас катары калтыра тургандай куралдар иштелип чыгууда».

2016-10-31-ca-york-university-003

Учурдагы глобалдык баш аламандык жөнүндө сөз кылып, ал Азирети бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк чыр-чатактар жана терроризмдин Ислам динине байланыштырылышы мусулман жетекчи катары өзү үчүн жеке кайгы себепчиси экенин айтты.

Андан кийин ал Азирети Ислам зордук-зомбулук, экстремизм же терроризмди жайылтуучу дин деген уламышты жокко чыгаруучу үчүн Ислам дининин негизги булактары болгон Ыйык Куран жана Ислам дининин Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрүн мисал катары келтирди.

2016-10-31-ca-york-university-004

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын адам өзүнө эмнени жактырса, башкаларга да ошону эле жактырышы керек деген белгилүү сөздөрүн айтып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Оозеки билдирүүлөр жагынан, «ооба, биз башкаларга жакшылык кылууну каалайбыз» деп айтуу өтө эле жеңил, бирок иш жүзүндө бул абдан кыйын жана оор. Кызыкчылыктар боюнча келишпестик пайда болгон жерде көпчүлүк адамдар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын жана пайдаларын башкалардын акы-укуктарынан жогору коюуга аракет кылышат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мусулмандарга

«аманаттарды алардын ээлерине тапшыргыла»

деген талапты коё турган Курани Каримдин 4-сүрөөсүнүн 59-аятын окуп берди.

2016-10-31-ca-york-university-005

Ал Азирети адамдарга жайгаштырылган ишенимдин мисалы катары демократиялык шайлоого катышуу жарандардын милдети экенин баса белгиледи.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Шайлоо же ат салуу (дайындоо) учурунда адам өзүнөн-өзү өзүнүн союздашы же партия мүчөсү үчүн добуш бербеши керек, тескерисинче, алар өтө тажрыйбалуу жана өзүнө берилген тапшырманы аткарууга ылайыктуу ким экенин эске алышы керек. Андан кийин шайланган жана бийлик же күч ачкычтары өздөрүнө тапшырылгандар өздөрүнүн милдеттерин чынчылдык, актык жана адилеттүүлүк менен аткаруулары зарыл. Бул окуу Ислам дини колдогон демократиянын үлгүсү».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Жеке адамдар же конкреттүү саясат боюнча добуш бергенде, тек партия линияларын же жеке мамилелерди ээрчибестен, бул жетектөөчү принцип болушу керек».

2016-10-31-ca-york-university-006

Ал Азирети мындай деди: көп учурда эл аралык деңгээлде алсыз коомдор күчтүү коомдорго таянышат, натыйжада алар ишеним жайгаштырган ээсинин талаптарын аткаруу алардын милдети болуп саналат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бириккен Улуттар Уюмунда кээ бир өлкөлөр ашыкча күчүн жана таасирин колдонбошу керек же Коопсуздук Кеңештин туруктуу мүчөлөрү өз кызыкчылыктарын гана кам көрүп жана көпчүлүгүнүн кызыкчылыктары менен карама-каршы пайда болгон жерде өздөрүнүн вето (veto) күчүн пайдаланбашы керек. Тескерисинче, Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчөлөрү бирге иштеп, мекеме негизделген учурда ага жайгаштырылган ишеним келишимин аткарышы керек – дүйнөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо».

2016-10-31-ca-york-university-007

Ал Азирети мен жеке кызыкчылыктары Бириккен Улуттар Уюмунун күчтүү мүчөлөрүнүн

«өзгөчөлүгү»

болуп калган деп ойлойм. Ал киши Коопсуздук Кеңештин туруктуу мүчөлөрүнүн вето күчүн колдонуу укугуна жөндөмдүүлүгү толугу менен адилетсиз экенин айттй.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп да айтты: акыркы жылдары бир топ тышкы саясат катага жол койду жана 2003-жылдагы Ирак согушу буга «жаркын мисал», деги башында согушту колдоп жүргөндөрдүн көбү азыр бул оор жаңылыштык эле деп моюндашкан.

Мындай каталардын кесепетин шилтемелеп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мында эч кандай шек-күмөн жок, мындай адилетсиздиктер дүйнөдөгү тынчтыктын пайдубалдарын талкалап салган жана ИГИЛ сыяктуу террористтик топтордун тамыр алып, өсүп чыгышына жол ачкан. Эми ушул топтор тек мусулман дүйнөсү үчүн гана эмес, бүткүл адамзат үчүн коркнуч болуп калган».

2016-10-31-ca-york-university-008

Ал Азирети мындай деди: дүйнөдөгү ири күчтөр мурун кетиришкен каталарынан кандайдыр бир сабак алгандыгы байкалган жок жана каржылык стимулдарга кандай артыкчылык берилип, адеп-ахлак жана адилеттүүлүк ары жакка коюлуп жаткандыгын курал-жарак соодасынын мисалы катары айтып берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бир топ Батыш өлкөлөрү үзгүлтүксүз Йемандагы элди бутага алуу үчүн колдонулуп жаткан курал-жарактарды сатып жатат. Эч бир мусулман өлкө кеңири деңгээлдеги коркунучтуу куралдарды ири санда чыгаруучу завод-фабрикаларга ээ эмес, ошондуктан алардын бирден-бир булагы Батыш дүйнөсү гана».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ал тургай, Батышт жазуучулары жана комментаторлору эл аралык курал-жарак соодасындагы эки жүздүүлүк менен адеп-ахлаксыздык жөнүндө сөз кылышкан экен, бирок качан ошондой сатуулар тууралуу суроо берилсе, бийликтер ошол суракка көңүл бурушпайт же алдын ала негизсиз болгон нерсени актоого аракет кылышат. Алардын баары өздөрүнүн чектери өтүп, миллиарддаган сумманын өздөрүнүн улуттук бюджеттерине кошуларына гана көңүл бурушат».

2016-10-31-ca-york-university-009

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кыскасы, акча сүйлөшүүлөр жана адеп-ахлактар көрүнбөй калды. Мындай шартта жер бетинде кантип тынчтыкка жете алабыз?»

Ислам дининин адилеттүүлүк жөнүндөгү өлчөмдөрүнө ишаарат кылып, ал Азирети Ыйык Курандын 4-сүрөөсүнүн 136-аятын мисал катары келтирди, ал аят момун-мусулмандардан чындыкты жана адилеттүүлүктү жактоо үчүн өздөрүнө жана өздөрүнүн жакындарына каршы күбөлүк берүүгө да даяр болушу керек деп талап кылат.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Ыйык Курандын 5-сүрөөсүнүн 9-аятын да мисал катары келтирди, ал аят мындай деп айтат:

«Жана эч бир коомдун душмандыгы силерди эч качан адилетсиздикке баштабасын. Адилеттүүлүк кылгыла, бул такыбага эң жакын».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул Ислам дини жактаган адилеттүүлүктүн эң бийик өлчөмү, демек эгер бүгүнкү күндөгү мусулман өкмөттөрү бул таалимди ээрчибесе, анда бул өздөрүнүн эле айып-кемчилиги.  Демек, алардын жаман иштери үчүн Ислам динин күнөөлөө толугу менен адилетсиз жана туура эмес иш».

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгерде биз чын жүрөктөн тынчтыкты кааласак, анда биз адилеттүүлүк менен иш тутуубуз керек. Биз тең укуктуулукту жана адилетти баалашыбыз керек. Ислам дининин Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) өтө эле кооз сөздөрдү сүйлөгөндөй, биз өзүбүз үчүн эмнени жактырсак, башкалар үчүн да ошону эле жактырышыбыз керек. Биз кандай ынталуулук жана чечкиндүүлүк менен өз акы-укуктарыбызды жүзөгө ашырсак, кудум ошондой башкалардын акы-укуктарын да жүзөгө ашырышыбыз зарыл. Биз горизонтторду кеңейтүүгө, ошол эле учурда биз үчүн гана эмне туура экенин эмес, бүткүл дүйнө үчүн эмне туура экенин карашыбыз керек. Бул доорубузда тынчтыкты өрнотуу каражаттары болуп саналат».

Йорк университетинин проректору, Грег Сорбара мырза жана Онтарионун изилдөөлөр, инновация жана илим министри, Реза Мориди мырза аземди алып барды.

Анын тарыхый кайрылуусунан мурун Сорбара мырза менен Мориди мырза экөөсү тең сахнага чыгып, ал Азиретин Йорк университетине кабыл алышты, ал эми Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти Лал Хан Малик мырза да кабыл алуу кайрылуусун жасады.

Йорк университетинин проректору, Грег Сорбара мырза мындай деди:

«Канададагы Ахмадия Мусулман Жамааты ургаалдуу миссиясы менен өлкөдө  тез жайылып жаткан бир уюм, ал дүйнө жүзүндө угулушу керек, ошондой эле тынчтыктын жана «сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» дегендин миссиясы болуп саналат».

2016-10-31-ca-york-university-010

Реза Мориди мырза мындай деди:

«Биз да бактылуубуз, мусулман дүйнөсүндө бизде Азирети Мырза Масрур Ахмад сыяктуу лидер бар, ал киши өзүнүн таалимдери, өзүнүн китептери, өзүнүн кутбалары жана жолугушуулары менен мусулман дүйнөсүн башкарып жатат. Ал киши тынчтыкты үгүттөйт, бир туугандыкты үгүттөйт, бардык адамдардын тең укуктуу экенин жактайт жана биз да ал Азирети сыяктуу лидерлер бар экендиги менен бактылуубуз».

2016-10-31-ca-york-university-011

Аталган аземден мурун жана кийин ал Азирети Сорбара мырза жана Мориди мырза менен жекече жолугушту.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

Чектеш темалардын мазмуну
Share via